Жек Лондон
Мартин Иден
Мына эми, Спенсер деген адам чыгып, мунун баарын бириктирип бир системага келтирди, анан корутундусун чыгарды да Мартинди таңгалдырып, түшүнүктүү, тартипке салынган дүйнөнү алаканга салгандай көрсөтүп берди; көрсөткөндө да ал матростор колго кооздоп жасап, анан айнек банканын ичине салып алып тыйынга сатышчу кеменин кичинекей моделин элестеткендей, даана көрсөттү. Мында эч кандай күтүлбөгөн же кокус нерселер жок эле. Баарысында мыйзам бар эле. Куш да ушул мыйзамга баш ийип учат экен, формасы жок кан кыймылга келип, ары –бери чоюлуп отуруп, канаты, анан таманы пайда болот экен да куш дүйнөгө жаралат тура.
Акыл жашоосуна оогону Мартин улам бир чокудан кийинкисине жүрүп отуруп, эми эң бийигине жеткендей болду. Ал күтүлбөгөн жерден заттардын сырдуу маңызына сүңгүп кирип, жаратылыштын сырларын ачуу аны мас кылып жибергенсиди. Түнкү көргөн түштөрүндө кудайлар менен жашап, эсти оодарган не бир улуу көрүнүштөр артынан ээрчип жүргөндөй эле. Күндүзү болсо Спенсер ачкан дүйнөнү гана көрүп, делбетаптай басып калды. Тамак ичип олтурганда да тиричиликтин көйгөйлөрү туурасындагы майда-барат сөздөр кулагына кирбей, акылы тынымсыз көз алдындагы бардык нерселердин себептүү байланыштарын аныктоо менен гана алпурушчу болду. Тарелкада жаткан эттен да күндүн нурун көрүп, анын баштапкы жаралып чыккан булагына чейинки миллиондогон чакырымдарга көз чаптыргысы келет, анан өзүнүн булчуңдарын кыймылга келтирип, аны эт кесүүгө мажбур кылган күч жана аларга буйрук берип турган өзүнүн мээси жөнүндө кайрадан күндүн энергиясы жөнүндөгү ойго келип такалганга чейин ойго бата берет. Мартин ушунчалык терең ойго батып кеткен экен, Жимдин: «Бул айнып калган го» деген сөзүн уккан жок, эжесинин кабатырлана карап калганын да байкабады, Бернард Хиггинботамдын болсо сөөмөйүн чыкыйына такап айландырып койгонуна да көңүл бурган жок.
Мартинди баарынан да таңгалдырганы — бардык илимдердин өз ара байланышы болду. Ал дайыма эле билимге ынтызар болгондуктан алган билиминин баары мээсинин өзүнчө бир клеткасына чогулуп аткандай эле. Маселен, бир клеткасында деңиздеги сүзүү туурасында абдан эле арбын, бирок үзүл-кесил маалыматтар чогулуп кетсе, башкасында аялдар бар эле. Бирок бул эки клетка эзели бири менен бири катыша албаган. Анткени аялдардын долулугу менен бороондуу күндөгү кеменин чайпалышынын ортосунда байланыш бар деш Мартинге дегеле мүмкүн эмес нерседей же дөөдүрөк кептей эле. Бирок Герберт Спенсер азыр эле мында эч кандай дөөрүгөндүк жок экенин гана эмес, тескерисинче, бул эки кубулуштун ортосунда байланыштын өзү болбой коюусу мүмкүн эместигин далилдеп бербедиби. Дүйнөдө баары, асман тереңдигиндеги алыскы жылдыздардан тартып, адамдын таман алдында жаткан кумдун ар бир бүртүгүнө чейин бири-бири менен тыгыз байланышта тура.
Бул Мартинди дайыма таңгалдырып, эсин оодаргандыктан, эми ал тынымсыз жер планетасындагы заттар менен кубулуштардын жана башка планеталардагы да өз ара байланышын издеп табуу менен алектенчү болду. Өзүнчө ар түркүн нерселердин бүтүндөй тизмесин түзүп алып, алардын ортосундагы байланыштарды тактап, аныктаганга чейин жаны жай албас болду. Ошентип атып махабаттын, поэзиянын, жер титирөөнүн, оттун, калдыркан жылаандын, радуганын, асыл таштардын, майыптыктын, күндүн батышы, арстандын айкырышы, күйүүчү газдын, киши этин жегендердин, сулуулуктун, адам жанын кыюунун, ойноштордун, таяныч чекиттердин жана тамекинин ортосундагы өз ара байланыштарын аныктады. Эми аалам анын көзүнө бүтүн бирдиктүү нерсе болуп көрүнүп, ал анын булуң-буйткаларын, сырдуу чытырман туюк токойлорун, аралап, мурда эч ким ишке ашыра албаган максаттарды көздөй өларманданган өжөрлүк менен бара жатты; баратканда да жолунан адашкан жолоочудай болбой, эч нерсени көз жаздымында калтырбаган, байкагандарынын баарын картага тыкандык менен түшүрүп бара жаткан байкоочу — саякатчы сыяктуу болуп сапар тартып баратты. Канчалык көптү билген сайын, ошончолук бул дүйнөгө жана анда жашап жаткан өз өмүрүнө суктануусу артты.
— Эх, чалагайым! — деп кыйкырды ал өзүнүн күзгүдөгү түспөлүнө, — жазам, кыйратам дедиң эле, жазып да көрдүң, бирок жаза турган нерсең жок экен го! Жаза турган эмнең бар эле? Түшүнүгүң баланыкындай, сезимиң бышып жетилген эмес, сулуулукту деле кыйратып баалаганды билбейсиң, жүрөгүң болсо махабаттан жарылып кетүүгө даяр, өзүмчүлдүгүң башыңан ашып турат, дагы эле наадан бойдонсуң. Анан жазам дейсиң! Эмнени жазыш керек экенин эмитен гана билип келатпайсыңбы? Сулуулукту жаратам дедиң, өзүңдө болсо сулуулуктун табияты туурасында ныпым түшүнүк жок. Маани-маңызын өзүң билбей туруп, жашоону жазам дедиң. Дүйнөнү жазам дедиң, ал болсо сага кытайдын ийме-кыйма катындай баш оорутма эле. Эмнени жазсаң да наадандыгыңды дагы бир жолу көрсөттүң. Бирок чөкпө, Мартин балакай! Сен али дагы жазасың. Эми бирдемени билип калдың, азыраак болсо да сен туура багыт тандадың, жакында мындан да көптү билесиң. Эгерде башың аман болсо, бир кезде барып сен билбеген эч нерсе калбайт, баарын билесиң. Мына ошондо жазганды көрүп ал!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.