Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Сиз бир да сөздү уккан жоксуз, — деди Руфь таарына.

Ошол замат Мартиндин жаш баладай сүрдөп турганы ого бетер жагып кетти. Мартин анын туптунук көздөрүнө караганда эле өз оюндагыны кыздын сезбегенин түшүндү да, уяла түштү. Ашап чаап кеткен окшобойбу!  Ал Руфтан башка муну түшүнбөгөн бир да аялды учураткан эмес эле. Руфь болсо сезген жок. Айырма мына ушунда болчу! Көрсө ал таптакыр башка тура! Мартин өзүнүн оройлугуна жана кыздын аруулугуна сына түштү, экөөнүн ортосундагы көпүрө кулап, түпсүз туңгуюк дагы кеңейе түшкөндөй болду.

Ошентсе да бул окуя аны Руфка жакындаткансыды. Эстеген сайын бул окуя көңүлү калган, эки анжы болуп турган учурларда аны сооротуп жүрдү. Экөөн эки жакка бөлүп турган аралык эми баягыдай алыс болбой калды. Анткени Мартин искусствонун бакалавры наамына караганда алда канча узун жолду басты. Руфь аруу экени чын, болгондо да ушунчалык пакиза дейсиң, ал мындай аруулукту дегеле билбеген. Мейли, анын эриндеринде алчанын ширесинин изи калыптыр, ал дүйнөдө жашаган башка адамдардай эле физиканын мыйзамдарына баш иет экен, башкалардай эле тамак ичип, же суукка урунуп сыркоолошу мүмкүн экен, анын канчалык мааниси бар? Маанилүүсү, ал ачкалыкты, суусаганды, үшүгөнду, ысыганды сезеби, демек, сүйүүнү, эркекке болгон махабатты да сезе билет эмеспи. Өзү эркек эмеспи! Анда эмнеге мындай учурда ушундай адам боло албасын? “Мен бактылуу болом, — деп шыбырады ал. — Мен анын сүйгөн адамы болом! Колуман келет. Мен бактылуу болом!”.  

 

XII ГЛАВА

Бир күнү кечинде Мартин мээсин тиреп жүргөн керемет элестердин тумандай бүдөмүк экенине карабай сонетке кантип киргизсем деп азаптанып отурганда аны телефонго чакырып калышты.

— Аялдын үнү. Абдан жагымдуу үн, — деди аны чакырып жатып, мыскылдагандай мистер Хиггинботам.

Мартин бөлмөнүн бурчунда турган телефонго келип, андан Руфтун тааныш үнүн укканда тула боюн ысык толкун аралап кеткенсиди. Сонет жазам деп убараланып атып, анын бар экенин да унутканын кара, бирок тааныш үн угулаары менен чагылган келип ургансып, сүйүүсү кайрадан жалындап кетти. Эмне деген керемет үн. Алыстан угулган музыкадай назиктигин жана уккулуктуулугун айт, тимеле күмүш жылаажындай шыңгырыган тазалыгычы! Жок! Мындай үн жөнөкөй аял атмайда болбойт. Бул үн теңирдин өзүнөн келип жаткандай таптакыр өзгөчө эле. Толкуп кеткен сезимдерден улам кыздын эмне деп жатканын да жакшылап уккан жок, анткени так ушул маалда ал мистер Хиггинботамдын чычкандыкындай көздөрү өзүнө тикирейе кадалып турганын байкап, сыртынан сыр алдырбаска аракеттенип жатты.

Руфь бөтөнчө эч нерсе деле айткан жок: бүгүн кечинде Норман менен ачык лекцияга барууга даярданган экен, бирок кашайып Норман бир аз сыркоолоп калыптыр, белеттер болсо сатылып алынган экен, Руфь эгерде Мартин колу бош болсо, чогуу бара алар бекен, ошону билейин деген экен.

Эгерде колу бош болсо! Мартин эмне дээрин билбей, үнү калтырап чыкканын көрсөтпөгөнгө тырышты. Уккан кулагына өзү ишенбей турду. Буга чейин ал кыз менен анын үйүндө гана жолугушуп, кызды бир жакка чакырууга даай алган да эмес эле! Телефондун туткасын кармап туруп, күтүлбөгөн жерден Руфь үчүн жанынан кечип кетүүгө да даяр экенин сезди, анын көз алдынан каармандык образдар, махабат үчүн өз жанын берген элестер чубурду. Ал Руфту жан дили менен ушунчалык күчтүү, ушунчалык чексиз, ушунчалык үмүтсүз сүйчү. Кыз менен чогуу бир жерге барарын ойлогондо жүрөгү кабынан ыргып кете тургандай сүйүнүчкө өрөпкүп кетти, кыз аны менен — Мартин Иден менен лекцияга чогуу баргысы келет турбайбы, калдалактаган Мартиндин оюна кыз үчүн жанын берүүгө даяр экенинен башка ой келбей турду ушул учурда.  Бул анын кызга болгон чексиз жана чыныгы сүйүүсүнүн бирден бир далили болучу. Мындай абал махабаттын балдай даамын таткан ар бир пендеге тааныш эмеспи, — телефон менен кыска сүйлөшүп жатканда өзүн оттуу куюндай чимирилтип кеткен мына ушул жандан кечип кетчүдөй улуу сезим эле. Ал үчүн курмандыкка барууга даярмынбы, демек, бүткүл ыкласымды сүйүүгө арнап жашашым керек деген ойдо болду ал. Бул болгону жыйырма бир жаштагы жаш жигиттин алгачкы сүйүүсү эле да. 

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.