Жек Лондон
Мартин Иден
— Бирок бул билимди өз күчүң менен алганга таптакыр жатпайт, — каршы чыкты Руфь.
— Эмнеге аны алыш керек? Биз ар дайым адистердин эмгектеринен пайдаланабыз да. Алар ошончүн адистер эмеспи, эгерде андай болбосо, адистердин эмне кереги бар? Сиздикине келип, мен мор тазалагычтардын иштеп жатканын көрдүм. Алар деле адистер, өз ишин бүткөндөн кийин, силер мештин түзүлүшүн билбесеңер деле тазаланган куурларды пайдалана аласыңар.
— Койчу, ушуларды да адис деп!
Руфь ага жактырбагандай карап койду, Мартин анын көз карашынан жана үнүнөн зекүүнү байкады. Бирок ал өзүнүкү туура экенинен эч бир шектенген жок.
— Жалпы маселелерди ойлонгон бардык ойчулдар, бардык акылы жетик адамдар адистердин эмгектеринен пайдаланышкан. Герберт Спенсер да ошенткен. Ал миңдеген окумуштуулардын ачкандарын жалпылап чыккан. Мунун баарына ал миң жыл жашаса да жетмек эмес. Дарвин деле ушундай. Ал багбандар менен малчылардын изилдөөлөрүн пайдаланган.
— Туура айтасыз, Мартин, — деди Олни, — сиз эмне кааларыңызды билесиз, Руфь болсо билбейт. Өзүнө эмне керек экенин деле билбейт болушу керек. Ооба, ооба, — деди ал каршы чыгууга Руфка мүмкүндүк бербей сөзүн улантып, — билип турам, сиз муну жалпы маданияттуулук деп атайсыз. А мындай маданияттуулукка жетишүү үчүн эмнени билиш керек, баары бир эмеспи. Сиз француз тилин үйрөнсөңүз да, немис тилин, же болбосо эсперантону үйрөнсөңүз да — баары бир «жалпы маданиятка» жетишесиз, туурабы? Же болбосо, эч колдонбосоңуз деле грек менен латын тилдерин үйрөнөсүз дейли. Мында деле маданиятка жетишкен болосуз. Мына Руфь деле эки жыл мурда англо-саксондук тилди жакшы эле үйрөнүп алган болучу, азыр эми «жыпар жыттуу апрель айынын жамгыры кандай сонун» деген бир сүйлөмдөн башка бир да сөзү эсинде жок, унутуп салган. Ушундайбы, Руфь? Алган «жалпы маданиятыңыз» ушул, — деп күлүп жиберди ал Руфка каршы чыгууга мүмкүндүк бербестен. — Билем, билем. Экөөбүз бир курста окубадык беле.
— Сиз маданият туурасында максат эмес, каражат деген сыяктуу сүйлөп жатасыз! — деп кыйкырып жиберди Руфь. Анын көздөрү жылтылдап өңү кызара түштү. — Маданият өзүнчө баалуу нерсе.
— Бирок Мартинге мунун кереги жок.
— Сиз кайдан билесиз?
— Мартин, сизге эмне керек? — деди Олни шак эле ага бурулуп.
Мартин ыңгайсыздана түштү, бирдеме деп койчу буга дегенсип Руфту жалдырай карады.
— Ооба, Мартин, айтыңыз сизге эмне керек экенин, — деди Руфь, — Бул биздин талашыбызды чечет.
— Албетте, мага маданият керек, — деди Мартин чечкинсиз. — Мен сулуулукту сүйөм, ал эми маданият болсо, мага бул сулуулукту жакшыраак баалоого жана түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Руфь салтанат курган түр менен башын ийкеди.
— Болбогон кеп! Сиз муну өзүңүз да жакшы түшүнүп турасыз, — деди Олни. — Мартин маданиятка эмес, мансапка жеткиси келип олтурат. Анын карьерасынын маданиятка байланыштуу болгону кокустан гана дал келишип отурат. Ал химик болгусу келсе, маданияттын ага кереги деле жок болмок. Мартин жазуучу болгусу келет, бирок сизди талаштан утулуп калбасын деп айткысы келбей турат. А эмне үчүн Мартин жазуучу болгусу келет?— кебин улады Олни. — Себеби анын материалдык абалы начар. Эмнеге сиз англо-саксон тилин үйрөнүп «жалпы маданиятка» жетишүүгө аракеттендиңиз? Анткени сиз келечек үчүн башыңыз оорубайт, анткени баарына атаңыз кам көрүп койгон. Ал сизге көйнөккө чейин сатып берет, калганын да жасайт. Сиз, мен, Артур, Норман баарыбыз алган билимден не пайда? Баарыбыз азыр «жалпы маданиятка» кокодон тоюп турабыз, эртең непадам аталарыбыз сызга отуруп калса, биз мектептин мугалимдигине да жарабай калабыз. Руфь ашып кетсе кыштак мугалими болмок, же кыздардын мектебинде музыкадан сабак бермек.
— Сиз эмне кылар элеңиз анда? — сурап калды Руфь.
— Эмне кылмак элем. Кара жумуш иштеп, күнүнө бир жарым доллар табат элем, же болбосо, ганлейдик бирикмеге инструктор болуп кирээр элем, — иштээр элем дебей «кирээр элем» деп жаткан себебим, бир жума өткөндөн кийин, балким мени, жарабайсың деп иштен кууп да чыгышмак.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.