Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бирок бул күндү ал өзүнүн демейдегидей эрежесинен башкача кылып баштады. Жазып бүтүрө турган аңгемеси жок эле, кагазага түшүрсөм деген жаңы ою да жок. Түнү менен окуп чыккандыктан, эртең мененки тамактын убактысы да келип калган экен. Анан Фисктин китебинен бир главасын окуюн деди эле, башы салмактана ооруп туруп алганынан китепти таштоого туура келди.  Бүгүн аны жашоо менен жаңыча кармашуу күтүп турду, андыктан жазганын азырынча токтото турууну чечти. Бурчта жаткан кол жазмаларына карап, Мартин өз үйүн жана бала-бакырасын таштап кетип бараткан адам сыяктуу кыйыла кападар боло түштү.  Буларды эми эмне кылат, эч ким башбаанек бергиси келбеген, жолу болбогон байкуш балдарындай аларды таштап кеткенге аргасыз болуп атпайбы. Эңкейип кол жазмаларын иреттеп, өзүнө жаккан жерлерин окуп кирди, “Казан”, “Укмуш окуяларын” үн чыгарып да окуду. Айрыкча өзүнө жакканы жакында эле жазылып, бирок марка жоктугунан жөнөтө албай бурчка ыргытып койгон “Сүйүнүч” деген аңгемеси мыкты чыккан экен.

— Түшүнбөйм, — деди өзүнчө күбүрөнүп, — же балким, редакторлор түшүнбөй жатышат. Аларга мындан артык дагы эмне керек? Алар мындан да начар нерселерди басып атышат ко? Баскандарынын баары анын аңгемелерине караганда чынында бир топ эле чабал болчу.

Чай ичип алып басчу машинкени кутусуна салды да Окленге жеткирип берди.

— Бир айлык карызым бар, — деди ал приказчикке, — азыр жумушка кетип баратам, кожоюнга айтып коюңуз, келерим менен кутулам. Бир айда келип калам.

Анан Сан-Францискодогу жумушка кабыл алуучу мекеменин кеңсесин көздөй кетти.

— Кандай иш болсо да боло берет, — деп сөзүн жаңы эле баштап келатканда бирөө кирип келип сөздү бөлүп кетти. Кирип келген кардар «кооз жашоону» жакшы көргөн, арзан болсо да болушунча сылан короздонуп кийингенге көнгөн жумушчу эле неме окшоду.

Агент аны түңүлтүп башын чайкады.

— Кантип эле эч ким жок болсун? — деди кирип келген киши кайталап. — Мага бүгүн абдан бир адам керек эле.

Айтты да Мартинге карап койду, Мартин болсо аны карады, сулуучасынан келген жылдыздуу киши экен, бирок таң атканча бир жерде зыяпатта күүлдөп отурган түрү бар, бети шишимик тарта бозоруп, уйпаланган кебетесине караганда.

— Иш издеп жүрөсүңбү? — сурады ал. — Колуңан эмне келет?

— Кандай эле жумуш болсо иштей берем, деңиз ишин билем, машинке баса алам, бирок стенографияны билбейм, атка мингенге да шыктуумун, деги кандай иш болсо баарын жасай берем.

Берки ыраазы болгондой башын ийкеп койду.

— Андай болсо жакшы экен. Менин атым Даусон, Джо Даусон, кир жуугучканада иштегенге өзүмө жардамчы издеп жүрөм.

— Кир жуугучкабы? — деп сурады Мартин, ошол замат ага аялдардын ар кандай жылдур-жулдур жука ич кийимдерин үтүктөгөн кызык көрүнүп кетти. Жалдоочу да ага жагып турду, ошондуктан минтип кошумчалап койду: — Кир жууган деле колуман келет. Деңизде жүргөндө өзүм эле жууп алчумун.

Джо Даусон ойлоно түштү да анан:

— Экөөбүз келише алат окшойбуз. Кандай иш экенин билгиң келеби?

Мартин башын ийкеди.

— «Кайнар булак» деген жерде курорттук конок үйүнүн алдында кичинекей бир кир жуугучкана бар. Ал жерге бир башчы, бир жардамчы болуп иштегенге эки киши керек. Мен башчы болом. Ар ким өз ишин аткарат, бирок сен мага баш ийесиң, Кандай дейсиң, туура келеби?

Мартин ойлонуп калды. Бул ишке кызыгып турду. Бир нече ай иштеп койсо —  окуганга кайрадан убактысы болот. Ал катыра иштегенге да, окуганга да жөндөмдүү болчу.

— Тамак-ашы жакшы, жатчу бөлмө өзүнчө, — деди Джо.

Бул маселени чечти. Өзүнчө бөлмө болсо, демек, ага таң атканча чыракты жандырып алып окуганга эч ким тоскоолдук кылбайт экен.

— Бирок тозоку иш, — кошумчалады Джо.

Мартин чытырап турган булчуңдарын сылап койду.

Жумушка бышып бүткөм.

— Эмесе сүйлөштүк!

Джо чекесин сыйпалады.

— Туй энең, дагы эле көзүм караңгылап туру. Кече өлө ичип койгон экем... Ии, баса, иштин шарты мына мындай: эки кишиге айына жүз доллар, анан жатакана берилет. Мен алтымыш, жардамчым кырк доллар алчу. Бирок ал иштин жайын мыкты билчү да а сен үйрөнчүксүң. Көңгүчөктү сен үчүн да иштөөгө туура келет. Ошондуктан, адегенде сен отуз доллардан баштайсың, анан бара-бара кыркка жетесиң. Сени алдабайм. Качан ишке абдан көнүгүп, кадимкидей иштей баштаганыңдан тартып, өзүңдүн кырк долларыңды ала баштайсың.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.