Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мына ушинтип ал күн сайын жүрөгү үшүп, денеси жанчылганына карабай,  туруктуулук жана чыдамкайлык деген улуу илимди өздөштүрүү менен басмаканын дарбазасына барып, ал жерден өзүн күтүп турган сөөгөчтү душманы Тултук Бет менен беттешүүгө барчу. Тултук Бет деле бул кармашуудан ага окшоп тамтыгы чыгып, шайы ооп калган эле, шыкактаган мобул балдардын көзүнчө уят болорун ойлобогондо, ал келтектешкенди дароо эле жан дили менен токтотуп коймок. Бир жолу жыйырма мүнөткө созулган, кармаштын бардык эрежелери сакталган (бирин бири белден ылдый тийбеш керек, жыгылганды урбаш керек) аянышпаган согушуудан соң Тултук Бет ишти тең чыгуу менен бүтүрүүнү сунуш кылып калды. Муну эстегенде өзүнө ыраазы болгон Мартиндин каны азыр деле дүргүй түштү: айрылган эриндеринен дирилдеп аккан канга какап-чакаган Мартин Тултук Бетке атырылды, сүйлөөгө тоскоолдук кылган канын түкүрүп таштап, тең чыкканга макул эмес экенин айтып кыйкырды, эгерде Тултук Беттин шайы оогон болсо, анда жеңилип берсин деди. Бирок Тултук Бет жеңилип бергиси келбей, мушташ андан ары уланды.

Мушташ эртеси күнү да, андан кийинки күндөрү да кайрадан улана берди. Дайыма мушташаар алдында Мартин оорудан жабыркап турар эле, анан оору өзүнөн өзү жоголуп, маңдайындагы Тултук Беттин уркуюп чыгып турган жаактары менен жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрүн гана көрчү да, жини башка тээп, аянбай согуша кетчү. Өзүнүн болгон дитин ушул тултуйган бетке гана коюп, баары жоктун баарын унутуп калаар эле. Мартинге дүйнөдө ушул беттен башка жек көрүнгөн нерсе жок болчу, качан гана аны биротоло бачагын чыгарып, талпагын ташка жаймайынча, же өзү талкаланмайынча жаны жай албасын билчү. Мелдешти ошондо гана токтотсо болот. Бирок тең чыканга макул болуш ага, Мартинге,  эч бир мүмкүн эмес эле!

Бир жолу Мартин белгиленген убакта басмакананын дарбазасына келсе, Тултук Бет жок. Ошол бойдон келген жок. Чогулуп турган балдар анын жеңилгени ошол дешип, Мартинди куттуктап калышты. Бирок Мартин иштин мындай бүтүшүнө ыраазы болгон жок. Талаш чечилбей калды. Кийин укса, так ошол күнү Тултук Беттин атасы каза болуп калган экен.  

Мартин кыялында бир нече жылдарды аттап өтүп, өзүн театрдын жогорку катарында отурган жерден көрдү. Анда он жетидеги курагы, деңизден жаңы эле келген. Оюн көргөндөрдүн арасынан чыр чыгып кетпеспи. Бирөө бирөөнү түртүп жиберген го. Мартин чырга аралаша кетип, күтпөгөн жерден көздөрү өзүнүн эзелки душманы — Тултук Беттин чачыраган көздөрү менен чагылыша түштү.

Сенин өпкөңү оюндан кийин үзөм, — шыбырады Мартинге душманы.

Мартин башын ийкеди. Чыр чыккан жерге тартип сакчылары жетип келишкен эле.  

Бүткөндөн кийин сырттан жолугабыз, — шыбырай жооп кылды Мартин сахна жактан көзүн албай.

Тартип сакчысы аларга карап коюп, артына бурулуп кетти.

Чогуу жүргөн балдарың барбы?— сурады Мартин оюндун бир көрүнүшү бүтөрү менен Тултук Беттен.

— Албетте!

— Болуптур анда, мен дагы бирөөлөрдү табайын.  

Антракт убагында ал сырттан өзүнө топ курады: ал мык заводунан тааныш үч досун, бир өрт өчүргүчтү, алты матросту жана базардагы аянттан да алтоону чогултту.

Оюн бүтөрү менен эки топ экиге бөлүнүп, көчөнүн эки жагы менен жүрүп олтурушту. Алар шаардын караңгы чет жагына чыгышып, өз ара аскер кеңешин өткөрүштү.

Эң ыңгайлуу жер — бул Сегизинчи көчөнүн көпүрөсү, -деди Тултук Беттин тобунан бир сары неме, — мынабу ортодо, электр жарыгында мушташасыңар, биз болсок фараондорду саксактап турабыз. Эгерде алар жолдун бир учунан көрүнсө, биз башка жагына дыр коебуз.

— Болуптур. Жарайт, — деди Мартин өзүнүн жолдоштору менен кеңешип.

Сан-Антонио куймасына салынган Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүнүн узундугу үч кварталга барабар болучу. Көпүрөнүн ортосунда жана эки башында электр чырактары күйүп турат. Ошондуктан бир дагы полицей байкалбастан келип калышы мүмкүн эмес эле. Мартиндин көз алдына ошол мушташ өтө турган жердин ыңгайы ийне-жибине чейин тартылып турду. Кабактарынан кар жааган, бири бирин өлөөрчө жек көргөн өчөгүшкөн эки топ ар бири өз жоокеринин артында турганын көрдү. Мартин менен Тултук Бет бел кырчоого чейин чечиништи. Атайын дайындалган күзөтчүлөр көпүрөнүн эки башынан өздөрүнүн орундарын ээлешти. Матростордун бирөөсү эгерде кокустан полиция келип калчу болсо, коопсуз жакка жылт коюп кеткенге ыңгайлуу болсун деп Мартиндин курткасын, көйнөгүн, шапкесин чогултуп алды. Мартин ошондо өзүнүн мушташ майданынын чок ортосуна кантип чыгып баратканын, анан Тултук Беттин көзүнө тике карап туруп, муштумун кезей мындай дегени таптак көз алдына келе түштү:

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.