АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
Бу жерге бир топ эс алдым. Канткен менен аябагандай эле бийиктеп кеткен экен. Асман жети катар болсо, төмөнкү катары ушул го. Те алыстагы бөксө тоолор Куру-Көңдөй, Бабакан козу жайчу дөңсөөлөрдөй жапыс көрүнөт. Аралап жүргөндө алар да асман тиреп турчу эле. Береги Кызыл-Таш түбүнөн караганда баш кийимиң түшчү эле, эми бут алдымда жатат. Жанагы обологон бүркүттөр деле ушу бийиктен өттү окшойт. Жердин шамалы чаң бырыксыткандан башкага жарабайт. Бу чокунун шамалы өгөө болсо керек, мен сүйөнүп турган аскалар окчунураактан караганда жылмакай көрүндү эле, эми таянсам майда-майда тикендери алаканыма өтүп, жалама бетинен бассам өтүктүн таманы чып-чып жабышып, сыйгаланбайт. Нечен кылымдар бою көзгө илешпеген кумдар менен ургулай берип, шамал биротоло чегип койгон белем.
Аскалардан ары аз эле калды окшойт, кычыктарын аралап өргө тырмыштым. Бир аз чыга түшкөн соң аскалар түгөндү да, шагыл аккан куйга туш келдим. Куйдун аркы бетинен көк жалтаң зоока көрүндү. Биротоло чарчап бүткөн элем, тизем титиреп бир азга эмне кылышты ойлоп туруп калдым. Мындай камакка кирип кетерим ойго келген эмес. Эмне кылыш керек? Наркы беттеги зоокага адам түгүл кийик өтө алар эмес. Артка кайтканда деле жанагы аскалар, аларды жармашып тике чыгып кете албаган соң ушинтип капталдап келдим. Бир азга акыл токтотуп карап турсам, наркы беттеги зооканын өйдөрөөк жагынан кысык көрүндү, кадыресе атчан адам баткыдай. Куйдун таманын өрдөп ошого жетсем, андан ары дагы бирдемеси болор дедим. Капталдап кадам шилтедим. Шилтедим да шагыл көчүп, мени төмөн аласалдырып кеткенде жүрөгүм оозума тыгылды. Далбасалап тура калып, мылтык менен дүрбүнүн мойнума чырмалышкан боолорунан бошоно албай карбаластагыча шагыл акырын көчүп, мени жанагыдан он метрче дагы төмөн түшүрүп кетти.
Тик куйдагы шагыл минтип араң турганын ойлогон да, билген да эмес элем, төрт аяктап эптеп таканчыктап туруп, алды-артымды карансам: мен баскан жердин үй ордундай шагылы жарылып, мени ала көчүптүр, төмөн дагы элүү метрче сыйгаланып барсам, андан ары шаркыратма өңдөнүп шагыл куюлуп турган туңгуюк кургуйга уча турганмын. Мына ушунда жаным көзүмө көрүндү. Боюму түзөй албадым, кыбыр этсем шагыл көчкөнү турат. Эми көчсөм мени жумалактай ылдый алып кетери бышык. Аза боюм титиреп, эки жагымды жалдырай карадым. Жардамга келчү жан жок. Тайган жанагы мен алгач куйга кадам шилтеген жерде чочоюп отурат. Ал азыр да мага күлүп отургансыды. Ал менден жыйырма-отуз метрче жогору калыптыр. Демек, бир кадам шилтегенде шагыл мени ушунча алып түшкөн экен да. Кыбыроодон корктум, атүгүл кыйкыруудан да корктум: кар көчкүсү менен жер көчкүсү жаңырыктап деле жүрүп кетет дегенди уккан элем, ошол эске түштү.
Бирок жардамга келе коёр жан жок болсо да, аска-зоолорду жаңыртып кыйкыргым келип турдум. Адам айласы түгөнгөндө кыйкыргандан, ага алы келбесе онтогондон башка амалы калбай калат окшойт. Бүткөн бойдон муздак тер кетти. Аскаларды жалмалаган шамал шуу-шуу деп, эки зоонун ортосу адепки жапан кезинде турду. Бул кебетеси мени кечегичилеп толкундатпай, эми жандан түңүлтүп коркутуп жатты. Шамал шуу-шуу десе, аскалар кошо шуулдап, жер үстүндө адамзат жарала элек кездеги доошу сыяктанып, жүрөктү үшүтөт. Учуп өткөн баренде көрүнбөйт. Же чымын, же чегиртке өңдүү макулук да жок тегерегимде.
Те төбөдө күн турат. Ал эмне кылып турат, анын нуру жылытабы, же үшүтөбү, мага таасирсиз. Анткени күн да мага кайдыгер карайт. Башка тарап бүт мупмуздак, бүт таш... таш... Таштардын арасында төрт аяктап, бир кубулуш күткөндөй жалдыраган мен...
Кайда баягы турмуш жөнүндөгү ойлор, кайда баягы максаттар, ушундайда келбейби, жардам бербесе да көңүл алаксытпайбы? Жок, алардан дарек жок, баары мени кыйынга таштап коюп, кетип калышты. Бир гана тайган, байкуш ит, асыл итим, ошол мага жардамга келатты. Абайлап жатып араң тизеледим эле, жогору жак шырп дей түштү. Коркуп селт карасам, тайган ордунан жылган экен. Менин изиме салып, шагылды дагы көчүрөбү деп, жаным чыгып кетти. Бирок тайган менден акылдуулук кылып, аскалардын түбүндөгү билектей кагын жер менен бураңдап мага бет алды. Эреркеп кеттим, сүйүнүп кеттим. Азыр чоң көчкү жүрүп, мени кошо ала кетсе да кайыл болуп, үн чыгара: «О, тирүүлүк!» – деп жибердим. Тайган менин тушума оро-пара келди да, кантип жетем дегенсип, белчемен шагылга батып отурган мени тиктеп туруп калды. Үрбөдү, жаланбады, акактабады, бардык иттик белгилерин таштап, мени камоодон кантип куткарып аларын билбей турду. Аны тиктеп, төрт аяктап жалдырап мен турдум...