Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин калтыраган колу менен тутканы ордуна илип, толкунданганынан шалдырай түшкөн денесин араң эле кармап турду. Чекесинен периште сүйүп кеткендей көздөрү чачырап, күнөөсү арбын кара жердин бардык ыпыластыгынан арылып тазалангандай жүзү нурданып чыкты, ушул тапта андан өткөн ыйык, наристедей күнөөсүз адам жок эле.

— Бирөө менен четтен жолугушат экенсиң да? — деген кер какшыгын салып, кышылдады жездеси. — Бул эмне менен аяктаарын билесиңби? Байка, эргул, так полициянын сотуна түшүп калып жүрбө.

Бирок Мартин муну уккан да жок, ал көкөлөп кеткен бойдон жерге али түшө элек болчу. Жездесинин мындай орой кеби да кулак сыртынан кетти. Ал азыр ар кандай ачуулануудан, туталануудан жогору эле. Дагы эле керемет элестин туткунунда магдырап турду, мындай пейили кенен абалда ал жездесине окшогон кайдагы бир макулуктарга боор ачуудан башканы сезген жок.  Жадагалса, өзүн теше тиктеп турган мистер Хиггинботамды деле байкабады, түш көрүп жаткан адамдай басып, кийингени бөлмөдөн чыгып кетти. Күзгүнүн маңдайында туруп галстугун байлап атканда гана анын кулагына кандайдыр бир жагымсыз доош кирип келди. Көрсө, бул ага азыр эле угулуп жаткандай сезилген, эчак сиңип калган Бернард Хиггинботамдын каздыкындай каркылдаган кемпай күлкүсү тура.

Мартин Руфка жетип экөө чогуу сыртка чыкканда гана буга араң ишенди, бирок ошол замат дагы бир сарсанаа ойго кабылды. Кыз менен басканда кантип басуу керек экенин билбеген жаны эмне кылаарын билбей калды, мына ушул болбогон эле жагдай алдыда боло турган сейилдин кубанычын жокко чыгарганы турду. Мартин мартабалуу адамдар көчөгө чыкканда аялдарына колтуктатып алаарын көп көрчү, бирок кээде башкача да көрүп калчу, андыктан деги колтукташып качан жүрүш керек, кечкисинби, же минтип кыз менен эркек бир туугандары гана жүрөбү, ошонун айырмасын билбей башы катты.   

Руфь менен тепкич аркылуу түшүп келе жатып, Мартин Миннини эсине түшүрдү. Ал саркечтенип кийингенди жанындай көргөн кыз эле. Минни ага кыз менен басып баратканда, мырза сыяктуу жөлөк жолчонун ич жагы менен эмес, сырты менен басыш керек деп үйрөткөн эле. Эсинен чыгып баратканда бутун басып коёр эле Минни. Бирок анда Мартин мындай майда-баратка башын ооруткан да эмес, аксөөктөрдө ушундай эреже болсо, өзүлөрү баса берсин деп койгон.

Ойлонуп атып акыры Мартин мындан эч кандай кырсык деле болуп кетпестир деди да, көчөгө чыгары менен Руфту алдыга өткөрүп туруп анан өзү жөлөк жолчонун сыртына чыгып ага катарлаш басты. Бирок ошол замат дагы бир көйгөй жаралды: колтуктап ал деп колун кызга сунуш кылабы же кандай? Мартин өмүрү кыз менен баратып, колтуктап ал деп суранган эмес, кыздар деле эч качан жигиттер менен колтукташып басышчу эмес. Маселен, алгачкы жолу таанышканда алар жигиттер менен катарлана эле басышчу да, анан бара-бара жакшылап таанышкандан кийин мүмкүн болушунча караңгы көчөгө салып, баштарын жигиттеринин ийиндерине жөлөп алып, жигиттер болсо алардын белдеринен кучактап басыша турган. Бирок бул жерде иш башка эле. Руфь башка чөйрөнүн кызы эле. Ошондуктан кантсем деп ойлонубатып, Мартиндин башы шишип кетмей болду.

Аңгыча башына бир ой келе калды. Мартин оң колун тимеле көнгөн кишиче акырын ийип койду эле, керемет иш болуп кетти. Руфь аны өзү эле колтуктап алса болобу. Анын денесин майда калтырак басып, ысып кеткендей болду, буттары жерден көтөрүлүп, ийиндерине канат бүткөнсүп кетти. Көп өтпөй пайда боло калган дагы бир мүшкүл маселе аны эсине келтирди окшойт. Алар көчөдөн өткөн соң Мартин эми жөлөк жолчонун ич жагында калып калбаспы. Эми дагы бир жолу ары өтсө, анан үчүнчү ирет кайра өтсө, анда эмне кылышы керек? Мартин эрежеси жогеле эч нерсе билбеген киши болумуш этсечи? Бирок бул оюна ичи чыккан жок,  жөлөк жолчонун ички жагында калып калганы менен аңгемеге кызыгып орун алмаштырууну унуткан киши болуп кете берди. Руфь деле муну ушинтип түшүнөөр деди ичинен.  

Бродвейде аны дагы бир жаңы сыноо күтүп турган эле. Көчө шамдарынын жарыгынан ал күтүлбөгөн жерден Лиззи Коноллини менен анын күлкүчү курбусун көрүп калды. Мартин бир аз ыңгайсыздана, олку-солку боло түштү да, анан шляпасын алып ыклас көрсөтө башын ийкеп койду. Анын өз чөйрөсүнөн уялайын деген ою жок эле, анүстүнө Лиззи Коноллиге гана башын ийкеген жок да. Кыз да ага жооп кайтарып, Руфтун назик жана ишенимдүү көз карашына таптакыр окшобогон кылыктана кылгырган көздөрү менен ата жылмайып, башын ийкегенсип койду. Анан кийин Руфту башынан аягына дейре сынай карап, кыязы, коомдук абалын да түшүнгөндөй болду. Өз кезегинде Руфь да кызды мээримдүү тиктеп, анын жупуну кийимин жана жумушчу кыздар кийгенди абдан жакшы көрчү шумдук жасалгалуу шляпасына таң кала түшкөнүн  Мартин дароо байкап койду.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.