Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин «Деңиз ырларын» эч кимге көрсөткөн да, эч кайда жөнөткөн да жок. Редакторлордон түңүлүп калган эле. Бирок бул ирет мунун себеби башка болду. Оюнда бул чыгарма ушунчалык көркөм эле, андыктан мугу ыгы келгенде бир гана Руфь менен бөлүшүүнү каалап туруп алды, жан дүйнөсүнө бүлүк салган ошол ирмем келсе, акыры даап, кызга өз чыгармаларын окуп бермекчи. Ага чейин өзүндө тура турсун деп чечти да, ырын кайра — кайра окуй берип жаттап да алды.
Мартин ар бир ирмемди өңүндө да, түшүндө да күйүп-жанып жашап атты; ал аргасыздыктан текке кетирип жаткан беш саатына да каршы чыккысы бар эле, күн бою ойлонуп эсине орноп калгандын баарын андан ары өнүктүрүүгө далбас уруп, укмуштуудай жаңы ойлор менен не бир ширин кыялдарды жаратып жатты. Ушинтип атып эс алуу дегенде таптакыр унутту, анын ордуна саламаттыгы начарыраак жана жүүнү бош башка бирөө болгондо эчак баспай калмак. Руфь менен жолугушуусу да улам сейрек болуп баратты: кыз сынак тапшырып университеттин дипломун ала турган июнь айы да жакындап кирип келди. Искусствонун бакалавры болмок! Мартин бул наам туурасында ойлогондо Руфь андан кол жеткис бийиктикке учуп кетип, ал жетпей кала тургандай сезилер эле.
А Руфь болсо канткен менен аптанын бир күнүн Мартинге арноочу, бул күнү Мартин Морздордукунан чай ичип, түштөн кийин музыка угуп кетер эле. Мындай күн ага майрам болчу. Морздордун үйүндөгү маанай Мартин жашаган ыплас шарттарга түк окшобой турган, Руфтун жакындыгы ага канат бүтүрүп, ар дайым үйгө кайтып келе жатканда өзүнө өзү кандай болбосун, мына ушундай бийиктиктерге жетем деп ант берер эле. Ээ жаа бербеген чыгармачылыктын илхамына жана дайыма сулуулукту эңсеп турганына карабай, ал махабат үчүн гана иштеп жатты. Баарынан мурда ал ашыглык өртүнө баш оту менен малынган жан болгондуктан, эмне кылса, баарын бир гана махабатка баш ийдирип алган эле. Анын махабаттан издегени ар кандай руханий изденүүлөрүнөн маанилүү болучу. Дүйнө ага кандайдыр бир сырдуу мыйзамдар менен өз ара аракеттенген атом менен молекулалардан куралганы үчүн эмес — анда Руфь жашаганы менен кызыктуу, таңгалыштуу эле. Руфь буга чейин өзү кезиктирбеген, кыялданбаган, алтургай, таптакыр билбеген бир керемет болчу.
Бирок кыз экөөнүн ортосундагы аралыктын таасири Мартинди кээде көңүлүн чөгөрүп жибере турган. Руфь андан кол жеткис чексиз алыс эле, ага жакындаш үчүн дагы эмне кылсам деп ойлонуп атып, башы маң болду. Мурда ал өз чөйрөсүндөгү кыз-келиндерге кадыры жогору эле. Бирок алардын бирин да сүйгөн эмес, Руфка болсо бир көргөндө эле катуу ашык болуп калды. Кеп Руфтун башка чөйрөгө таандык экендигинде эмес эле. Мартиндин сүйүүсү Руфту бардык чөйрөдөн өйдө койгон болчу. Руфь бөтөнчө жаралган жан эле, бөтөндүгү ушунчалык, Мартин өз сүйүүсү менен ага кантип жакындаганды да билбей жүрөт. Чыны, кругозорун кеңейтип, туура сүйлөгөндү үйрөнгөндөн кийин ал кызга жакындап барды, алар тил табышкандай болушту, жалпы темалар, кызыкчылыктар, окшош табит пайда болгону менен бул махабат ышкысын канааттандырган жок. Ал оюнда Руфту ушунчалык ыйык жана кол тийгис аруу затка айлантып алгандыктан, дене жагынан жакындашуу жөнүндө ойлоого да батынбас эле. Сүйүүнүн өзү Руфту андан алыстатып, кол жеткис кылып койгондой. Сүйүү ал жан дили менен каалаган Руфту да өзүнөн тартып алгандай.
Ошентип бир күнү күтүлбөгөн жерден алардын ортосун бөлүп турган чексиз туңгуюкка көпүрө салына калгандай, экөө көз ирмемге жакын боло түштү. Алар чогуу отуруп, ширеси аккан чоң-чоң кара алчадан жеп олтурушту. Руфь ага «Канайымды» окуй баштаганда, Мартин анын эриндеринен кызыл алчанын изин байкап калды. Ошол замат Руфтун ыйыктыгы жоголо түшкөндөй болду. Көрсө ал деле карабашыл адамдын баласы тура, анын денеси да башкалардыкындай эле бир мыйзамга баш иет тура. Эриндери деле Мартиндикиндей эле тура, алчанын ширесинин изи аныкында деле калып жатпайбы. Демек анын эриндери ушундай болсо, калган тулку бою деле ушундай болууга тийиш эмеспи. Руфь башка аялдардай эле аял тура. Бул ой ага чагылгандай тийгендей таңгалдырып, эсин оодарды. Бул ага чыныгы ачылыш болду. Көзүнө кудум күн асмандан кулап келаткандай же бир ыйык нерсени маскаралоого катышып тургандай сезип кетти. Мартин бул ачылыштын маанисин түшүнгөн соң, бул асмандан түшүп келген пери эмей эле, эриндери алчанын ширесине боелгон кадимки эле аял болуп чыкканда, анын жүрөгү туйлай согуп, ушул аялга жетсем деген кадыресе эркектик ышкысы ойгонду. Бул осол оюнан өзү да чочуп кетти, бирок анын туура экенин билдирип, анын акылы менен жүрөгү шаттанып турду. Кыязы, Руфь Мартиндин маанайындагы күтүлбөгөн бул өзгөрүүнү байкай койду окшойт, окуп атканын токтото коюп, аны карады да жылмайып койду. Мартиндин көзү кыздын жүзүнөн жылып отуруп алчанын ширеси тамган эриндерине жетти, кенедей мала кызыл так анын бүткүл делебесин козгоп жиберди. Колдору өзүнөн өзү кызга сунулуп баратты, каалагандай чалчактап жашап жүргөн тээ бир кездерде ал аялдарга ушинтип кол сунаар эле. Руфь да кудум ушуну күткөндөй ага ийиле ыктай калган экен, бирок Мартин болгон эркин күчкө салып, өзүн араңдан зорго кармап калды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.