АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
«Жок, жок, ой, тантырап баратасың. Чабалдык кылсам кылгандырмын, бирок өзүнчө жол издөөнүн эч жамандыгы жок».
«Жакшылыгың ошо асканын арасында өлүп кала жаздаганыңбы?»
«Өлүп калышка да болот. Жаңы жол издеш деген күрөш, бири өлсө экинчи бирөө табат...»
«Анан өлө турган болгондо итке жалынат дечи?..»
«Ажыкыстанба. Ой болгонуң менен ага акылың жетпейт. Сен ойлогон Кадыралынын күрөшү күрөш эмес, жанбактылык».
«Бирок ал күчтүүлөргө кирет. Өзүң айткансың. Эсиңдеби? Баягы аэропорттон кызуу кайткан түнчү?..
«Арам күчтүүлөргө кирет де!..»
«Макул, арам эле болсун. А баягы Туюк-Төрдүн оозунда жатып көргөнүңчү. Саятчыга аркар алып өткөн эки бүркүт эсиңдеби?»
«Алар кандай күчтүүлөр?»
«Мен бүркүттөрдүн бийиктигине, адилдигине суктангам...»
«Адилдиги ошобу, сен көздөгөн бейкүнөө аркарды алып кетти го...»
«Кадыралың карышкырга окшош, тийсе кырып кетет. А бүркүт асылдарга кирет, алса бирди гана алат, бүлгүн салбайт. Айырмасы бар бекен?»
«Анан сага окшогондор Салимасынан айрылып, жел кыялы менен кур жалак калат дечи?»
Жүрөк эриксизден күлдү:
«Оңбогон митаамсың ээ, ой?..»
«Ээ, байкуш жүрөк, сезимиң бар, эсиң жок... Иши кылып аман бол...»
Жүрөк тереңдигиндеги акыйкатын түшүндүрө албаганына ыза болуп, кулжуюп тынч жатты. Ой болсо аны артынан карап, кытмыр күлүп, ойгоо турду.
Булардын талашынан дайындуу тыянак чыкпасына көзүм жетип, мен уйкуга кеттим.
* * *
Эртеси Салима жөнөдү. Күйөөсү автостанцияга жөнөтүп барды. Айлам кетти. Жакшылап бир сүйлөшө албай каламбы деп корктум. Экөөн артынан акмалап, автостанцияга мен да бардым. Салима менин ээрчип баратканымы көрдү, сыр бербеди. Мен да жакын жүрүп, күйөөсүн бушайман кылгым келбеди. Автостанцияда эл көп экен. Салима автобуска түштү. Четтен карап чыйпылыктап мен турдум. Автобуска эл шыкалып толду. Күйөөсү ооздон сүйлөшүп, чарбачыл неме окшойт, тапшырмаларын айтып жатты. Автобус жөнөмөй болду. Мен чыдабадым, түрткүлөп жатып эптеп кирдим. Жөөлөп өтүп баратсам күйөөсү мени карап бүшүркөп тааныды, бирок автобуска түшкөнүмө маани берген жок.
Автобус жүрдү. Күйөөсү калды. Салимага жете албай, артта тыгылышкан жүргүнчүлөрдүн кысындысында бутум жерге тийбей мен бараттым. Автобус жүрө бергенде Салима мени эстей койдубу, терезеден далбастап сыртты, эл ичин карады. Мени издедиби, же күйөөсүнө айтылбай калган сөзү болдубу, билбейм өзүмө жорудум да, ичим жылыды. Эптеп түрткүлөшүп ага артынан жакындай бердим. Жетип ийнине кол койгонумда Салима жалт карады да, сүйүнүп кетти, күлүп жиберди.
– Мен сени калып калды го дедим эле, коштошууга жарабай...
«Коштошууга жарабай» дегени кадимки бакыраң көз, ачык-айрым кыз Салима эле, бирок анысына азыркы келин Салиманын какшыгы кошулуп турду.
– Бир жолу коштошпой калам деп он беш жыл жоготтум, эми коштошпой калсам кайра көрөрүмдү ким билет.
Салима ал кезди эстеди, көзү коймолжуп, жаркылдаган тамашакөй кебетеси өзгөрүлүп, бет алдын ойлуу тиктеп калды.
– Өзүңөн... – деди анан билинер-билинбес кейиш менен.
Кечеки сүйлөшкөнүбүздө кандайдыр сый кармануу бар эле, азыркы кебетесине жүрөгүм лакылдап кетти, кучактап өпкүм келди. Бирок элдин көзүнчө кайдан...
Кучактап өбүү демекчи, ойлосом, кечетен бери бу дүйнөдө Салимадан башка жакын кишим болбогондой жагымдуу ысык сезимде жүрөм. Бирок баягы-баягы экөөбүз кол кармашып жүгүрүп жүрчү бала кезде мен Салимага тике карап, бир жылуу сөз айттым беле? Эстей албайм, ошого өкүнөм.
Автобус бир топ жүрүп алды.
– Эми сен кайда барасың? – деди Салима.
– Билбейм... сени менен жай олтуруп сүйлөшсөм дедим эле.
– Сүйлөшкөндө эмне. Көрүштүк, учураштык, башка эмнени сүйлөшмөкпүз. Же бирдеме өзгөрүп кетмек беле андан. Бала кез өттү-кетти... кайра кайрый алмак белек, – деди Салима бет алдын телмире тиктеп.
– Ошондо да... жөн эле сүйлөшсөк...
Салима мага жүзүн көтөрүп, түшүнгөндөй сүйкүм жылмайды да, башын чайкады. Мен толкундап кеттим.