АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
Ушинтип, оболу бири-бирибизге үзүк-үзүк суроо беришип, анан акырындап сөзгө кирдик. Салима азыр үй-жайлуу болуптур. Тиги көлдөгү жигит күйөөсү экен, бу биз жаткан санаторийде эс алып жатыптыр. Эки балалуу болуптур. Азыр үй-бүлөсү менен Пржевальскиде турат экен. Ошол шаардагы пединститутту бүтүптүр. Өзү азыр шаарда экен, күйөөсү менен учурашып кетүү үчүн бүгүн келиптир.
– Эмне, кайра кайтасыңбы?
– Эртең.
Ичимде бир сезимдин кылы үзүлүп кетти. Сөзүбүз кошо үзүлдү. Экөөбүз тең тунжурап көлдү тиктедик. Күйөөсү бери карай сүзүп келатыптыр. Салима оңтойсуздангандай ордунан козголуп калды. Мен жанынан турдум. «Күйөөң кызганчаакпы?» – деген суроо тилимин учуна келе түштү, кайра тиштендим: ушундай асыл туткан адамымдан антип сурашым арсыздык болор эле, аны орусча «пошлость» деп таасын айткан. Коштошподук, дагы жолугушабыз деп убадалашпадык, жүрөгүм өйүй тартып четтеп басып кеттим.
Ошо бойдон Салиманы кечки тамакка барганда көрдүм. Мурда элес албапмын, күйөөсүнүн столу биздикинен алыс эмес экен. Салима экөөбүз көз кыйыгыбыз менен бири-бирибизди көрдүк да, экинчи карашпай тамак ичтик. Күйөөсү мындагы тамакты начар даярдашарын наалыппы, же башка нерселерденби, тез-тез сүйлөп жатты. Салима ага туш келди баш ийкеп коюп, кээде укпай калгандай күйөөсүн тиктейт: анын ою башкада болуп отурду. Тамактан кийин көрө албадым. Издеген да жокмун, жок нерседен күйөөсүн шек алдыргым келбеди. Эч жакка чыкпай бөлмөдө жаттым.
Ал түнү көпкө уктабадым. Ардемелер ойго түшүп, өткөн өмүр кайрадан элестеп, жүрөгүм ооруп жатты. Адатынча оюм менен жүрөгүм эки жаат болуп алып, жаакташканга кирди. Ал экөөн жараштыра албай, жараштыргым да келбей, тыянагы эмне менен бүтөрүн билгим келип, өзүм ортодо болдум.
«Эмне үчүн мен ушундай жаралгам? – деди жүрөк өзүнчө сыздап. – «Курдаштардын тамашасынан корунуп, бала күнүмдө Салимадан айрылдым. Балдар Салимага жетпегени үчүн ошентишти, а мен колумдагы ырысымды төктүм. Бул эмне, мүнөзбү, же табиятымбы?»
«Табиятыңан начарсың» – деди ой дароо.
«Эмне? А-а, сен белең, куукаптал. Сенин айтарың ошол да. Кычыткың бар эмеспи».
«Мына, чынын айтсам ызалана баштадыңбы! Ушунуң үчүн начарсың. Болбосо качанаак аталат белең. Шаарда окудуң, шаарда иштеп калдың. А кезде окууну бүтүп, каалагандын баары эле шаарда кала алчу эмес. Сен иштеп жүрдүң, бирок башкаларчылап жашоо үчүн күрөшө албадың, айылга качып бердиң».
«Аның ырас,– деди жүрөк, – бирок мен жашоодон эмес, кошоматчылыктан, карөзгөйлүктөн качтым».
«Койсоңчу, – деди ой ого бетер кыжырын келтирип, – баягы жел ооз сөздөрүң кала элекпи. Эсиңдеби, институтту жаңы бүткөн кезде сен өзүңдү ким көрдүң эле? Бу дүйнөнүн аруулугу үчүн жаралган жалгыз өзүң сыяктуу жүрчүсүң. Бу дүйнөгө кандай периште болуп келсең, элдин баарын өзүңдөй кылып тазартып, анан кетчүдөй ойлочусуң. Кийин Кадыралылар жер үстүндө шаңдуу жүрүп, сен аларга теңеле албай, алардай жашай албай мүңкүрөй баштаганда турмуштагы ордумду айылдан издейм деген жок шылтоо менен өзүңдү алдап, качып жөнөдүң.
Ыраспы?» «Ырас. Бирок ойлосоң да, тайкы ойлоносуң. Мен бу дүйнөгө курсак тойгузуп гана жыргап өтөйүн деп келген эмесмин...»
Ой анын сөзүн бөлдү:
«Мунуң эски сөз. Качканыңы айтчы, начарлыгыңанбы?»
«Жок, мен Кадыралылардан жийиркендим...»
Ой адатынча үстөмөндөп алды:
«О-о, кайраным, дагы эле өзүңдү өзүң алдап жүрөсүңбү! Оозуң барбаса мен айтып берейин: Кадыралы максатына жетиш үчүн адамдар колдонуп жүргөн бардык амал-айлаларды колдонду. Ал утту. Андайларды күчтүүлөр дейт. А сен, андайлар менен күрөшүп, дүйнөнү тазалап кетчү сен, аларга теңтайлаша албадың, жеңилдиң. Жок, күрөшүп жеңилген да жакшы, сен күрөшө албадың, күрөштөн жүрөксүп качтың».
«?..» – жүрөк өйүп турду.
«Анан айылга барып эмне таптың? – деп ой биротоло желкелеп алды. – Эчтеме? Айылдагы эл жашабай эле, ак шоокумдун ичинде ырдап жаткандай ойлогонсуң. Барып көрсөң, аерде да күрөш бар экен. Эсиңдеби, баягы түлкү заңдап кеткен кулжанын куу башы? Сен ошо болдуң. Дагы ошол алыңда мергенчилер кылымдардан бери басып жүргөн жолду жерип, аскадан өзүңчө жол издедиң. Анан эмне болду?»