АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Андан кийин экөөбүз жолуктукпу же жокпу, билбейм. Бирок мен жолугууну каалаган эмесмин. Анткени өз күнөөмү мойнума алышка батынбагам, сенин жүзүңү кайра көрүштөн жүрөксүнгөм. Ошол күндөрдүн биринде сенин туулган күнүң болмок эле. Сен мурда мени чакыргансың. Мен эмне белек алпарарымды билбей жүрсөм, апам эки тал чийге кызыл-тазыл жибек ороп, куурчак жасап берген, ошону алпар деген. Апам сени билчү, атүгүл экөөбүздү бирибиздикине бирибиз катташып, баш тийиштирип бир отуруп сабак окуганыбызды билчү, эми ойлосом ошого апамын ичи жылып, жетине албай жүргөн белем. Алиги куурчакты ошол үчүн жасап берген тура. Ага мен уялып... Анан силер көчтүңөр. Көчөр алдында сен биздикине келипсиң, мен жок элем. Келсем апам айтты. «Эмнеге барбайсың, белегиңди али берген жоксуңбу?» – деп жемеледи. Сенин көчөөрүңдү укканда мен коркуп кеттим. Куурчакты алган бойдон жүгүрдүм. Көчөнүн башына жеткенде жүгүңөр салынган машина айылдан чыга берди. Жүктүн үстүндө сен, папаң экөөң (шаарда өскөндүк кылып атаңы «папа» дечү эмес белең) отуруп баратканыңарды алыстан көрдүм. Чымын-куюн болуп артыңардан жүгүрдүм. Бирок машинага жетмек кайда, көчөдөн чыккан жерде машинанын чаңына аралашып кала бердим... Ошол Салима сенсиңби?..

Жүрөгүм ооруп кетти. Күн куйкалап баратат. Жигити таанып коюптурбу, Салимага жакыныраак барып сууга түшөйүн дедим да, кайра айныдым: Салиманы кысынткым келбеди. Ордуман жылып, телпектин көлөкөсүнө отурдум. Аңгыча Салима да жигитинен бөлүнүп, бери карай көл жиреп басты. Ал үшүдүм дегенби, жигити артынан кыйкырганы угулду:

– Салима, көлөкөгө отур, сразу күнгө күйбө!..

Салима ага кайрылып баш ийкеди да, аппак денесинен суу тайгаланып, пери өңдөнүп көлдөн суурулуп чыгып келатты. Мен апкаарый баштадым. Жана алактап байкаган эмес экем, карап отурдум: мүчөсү көрктүү келин болуптур, келин курагына ылайык саал толуңку; анысы ого бетер сулуу көрсөтүп, маңкаят... Ал көзү менен эл арасынан (кыязы, мени) издеп жээкке чыкканда ордуман турдум. Ал көрдү да, түз мага баспай башка телпектин түбүнө кетти. Кыз кезинде мектептин тегерегинен же жолдон көрө калса: «Ай токточу...» – деп, башка кыздардан бөтөнчө аппак алжапкыч, апакай бантчан шакылдап жетип келчү эле. Анда мен: «Балдар көрсө дагы тамаша кылат, эмнеге келатат», – деп кысынып турчумун. Азыр каалап турганымда антип түз келбей, буйтап басып кеткенине ичим ачышса да, байыстуулугуна ыраазы болдум. Ал бош телпек таап, көлөкөсүнө отурганда жанына бардым. Жүрөгүм лакылдап, көмөкөйүм кургап кетти.

– Салима... Саламатсыңбы, Салима, – дедим аптыгып. Ал эндүү сүлгү жамынып, тизесин кысып, нары толгоно чачынын суу болгон өрүмүн сыгып, отурган экен. Менин барарымы билип, күтүп, көкүрөгү көтөрүлө өрөпкүп отурган окшойт. Курулай каада кармап таанымаксан болбоду, үнүм чыкканда жалт бурулуп, ичтеги толкунун баса албай жалжылдай тиктеди да:

– Сенсиңби? – деди.

Анан толкундап көл бетине көз жиберди. Мен да көлдү карадым. Жигити нары карап сүзүп бараткан экен. Эмнеден сөз баштоону билбей аптыгып калдым.

– Кандайча?.. – дедим мукактана.

Ал түшүндү, абалымы сезди. Ушунча жылдар бою көрүшпөй, көрүшүүнү ойломок турсун, унутушуп баратканда жолуксаң, мурдагы күнү көргөн таанышың менен сүйлөшкөнсүп жөнөкөй ал-жай сураша албайт экенсиң. Же ысык кучакташып калар да жөнүбүз жок эле. Башка сөз керек болду, аны мен таппадым. Бала кездеги мамилебизди тапатандан эскерте кетүү ылайыксыз болду. Табиятында эркектен сезимтал болгону менен тар жерден жол тапкан аялдардын эпчилдиги мына ушундайда жардамга келет. Салима менин элесимде аппак бантчан, бакыраң көз кичинекей кыз бойдон жүргөнү менен, бу кезде эс токтоткон келин болгонун азыр байкадым: менчелик эле толкундап отурганы сезилип турса да, анысын басып, ортобузда эч кандай ылымталык болбогон сыңары, азыр гана таанышып отурган кишиче:

– Кайда иштейсиң? – деп жөпжөнөкөй сурады.

Мен ушинтип андан сурасам, балким, тоңдоосун чыгар беле. Бирок Салимага таарынбадым, кайра туюктан чыгарганына ыраазы болдум.

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.