АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ
УЛУУ ТОО
– Түшүп калчы, кийинки автобус менен кетерсиң.
Салима бир саамга ойлонуп барды да:
– Кой, – деди. – Бекер өзүбүздү кыйнаганда эмне.
Мен эмне кыларымды билбедим, жанында туруп бара бердим. Салима мага жакын да, алыс да болуп көрүндү. Кала бергим келбеди, каерге чейин бара береримди да билбедим.
Далай жерге бардым, улам бир кыштакты мээлеп, жол акымы үч кайталап төлөдүм. Автобустагы жүргүнчүлөр суюлуп, Салиманын жанындагы орун да бошоду. Жанаша отуруп бараттым. Анын денеси денеме тийгенде көңүлүмө өрт кетти. Мен Салиманы өзүмөн купуя чындап сагынып жүргөнүмү ушунда билдим. Ажырап калыш эми ого бетер оор болду.
Салима барар жолдун ортосуна жеткендей болдук. Автобус бир чоң кыштакка токтоду. Жүргүнчүлөрдүн түшкөнү түшүп калып, нары жөнөчүлөрү он беш мүнөт убакыттан пайдаланып, түштөнүүгө кетишти. Салима экөөбүз бакка кирип, жеңил наар алдык да, көлөкөдө аркы-терки басып турдук.
Мындан ары ээрчип бара беришим кажетсиз болду. Алиги сезим: Салима мага эң жакыным да, биротоло кайра колго тийгис жоголгон эң алысым да болуп көрүнгөнү көңүлүмө орноп алып мени кыйнай берди. Ортобузда бала кезде жылт этип өчкөн, кечетен бери гана кайра козголгон мамилебиз жөнүндө кайталап сүйлөшпөдүк. Демейки иштерибизди айтыштык, адрес алмаштык. Ал ортодо он беш мүнөт да өтүп кетти. Автобустан сигнал угулду. Жанатан бери тынчып, атүгүл түңүлгөнсүп калган элем, кайра аптыга баштадым, Салиманы дагы жоготкум келбеди. Эмне дээримди билбей:
– Салима, калчы? – дедим.
Салима күлдү.
– Сен баягы эле бойдон турбайсыңбы...
Ал колун сунду. Мен колун алып, кучактоого өзүмө тарттым.
– Кой,– деди Салима,– таза нерсе таза бойдон калсын.
Муну айтарын айтып алып, жакшынакай көзүнө жаш кылгыра түштү. Мен кайра умтулбадым, бирок ичим куйкаланып, жанында араң бараттым. Бактан чыга бериште коштоштук. Автобуска чейин узатып барышымды ал каалабады, мен да туура көрдүм: баары түшүнүктүү болуп турганда куру сыпайкерчиликтин кереги эмне.
Ошентип, Салима кетти. Жол боюнда мен дагы жалгыз калдым. Тегерегимде эл көп эле, бирок мен ээн талаада барар жагы, издээр максаты жок кишидей ичим эңшерилип, жалгыз турдум.
Ал күнү санаторийге кеч кайттым. Көңүлүм бузулуп, адатымча өзүмөн өзүм чөгүп ичтим. Жалгыз отуруп ичкендерге таң калчу элем, көрсө болот экен. Санаторийге жеткенимде түнкү саат он-он бир болуп калган эле. Тоодон шамал катуулап согуп, асман алай-дүлөй болуп келатты. Көлгө барып бир чөмүлүп кайткым келди.
Жээктеги оттор толкундардын жалында сүрдүү ойноп, көл бетин караңгы түн басып түнөртүп турган экен. Жээк шарпылдап, толкун күчөй баштаптыр. Мен жээкке жакындаганда толкундарга чайпалган жалгыз кайык көрүндү. Кайыктар пирстин түбүндөгү сыпайларга байланчу эле, бул кайык кайдан бошонуп кеткен, же ошол пирс тараптан толкун айдап келгенби, же сейил кургандар бош таштап кеткенби? Кароолчу чал байкуш эртең бир кайыктын кунун мойнуна артабы. Шамал айдап кете электе кайыкты кармап калгым келип, шашыла чечиндим. Бул учурда кайык жээктен жыйырма метрче алыс эле, мен муздай баштаган кум үстүнө чечинип, көлгө киргенче кайык жээктен элүү метрче алыстап кетти. Түрүлүп жөнөлгөн толкунга артыла жыгылып мен да артынан жөнөдүм. Сүзгөндү көп жакшы билчү эмес элем, жээктен сүрүлгөн толкундар удаама-удаа артыман келип, желкемен түрткүлөп, тез алып баратты.
Толкундун кырына чыга бергенимде кайык көрүнөт. Ал жанагыдан да алыстап алыптыр, көлгө сынып түшкөн куштун чалгыны сыңары кичирейип көрүнөт. Муздак суу денени чыйрыктырып эсиме келдим. Кайыкка жетер эмесмин. Аны куусам артынан мен да кайтпай жоголчудаймын. Артыма кылчайсам, жээк кадыресе алыс калыптыр. Күр-шар эткен толкундар мени түнөргөн капкара көл үстүндө чабындыдай чайпап жүрөт. Корктум. Кайра тарттым. Толкун бет алдыдан жүргөндө ага каршы сүзүү кыйын экенин уккан элем, эми өзүм туш болдум. Бат эле көкүрөгүм ачышып, муундарыман каруу кете баштады. Азга эс алып токтоло калсам, толкун мени артка, көлдүн тереңине алып баратканы сезилет. Айлам кетти. Жан талаштым. Толкундарга тике каршы сүзбөй, кыйгачтап сүздүм. Тоого деле тике чыкпай кыялап чыгарды эстедим. Көл үстүндө кыялап, жээктеги отторду карай далбас уруп бараттым.