Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Өзүнүн улуу ачылыш жөнүндөгү кубанычы менен таңгалганын жетине албай Руфка сүйүнчүлөдү эле, бирок кыз буга салкын карап, өтө токтоо кабыл алды. Кыязы, ал мунун баарын эчак эле билип алган окшобойбу. Руфтун мындай мамилеси аны таң калтырган жок, анткени өзүнө шумдук сезилген ачылыш ага жаңылык деле болбосо керек да. Кийин билсе Артур менен Норман экөө тең эволюциялык теориянын жактоочулары тура, анчалык зор таасир этпесе да Герберт Спенсерди окушкан экен. А берки көз айнекчен жигит Вилли Ольни болсо Спенсердин атын укканда, текебер күлдү да Мартин баягыда уккан: «Таанылбастыктан башка кудай жок, Герберт Спенсер — анын пайгамбары» деген укумчул сөздү кайталады.

Бирок Мартин бул Олни деген неме Руфка ашык эмес экенин түшүнгөндөн кийин, анын жанагы келекесин кечирди. Анан мамиледеги майда –барат фактылардан улам Олни Руфту сүймөк тургай, экөөнүн таптакыр эле мунасасы келишпеси анык болду. Ушундай кызды кантип сүйбөйт деп Мартиндин башы маң. Бул ааламдагы башка кубулуштар менен эч байланыштырып болбогон феномен эле. Алтургай Мартин бул жигитчеге боору да ооруп кетти, анткени анын табиятындагы кайсы бир кемчилик Руфтун сулуулулугу менен жароокерлигин баалоого тоскоол болгонбу деген ойго кетти.  Ар жекшембиде алар чогуу велосипед тебишер эле, мына ушул сейилдердин учурунда Мартин Руфь менен Олнинин кайнаса каны кошулбай турганына көзү анык жетти. Олни Руфь, Артур жана Мартин үчөөн таштап коюп, көбүнесе Норман менен достошконуна Мартин өтө ыраазы болду.

Бул жекшемби Мартин үчүн тимеле эки эселенген майрам болду, анткени — Руфь менен сейилдесе, бир жагынан анын чөйрөсүндөгү жаштар менен таанышып аралашты. Үзгүлтүксүз окуган булар билимдүү болгону менен Мартин өзүн булардан кем калышпай турганын сезди; ошентсе да алар менен аңгемелешүү ага туура сүйлөгөнгө жакшы практика болуп берди. Өзүнүн байкагычтыгына ишенген Мартин этиканын эрежелери турасындагы китепти эчак эле окубай койгон эле. Ал кээде гана бөлөк нерсеге алаксып кетпесе, калган учурда жанындагы жолдошторунун бардык кылык-жоруктарына, кыймылдарына, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин дыкат көңүл буруп, алардын бири-бирине кылган мамилелерин ийне-жибине чейин калтырбай эсине сактап калууга аракеттенип жатты.

Мартинди баарынан таңгалдырганы элдин баары эле жабылып Спенсерди окубаганы болду. Аны акылы ченемсиз улуу адам деген китепканачынын өзү деле аны жакшы биле бербейт окшобойбу. Бир күнү Морздордун үйүндө түштөнүп отуруп Мартин мистер Бэтлердин көзүнчө Герберт Спенсер жөнүндө кеп кылып калды. Мистер Морз бул англиялык философтун идеалисттик теориясын катуу сынга алды да, анын «Негизги башталыштарын» окубагандыгын эскерте кетти, ал эми мистер Бэтлер болсо, Спенсердин чыгармалары аны эриктирип жиберерин жана бир дагы барагын акырына чейин окуй албасын, Спенсери жогеле оокат кыла турганын саймедиреди. Мартин бир азга олку-солку боло түштү, эгерде ал мындай өзгөчө жан болбогондо, балким булардын оюна багынып, Спенсерди окугандан баш тартып да коймок беле, бирок Спенсердин дүйнө таанымы ага бирден бир талашсыз чындыктай көрүнүп, андан баш тартуу Мартинге деңиздеги матрос картасы менен компасын сууга ыргытып жибергени менен барабар эле. Ошондуктан Мартин эволюция теориясын үйрөнүүнү улантты, улам барган сайын аны тереңдеп окуп, Спенсердин көз карашын кубаттаган миңдеген башка жазуучулардын чыгармаларын тапты. Ал канчалык бат окуп үйрөнгөн сайын, ага илимдин али изилдене элек тармактары ошончолук ачылып баратты, философиянын кызыгына батып алганы ушунчалык, Мартин бир суткада жыйырма төрт гана саат бар экенине да өкүнө турган болду.

Бир күнү ал күндүн кыскалыгын эске алып, алгебра менен геометрияны таштап салгысы келди. Тригонометрияны болсо, али колуна да кармай элек болчу. Анан тизмесинен химияны да сызып таштап, физиканы гана калтырды.

— Мен адис эмесмин да, — деди ал бир күнү Руфка актангандай, — адис болоюн деген оюм да жок. Ал эми илим деген ушунчалык көп экен, анын баарын үйрөнүп чыгууга адамдын өмүрү да жетпейт. Мен жалпы билим алгым келет. Эгер мага атайын билим керек болсо, мен аларды китептерден эле окуп үйрөнө алам.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.