Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Абдан сулуу кыз экен, — деди Руфь.

Мартин анын сөзүнө ыраазычылык айтайын деп ойлоп, бирок айткан жок. Жөн гана:

— Ким билет. Ар кимдин табити ар башка эмеспи; мен бул кызды аша чапкан сулуу деп айтпас элем.

Коюңузчу! Мындай татынакай кыз миңден гана бирөө чыгат. Чырайы тимеле акактай экен. Жоодураган көздөрү да укмуш!

— Сиз ушинтип ойлойсузбу? — деди кайдыгер Мартин, анткени ал үчүн дүйнөдө бир гана сулуу бар эле, ал сулуу мына, өзү менен бирге кол кармашып келе жатпайбы.

— Эгерде ушул кызды жакшынакай кылып кийиндирип, өзүн кандай алып жүрүүгө үйрөтсө, ал бардык эркектерди, анын ичинде сизди да багындырып алмак, мистер Иден.

— Ал адегенде жөндөп сүйлөгөндү эле үйрөнүп алсынчы, — деди Мартин, — анткени анын сөздөрүнө көпчүлүк жигиттер түшүнүшпөйт. Эгерде ал сиз менен көнгөн адатынча сүйлөшө турган болсо, анын сөздөрүнүн жарымысына да түшүнбөй каларыңыз турган кеп.

Болбогон кеп. Сиз деле өз оюн бербеген так эле Артурдай өжөр экенсиз.

— Сиз менен биринчи жолуккан кезде менин кандай сүйлөгөндүгүмдү унутуп калдыңызбы? Азыр мен таптакыр башкача сүйлөп калдым. Ошондо дал ушул кыздай эле сүйлөдүм го. Андан берки убакыт ичинде мен сиздердин тилиңерге үйрөндүм, андыктан сиз анын сөздөрүнүн бирине дагы түшүнө албайсыз деп так түшүндүрүп айта алам. Сиз эмне үчүн бул кыз өзүн мындай кармайт, билесизби? Мен эми мындай нерселер туурасында дайыма ойлоно баштадым, ал ойлор мурда башыма түк келген эмес экен. Көп нерсеге эми түшүнүп жатам.

— Эмнеге ал өзүн мындай кармайт экен?  

Бул кыздын фабрикада иштегенине бир топ жыл болду. Денеси жаш жана момдой ийилчек болгондуктан, аргасыз оор жумуштын ыгына жараша калыптанат да, ошого көнөт. Мен көчөдө жолуккан жумушчуну бир көргөндө эле анын кандай жумуш аткарарын билип коем.  Мына, мени карасаңыз. Эмнеге басып баратканда мен чайпалып басам? Анткени мен өмүр бою деңизде жүргөм. Эгерде мен матрос эмес, касапчы болсом, минтип баспайт элем, бирок буттарым кыйшык болмок. Бул кыз деле ошондой. Сиз анын көз карашынын катаал экенин байкадыңызбы? Анткени ал эч качан бирөөнүн канатына калкаланып жашаган эмес. Ал дайыма кара жанын кантип багууга өзү гана кам көрүп, дайыма ойлогону ошол. Ошондуктан өзүнө өзү кам көргөн кыздын көз карашы эч качан, мисалы... сиздикиндей назик болбойт.  

— Туура айтасыз, — деди акырын Руфь. — Жаман экен! Өзү татынакай экен абдан...

Руфка караса ал карапайым кызга боору ооруп, убайым тартып алыптыр, ошол замат аны ого бетер жакшы көрүп, аны менен колтукташып лекцияга бараткан бактысына жетине албай кетти.

«Мартин Иден, сен кимсиң өзүң? — деп сурады ал өзүнөн-өзү, ошол күнү кечинде үйүнө келген соң күзгүнүн маңдайында туруп. Өзүнө көпкө дейре кызыга карап турду. — Сен кимсиң, колуңан деги бирдеме келеби? Сенин ордуң каякта?  Сенин ордуң Лиззи Конолли сыяктуу кыздардын жанында. Сенин ордуң котолошкон кара таман жумушчулардын арасында, сен ошол уятсыздыктын, оройлуктун, пастыктын уюгунан чыккан эмессиңби. Сенин ордуң иштей берип малга айлангандардын арасында, ыпылас көңдүн арасында. Тигине, маңдайындагы жашылчалардын таштандысы. Картөшкө жатат чирип. Ошонун сасыгын эле жыттап жата  бербейсиңби жыргап коюп! Сен болсоң, көзүң кашайганча китеп тиктеп, жагымдуу музыка уккуң, кооз сүрөттөрдү көргүң келет, тилге үйрөнөм дейсиң, анан да Лиззи Коноллидей өзүңө тең кыз турса, сен жылдыздардын арасында жашаган байдын кызын сүйгүң келет э? Сен кимсиң өзү? Мунун погун жейсиңби, иттин баласы! Бул сага жакшылык апкелеби деги?..»

Ал күзгүдөн өзүнө өзү муштумун көргөзүп, анан керебеттин четине келип олтурду да, терезени телмире тиктеп көпкө отурду. Анан жаздыктын алдынан дептерин, алгебра окуу китебин алып чыгып, теңдеме чыгарганга киришти. Сааттар жылып, жылдыздар күңүрттөнүп, терезеден жаңыдан кылая баштаган таңдын мунарык шооласы түшүп баратты.

 

XIII ГЛАВА

Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде Сити-Холл — сейил багында чогулган сөзгө чечен карапайым жумушчулардан чыккан социалисттер менен философтордун ийриминдеги талкуу күтүлбөгөн жерден Мартинди бир улуу ачылышка түрткөндөй болду. Айына эки жолу Мартин велосипед тээп алып, ушул парк аркылуу китепканага баратканда ушул жерден түшө калып, алардын кызуу талкуусун тыңшап калчу, кызыгына ушунчалык баткандыктан, кыйылып атып араң кетчү. Бул талаш-тартыштардын жалпы тону мистер Морздун үйүндөгү талкуудан алда канча айырмаланып тураар эле, талашкандар бирине бири сыпайылык көрсөтүп отурушчу эмес, жеткен богооз булар кээде заарын чачып, бирин бири ашата сөгүп да жибергенден кайра тартышчу эмес, бир эки курдай мушташып да кетишкенин Мартин көргөн. Эмнеге экенин билбейт, бирок булардын талкуусунда жан бар эле, алар Мартинге мистер Морздун катып калгансыган тең салмактуулугунан алда канча катуу таасир этчү. Англис тилин шумдуктуудай орой бузуп сүйлөгөн, көбүнесе жиндиден бетер ыма-ишара менен сүйлөгөн бул адамдар каршылаштарына аянбай чабуул жасай турган, — ошентсе да алар мистер Морз менен анын досу мистер Бэтлерге караганда алда канча жандуу да көрүнөр эле.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.