АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
– Сен көп керсейбей, башкалардай эле жүрбөйсүңбү!
– ?..
– Баягы күнү мен бир кишиге кирдим, ал экөөбүз жакшыбыз, сени өйдөрөөк кызматка алууну айттым. «Кандай жигит өзү!» – деди эле, мен байкабай: «Абдан честный...» – деп жиберипмин. «Андай немелерди семиртип койсоң, кайра өзүңүн оозуңду каңдачу эле», – дейт.
– Кызык экен, – башка сөз оозума кирбеди.
– Сенин сыртыңан кам көрбөй жүрөт дейсиңби мени. Билем, чоңоюп алды, теңсинбейт деп ойлойсуң. Жок, жолдош... Бирок ошондо мурунтан ойлоп койбой, чынын айтам деп сөзүмөн алдырып койдум. Эмки жолу антиш жок. Анан калса сен да кичине ийкемдүү болсоң боло. Принцип деп кашая бергениң менен курсагың ачып турса, эмненин принциби. Алдуу болгончо алаганыч бол, күчтүү болгончо күлөганыч бол деген...
– Колуман келбесе кантейин.
– Колуман келбесе... Ниет кылсаң...– турмуш өзү эле үйрөтөт. Акылдуунун бир аты – куу, жамандын бир аты – жоош дейт. Акылы болбосо куулукту кантип жасамак. А жоош неме куулукка кудурети жетпеген соң, принцип деген болуп бирдемеге жармашып алат. Алы жетпеген акыретчил дегендей кеп да...
– Сен мени жемелеп жатасыңбы?
Менин коруна түшкөнүмдү сезип, Кадыралы күлүп жиберди.
– Бир райондун чоңу майрамда өкмөттүн эсебинен салтанат-той өткөрүп жатып, акырын айтат дейт: «Билбегенге майрам, билгенге атамын ашы» – деп. Ошонун сыңары да... ойлонбосоң – жеме, ойлонсоң – акыл.
«Атаң көрү ээй, өскөн экен», чын эле таң калдым.
– Токтот, түшөм!
– Эмне?
Кадыралы кайрадан баягы студент, анан коңшу кездеги ак пейил теңтуштугу менен күлдү.
– Ой, жаман десе, жок, жок, жоош десе... Ха-ха-ха!..
Кадыралынын мени сыпаттаганы чын болду, мен ошерден түшүп кала албадым, анын эркине моюн сунуп, аний дебей бара бердим.
Оболу аэропортко бардык. Кадыралынын начальниги курортко жөнөп жатыптыр. Узаткандар бир топ экен. Обол мурун бири ресторанга кирүүнү сунуштады. Жок, аерден көзгө чалдыгабыз, тыякка, бактын арасына баралы деди бөлөгү. Аныкын туура табышты. Анан баарыбыз бак аралап кеттик. Самолёттун учарына дагы бир сааттай бар эле, начальник «уйкулук» деп, беркилери жөнөткөнүбүз деп, ортого коньяктар толуп кетти. Ал ден соолугун оңдоп келиши үчүн, көп тосттор көтөрүлдү. Баары ичип жатты, бир киши гана ичпеди. Оорукчал окшойт: ичкилик ага жакпасын башкалар да билет экен, көп кыйнашпады. Арык киши: «Сиздин ден соолугуңуз үчүн», – деп бир тостту көтөрттү да, ооз тийип, кайра койду. Аздан соң баары кызый баштады. Ошондо алиги оорукчал арык кишиге мүшкүл түштү. Кадыралы бул чөйрөдө да өтүмдүү окшойт, адатынча тамашага салып:
– Ой, Маке, бизди сыртыбыздан сындабай, бирди алып койбойсуңбу? – деди.
– Жок, жок, айтпадымбы...
Араң турган башкалар жаалап кетти:
– Ал эми, бирден эчтеке болбойсуң.
– Кана, колуңа эле кармачы.
– Бирди алып кой, бирди...
– Жумаш Сакеевичтин урматына...
Арык киши кыйылып болбоду. Ошондо начальник Жумаш Сакеевич стаканды кармап келип, арык кишини ийинден капшыра кучактады. Ал да абдан тамашакөй киши окшойт:
– Ушу мен бараткан самолет авария болуусун каалайсыңбы? – деп карс-карс күлдү. Анан стаканды арык кишинин колуна карматты. Арык кишинин айласы түгөндү:
– Узак жолго чыгарда... антип айтпаңыз да... Болуптур, эмесе аман-эсен жетип, жакшылап эс алып келишиңиз үчүн...
Бак ичи дуулдап, баары арык кишини мактап жатып калышты. Анан дагы ичишти, дагы ичишти. Арык киши да тартынар жер калбады, бирден кийин бир нечени көтөрүп салды. Кубаты жок неме бат эле темтеңдеди.
Самолёт учту, Жумаш Сакеевич жөнөкөй киши экен, баары менен өбүшүп коштошту. Ичкиликтен дагы калды эле, узаткандар чогулуп кайрадан ичтик. Мен да ичтим. Мен да кызый баштадым. Мен да Кадыралыдай шайыр, ачык болгум келди, боло албадым окшойт, анткени менин сөздөрүмө эч ким деле күлгөн жок. Анан чындап эле мас болуп калыпмын. Кеч күз маал эле. Чыйрыккандан акыл- эсими жыйнасам, ээн, караңгы көчөдө баратам. Саат он бир, же он эки болуп калса керек, жүргөн машине көрүнбөйт. Көрүнсө түшүп кете аламбы деп сыйпаласам, бир тыйын акча жок. Эстедим: иштен чыкканда эле жок эмес беле, ошол үчүн үйгө жөө кетип баратып Кадыралыга жолукпадым беле... Кадыралылар кантип кетти экен? Эстей албай койдум: жана алиги арык киши экөөбүз кучакташып турбадык беле. Анан эмне болду? Арык киши айтып жаткан: