АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
Көздөн учкан ак кайык
Андан бери үч жыл өттү. Мен кайра шаарга көчүп келгем. Айылда чыдап бир жыл араң жашадым. Айылда туулуп-өскөнүм менен, жат болуп калыпмын. Алган билимим да, үйрөнгөн кесибим да айылга ылайыксыз экен. Же мугалимдик, же трактористтик жумушка жарабайм. Айыл эли боорукер эмеспи, сыйлап турушту. Бирок жыл маалы эле сый боло бермек беле, ар кимдин өзүнчө тирилиги бар. Эл тирилигин кылып жатса, солдоюп көчөгө жалгыз батпайт экенсиң. Өндүрүш бригадасына эсепчи бол деди. Мунусу сый эмес эле. Бирок ага да эбим келбеди. Анан алардын да айласы түгөндү, өзүм да мүңкүрөй баштадым. Эр болуп үй бакпасам, билимдүү болуп жумушка жарабасам... «Кой, – дедим өзүмө, – алдыга кеткендердин чаңында жүрсөм да, шаардагы жолума кайра түшөйүн». Жылдызынан адашкан жолоочудай болуп, кайра шаарга көчтүм. Турмуш кенен да: бир коңулунан кызмат, бир бурчунан баягыдай квартира таптым. Өз башыма өзүм мээнет үйгөн жаным, ушинтип жашоону кайра баштадым.
Эмнегедир былтыртан бери оорукчал болуп кеттим. Ошол үчүн бу жайда бир ай көлгө келгем...
Кече күнү ойдо жок жолугушуу болду. Көлдөн чыгып, кумда жаткандарды аралап келатат элем. Бет алдыман бир келин оро-пара боло берди. Күнгө денеси тотугуп калгандардын арасында ал аппак эле. Жанында жигити бар, анын эти да тотуккан. «Жаңы келгендерден го... Жаныбарым, жакшы мал экен»,– деп эркекчилигим менен ичимен жымыйып койдум да, ошол замат кандайдыр кылт түкшүмөлгө жүрөгүм солк этти: «Ошолбу?.. Кайдан...» Өтө берип кайра кылчайсам, келин да жалт бурулуп карап калган экен. Көздөрүбүз урунуша калып, жүрөгүм титиреп кетти. Ал да мендей болдубу, көзү жалжылдады. Бирок жигити шаштырып:
– Жүрө берсеңчи коомайланбай, жаңы чечингенде дайым ошондой болот,– деп нары ээрчитип кетти.
Мен ордумда селейип, артынан карап турдум. Ал кайра кылчая албады, бирок дагы бир карагысы келип баратканы аппак далысынан билинип баратты.
Мен катуу толкундандым. Бир аз турдум да: келиндин караанынан көзүмү албай, ошол турган жериме отурдум. Тооба, мындай жолугушуу болот деп мен эч качан үмүттөнгөн эмес элем. Анын качанкы бала кездеги апакай банттуу элесин гана кээ кездерде эстеп калганым болбосо, даргөйүмөн биротоло чыгып калгандай эле. Эми карачы...
Жигит аны колдон алып, сууга киргизди. Келин да мендей абалда болдубу, анысын билдирбеске каткырып күлгөн болуп башын чайкап кылчактап, жээктеги эл арасынан мени издеп калып жатты. Мен отуруп алганга ага көрүнбөдүм окшойт. Сөздөрү даана угулбаса да, күлкүлүү үндөрү жетип турду. Жигит аны улам тереңге тарткылап, өзүнчө жыргап баратты. Келин сыр билгизип, анын көңүлүн сындырбаска шаңкылдап күлүп, башын чайкап толгонуп, бери боло калганда эл арасын жалт-жалт карап жатты. «Унутпаган экен» – деп ойлодум. Жүрөгүм элжиреди. Жигитинен бөлүнүп, тезирээк чыгып келсе деп шашып отурдум. Келин да аны ойлоп, бирок жээкке бир келбей жатып жигитин жалгыз таштап, башка бир таанышына ашыкканы адамкерчилик болбой каларын дагы ойлоду окшойт, суу көкүрөгүнө жеткен тереңде жигитти мойнунан кучактап, аптыгып күлүп турду. Эми ал жанагысындай жээкти улам карай бербеди. Мен ызаландым. Кайра ойлодум, балким, так ал мен ойлогондой ойлогон эмес чыгар, мен өзүм эле каалаганымы чындык кылып жаткандырмын. Буга ого бетер ызаландым...
Салима! Салима!.. Чын эле ушул сенсиңби? Теңге чөпкө конгон ак көпөлөк тариздүү татынакай, кичинекей, апакай кыз сен белең. Алтынчы класста экөөбүз бир партага отуруп окубадык беле?.. Балдар бизди бирин бири сүйөт деп тамашалачу эле. Ага арданчу элек, айрыкча мен... Ортобузда чын эле кандайдыр сезимтал жакындык бар эле. Бирок аны сүйүү деп оюбузга да, оозубузга да алган эмеспиз. Ал бир өзүнчө жүрөктүн толтосун ысыткан жагымдуу сезим эле... Ошол Салима сенсиңби?.. Сен шакылдаган ачык-айрым, бажырайган бото көз, күлгөнү да, ыйлаганы да (ооба, бир ыйлаганын билем) сүйкүмдүү кыз элең. Мен болсо, сезимдерин ыйык көрүп ичине терең каткан, сага да айткысы келбеген, түнөргөн кара бала элем. Ошол Салима сенсиңби?.. Бирин бири сүйөт деген балдардын тамашасын шылдың көрүп корунуп, ал кордуктан кутулуш үчүн, мен бир жолу сага орой айттым. Сен бакырайып тиктеп алып, анан ыйлап жибердиң. Ошол түрүңдү көрүп алып, кайра жети өмүрүм жерге кирген. Баарыңар тарап кеткиче, ээн жолдо эңгиреп жалгыз отурупмун...