Жек Лондон
Мартин Иден
— Сен ойноп атат дебе! — Түшүндүңбү? Акырына чейин салгылашабыз! Уктуңбу? Тайсалдамай жок. Экөөбүздүн бири-бирибизде эски карыздарыбыз бар, азыр ошону толук эсептешип алышыбыз керек! Түшүндүңбү?
Тултук Беттин олку-солку боло түшкөнүн Мартин сезди, бирок ал дымактуу неме болгондуктан, топ балдардын көзүнчө шерменде болгусу келбеди.
— Болуптур эмесе, чыксаң чыкпайсыңбы! — кыйкырды ал, — эмне эле какылдайсың, акырына чейин болсо, акырына чейин.
Мына ошондо муштумдарын түйгөн бул экөө жаштыктын болгон кызуу кандуулугу менен жолундагыны уруп, талкалап, майып кылмакка ээленип алган эки жаш букадай бири бирине атырылышты. Адамзаттын узак жана оор жолдо жетишкендиктери заматта бырын-чырыны чыгып кетти. Прогресстин унутулган доорундай болуп электр фонары гана жанып турду. Мартин менен Тултук Бет үңкүрдө, жыгач баш баанектерде жашаган таш кылымдагы жапайы адамдар эле. Алар барган сайын алгачкы жашоонун сазына тереңдеп батып баратышты, бири бирин ар качан өзүнө тартып, кайра эле артка түрткөн, капылеттен кагышкан атомдор сыяктуу бирде тартылыша калып, бирде кайра артка кетип, кагылышып атышты.
— О, Кудай! Накта айбан болгон экенбиз! Эмне деген жырткыч болгонбуз! — бул салгылашууну баштан аяк эстеген Мартин онтоп жиберди. Элестетүүсүнүн чексиз күчү менен ошол окуяны көз алдына кадимки кино көрүп олтургандай дап-даана келтирди. Өзү болсо бир эле учурда катышуучу да, көрарман да болчу. Көп айлар бою жанталаша окуп ээ болгон билими менен маданияты бул жөнүндө ойлонгондо, аны селт этүүгө аргасыз кылып турду; бирок оюн ээлеп алган өтмүшү азыркысын ары сүрүп таштап, ал кайрадан мурдакы Мартин Иденге айланып чыга келди, деңизден жаңы эле кайтып келип, Сегизинчи көчөдөгү көпүрөсүнүн ортосунда Тултук Бет менен салгылашып жатты. Ал соккудан жабыркап, жаны ооруп, канга боёло кара терге түшүп жатса да, муштумдары көздөгөн жерге дал тийип атканына сүйүнүп жатты.
Булар адам эмей эле, бирине бири жапырылган эки куюн эле. Убакыт өтүп жатты, эки топ тең демин ичине ката катып турду. Мындай каны башына тепкен жиндиликти булар көрүшкөн эмес эле, бул алардын үрөйүн учуруп турганы. Алардын маңдайында өзүлөрүнөн да ашып түшкөн эки жырткыч кармашып жатты.
Кармашуунун алгачкы эпкини басаңдап, касташкандар эми абайлап, сактык менен согушуп калды. Бири да үстөмдүк кыла элек.
— Тең чыгышат, — деген сөз Мартиндин кулагы чалып калганы.
Ал кокусунан кандайдыр ыксыз кыймыл жасап жиберген кезде жаагын сөөгүнө чейин жырып жиберген оңбогондой соккуга кабылды. Жылаңач муштум мынчалык катуу уралмак эмес. Мартин дуу эте түшкөн үндөрдү угуп, жаагынан ылдый шорголой аккан ысык канды сезди. Бирок сыр алдырган жок. Анткени ким менен согушуп атканын, андан ар кандай пастыкты күтсө болорун жакшы билгендиктен, ошол замат сак боло түштү. Душманын кылдаттык менен байкап, анын колунан жылтырай түшкөн темирди көрүп калды да, кыябын таап шак колдон алды.
— Көрсөт колуңду! — өкүрдү ал, — сен мени кастет менен уруп жибердиң!
Өкүрүп бакырган, ашата сөгүнгөн эки топ бири-бирине атырылды; дагы бир эле секунт болгондо кандыбулоон түшкөн калаймакан кармаш башталып кетмек да Мартин өчүн ала албай калмак. Ал таптакыр кутуруп кеткен эле:
— Тарт артка! — деди заар доошу менен кырылдап, — баарың артка! Уктуңарбы! Умтулгандар жапырт кетенчиктеди. Анткени булар айбан болсо, Мартин алардан ашкан айбан эле, андыктан Мартиндин жаалы тигилерди шүйшүндүрүп баш ийгенге аргасыз кылды.
— Бул менин ишим, эч кимиң аралашпа! — Эй, сен! Келе кастетти!
Тултук Бет баш ийди, азыраак корко да түшкөндөйбү, катып алган куралын Мартинге карматты.
— Эй, буга кастетти сен бердиң, сапсары болгон энеңди, — сөзүн улады Мартин кастетти сууну көздөй ыргытып жиберип, — биерде кыпчылып жүргөнүңдү көргөм, бирок түшүнгөн эмесмин. Дагы бир жолу кыпчылчу болсоң, өлөөрчө түйрүп таштайм. Билдиңби?
Салгылаш кайрадан жанданды, каршылаштар экөө тең алдан тайып, чарчап бүтүшсө деле аларды тегеректеген, өзүлөрүнүн каничме кумарын толугу менен кандырып, анан мунун арты жамандык менен бүтөөрүн сезип үрөйү учкан жырткычтардын үйүрү аларды урушту токтоткула дей баштаганга чейин бири бирин аянбай төпөштөй берди. Келтектен улам адам кейпинен ажырап, бутунда араң эле турган Тултук Бет буйдала түшүп токтоп калды, бирок Мартин болбой эле кайра атырылып, үстөкө босток сокку узата берди...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.