Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Өчөгүшүп алган бул экөө бир кылымдан бери согушуп атышкандай болушту. Акыры Тултук Беттин жеңилип берери ачык болуп калганда, күтүлбөгөн жерден карс эткен катуу үн чыкты да, Мартиндин оң колу шалдайып асылып калды. Колунун сөөгү сынып кетиптир. Муну баары укту да, эмне болгонун ошол замат түшүндү. Кайратына келе калган Тултук Бет кайрадан жолборстой атырылып,  тапыратып уруп кирди. Мартиндин тобу карап турабы, дароо жардамга умтулду. Соо колу менен чабышып атып, аларга Мартин: аралашпагыла деп кыйкырды, ачуусу менен жанын кашайткан ызадан онтоп, ызырына сөгүнө жалгыз сол колу уруп атты, өзүн өзү унутуп, тапырата сого берди, сого берди. Кулагына тээ алыстан үрөй уча шыбыраган үндөр угулгансып барып, анан кимдир бирөөнүн: «Балдар, бул мушташ эмес! Бирин бири өлтүрүп салат! Буларды ажыратыш керек!» — деген калтыраган үнүн укту.

Бирок алардын бири да экөөнө жакындай алган жок, Мартин болсо сол колу менен улам эчак жанчылып, адам кебетесине окшобой калган, кан менен эт аралаш былжыраган жумшак нерсени былчылдата койгулай берди, бирок ал жоголуп кетпей, тунарыктаган көз алдында кыймылдап тура берди. Ал ура берди, барган сайын дарманы куруп, соккусунун зарпы да акырындап баратыры, кылым согушуп, жүз миндеген жылдардан бери уруп жаткандай сезилди, акыры канга жуулуп, бачагы чыгып кеткен дене көпүрөнүн тактайына шалк эте кулап түшкөнгө чейин урганын токтотподу. Мына ошондо ал өйдө туруп, муундары калтырай, мастай теңселе басты да таанылгыс үн менен кайра-кайра сурай берди:

— Дагы каалайсыңбы? Айт... Дагыбы?

Ал жооп күтө улам-улам сурай берди, анан күтүлбөгөн жерден жолдоштору аны колтуктай сүйрөп, көйнөгүн кийгизип атышканын сезди да эсинен танды.

Үстөлдөгү будильник шыңгырап жиберди, бирок Мартин аны укпай, бетин баскан бойдон былк этпей отура берди. Ал эч нерсени ойлогон да жок. Эчак алыста калган ошол салгылашуу азыр эле болгондой таасир этип, баарын кайрадан башынан өткөрүп жаткандай, ошол түндө Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүндөгүдөй азыр да эсинен танып турду. Бир нече ирмемге тегереги аңылдай түштү. Анан өлүп тирилген арбактай болуп, ордунан шарт ыргып тура калды, чачы маңдайына жабышып, көздөрүнөн от чагылып турду. 

— Мен сени баары сабадым, Тултук Бет! — деп кыйкырып жиберди. — Буга алты жыл кетсе да, бирок акыры талпагыңды ташка жайдым!

Анын башы айланып, буттары калтырап кетти, теңселе басып төшөгүнө жетип отурду. Ал дагы эле өткөндүн таасиринде эле. Эки жакты элейе карап, кай жакта жүргөнүнө түшүнбөй, анан бурчта үйүлүп жаткан кол жазмаларын көргөндө гана эсине келе түштү. Ошондо акыл-эси батыраак иштеп кетип, төрт жылды катары менен зуу койдуруп зымыратып өттү, китептерди, алар ачып берген дүйнөнү эстеди, өзүнүн асман чабыттаган кыялдарын, үлпүлдөгөн жибектей назик, ак жуумал кызга болгон махабатын эстеди, ал кыз жок дегенде бир эле көз ирмемге азыр өзү эстеген окуяларга күбө болчу болсо, жашоонун өзү кечип өткөн ыпыластыгынын четин эле көрсө, үрөйү учканынан жүрөгү жарылып өлүп калмак экенин эстеди!

Ал ордунан туруп, күзгүдөн өзүн дагы бир жолу карады.

— Сен эми, Мартин, ал ыпластан кол үзгөнсүң, — деди ал салтанаттуу түрдө өзүнө өзү, — көзүң ачылып, жылдызга кол сермеп турасың, толук кандуу жашап, кылымдардын баа жеткис мурастарын аларды ээлеп алгандардын колунан талашып атасың.

Мартин кунт коё кайра өзүнө тигилди да күлүп жиберди.

Бираз туталанып, кайгырып да алдыңбы? Мейли да! Мунун коркунучу деле жок. Сен бир кезде Тултук Бетти жеңген элең, — сага андан үч эсе ашык убакыт кетсе да басма кызматкерлерин да так ошондой жеңесиң! Бирок токтой көрбө. Алдыга умтул. Күрөшсөң — акырына чейин күрөш!

 

XVI ГЛАВА

Сааттын кескин чарылдаганы Мартинди катуу чочутуп, ойготуп жиберди, ден соолугу начарыраак киши болсо уйкуга канбай башы ооруп жата бермек. Катуу уктаан экен, бирок мышык сыяктуу ошол замат ойгонду, беш сааттын өтүп кеткенине кубанып да кетти. Уктаганды өлөөрчө жаман көрөт. Анткени кыла турган, аткара турган иштери толтура эле! Ошондуктан уйку уурдаган ар бир мүнөт ага кымбат болчу, будильниктин шыңгыраганы басыла электе эле дагарадагы муздак сууга башын салып жуунуп кирди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.