Жек Лондон
Мартин Иден
Бул сүйлөшүүнү кызыга угуп олтурганы менен Мартин бирдемеге ичи чыкпай турду. Аңгеме окуу, сабактар, билимдердин негиздери жөнүндө жүрүп, бирок мектеп окуучуларынын талашындай болгон анын мазмуну — Мартинди терең ойго түрткөн, ичинде ойгонуп келаткан күчтөн толкундаткан чоң маселелерге теңешпей турду. Ал өзүн буга чейин таанып билбеген чоочун өлкөгө барып калган, бирок ал жактын көз жоосун алган сулуулугун жергиликтүү жапайы тургундардын тили менен сүрөттөөгө далбас уруп аткан акындай элестетип турду. Дүйнөлүк улуу акыйкатты таанып билүүгө азаптана умтулганын сезгени менен анын ордуна — латын тилин үйрөнүү керекпи же жокпу деген баланыкындай болбогон кыжың-мужуңду угуп отурду.
— Латын кайсы кара текеге керек! — деди ал ошол күнү кечинде күзгүнүн маңдайында отуруп өзүнө өзү. — Өлүк деген өлүк бойдон калууга тийиш. Бирок, менин буга кандай тиешем бар? Мына сулуулук деген түбөлүк жана ар качан жандуу. Тилдер пайда болот анан жок болот. Алар — өлүктөрдүн күлү.
Ал өз оюн туура түзүүгө үйрөнүн сезип, кубанып кетти да, төшөгүнө жатып атып, эмне үчүн Руфтун жанында бул шыгы кайда жоголуп кетерин түшүнгүсү келди. Кыздын жанында ал мектеп окуучусуна айланып, тили да окуучунукундай болуп калчу.
— Мага убакыт бергилечи, — деди ал үн чыгара. — Убакыт гана бергилечи.
Убакыт! Убакыт! Убакыт! Оозунан түшүрбөгөн жалынычы ушул эле.
XIV ГЛАВА
Руфту сүйгөндүгүнө карабай, Мартин латын тилин үйрөнгөн жок. Олнинин кеңешинин бул жерде тиешеси да жок эле. Ага баарынан кымбат убакыт эле, ошондуктан латын тилине караганда алда канча маанилүү илимдерге көңүл бурушу керек эле. Анүстүнө ал жазууга да тийиш эле, анткени ага акча иштеп табыш керек болчу. Бирок анын жазгандарын эч ким баскан жок. Кол жазмалар редакциядан редакцияга саякаттап жүрө берди. Бирок башка жазуучулардыкын басып эле жатышпайбы? Көптөгөн убактысын окуу залында отуруп, башка чыгармаларды окуганга арнады, аларды өзү жазгандарга салыштырып, сын көз менен карап, талдап окуп жатты, бул жазуучуларга өз чыгармаларын орноштурганга жардам берген сырларды табууга аракеттенди.
Окуп чыккан чыгармалардын көпчүлүгүндө жандуу турмуштун жок экенин көрүп таң калып да жатты, бирок ошого карабай алар басма сөз беттерине чыгып кетиптир го. Бул аңгемелерде не жарык, не боёк деген ныпым жок эле.
Бирок жашоонун деми таптакыр сокпогон бул чыгармалардын ар бир сөзүнө эки центтен, ал эми ар бир миң сөзгө болсо, жыйырма доллардан төлөнгөн экен, — гезиттеги кулактандырууда ушинтип жазылыптыр болчу. болуш керек. Ал жеңил жана курч (ал муну моюнга албай коё албады), бирок эч кандай турмуш чындыгы жок бул көп сандаган аңгемелерди биринин артынан бирин таң калуу менен окуп чыгып, кайталап да окуду. Турмуштун өзү бирок ушунчалык таң каларлык, керемет нерсе эмеспи, анда чечилбеген маселелер, таттуу кыялдар, каармандык аракеттер толтура, мына бул аңгемелерде болсо баштан аяк күндөлүк турмуштун адамды жадатып жиберчү тузу жок аштай супсак окуялары гана баяндалыптыр. Мартин турмуштун улуулугун, чексиз алп күчүн, анын кайнактыгын жана назиктигин, анын козголоңчул духун сезип турду, — жазсаң, атаңгөрү, мына ушуларды жаз! Ал башын тобокелге байлап не бир опурталдарга тике караган кашкөй эрлерди, ашыктыктын отунан жинди болуп кете жаздаган жаш жигиттерди, күчү жашоону титиреткен, чыркыраган чымын жандын азабын тартып, үрөй учурган коркунучтардын арасында жакшылык үчүн кармашып жүргөн алптарды даңазалагысы келген. Мынабул басылып чыккан аңгемелерде болсо мистер Бэтлерге окшогон доллардын артынан кууган бечаралар, кунары качкан пенделердин өзүлөрүнө окшогон майда сүйүүлөрү даңкталып атканы. “Бул балким редакторлордун өзүлөрүнүн ушундай майдачыл, жарыбаган адамдар экенинен улам чыгаар? — деп сурачу Мартин өзүнөн. — Же бул редакторлордун, жазуучулардын баары жашоодон коркушабы?”.
Аны баарынан көбүрөөк кысындырган нерсе, ал редакторлор менен да, жазуучулар менен да тааныштыгы жок эле. Ал бир да жазуучуну билчү эмес, жадагалса, жазайын деп аракет кылган пендени да жолуктурган эмес. Андыктан анын менен сүйлөшүп, дурусураак кеңеш берип, туура жолго салган киши болбоду. Мындан улам анда редакторлор деги тирүү кишилер болот бекен деген күдүк ой пайда болду. Балким алар машиненин дөңгөлөгү чыгаар деп ойлоду. Так ошондой болсо керек. Азаптанып аңгеме, очерк, повесттерди жазып, аларга болгон жан дилин төгүп, анан аларды жаны жок машинелерге тапшырып аткан турбайбы көрсө. Ал кол жазмасын чоң конвертке салып, чаптап бекитип, анан кайра жооп алыш үчүн марканы кошо салып, почто жашигине таштаар эле. Кол жазма кыйла күн кыдырып жүрүп, анан башка конвертке салынып, кайра колуна келип тиер эле. Кыязы, буга караганда эч кандай редактор деле болбойт окшойт, болгону кыйтыр иштеген механизм гана кол жазманы башка конвертке салып, маркасын чаптап туруп кайра жөнөтүп коет окшойт. Кээ бир ушундай автоматтар болот ко, тыйын ыргытсаң, ичинен чайначу сагыз же бир тиштем шоколад чыгарып берген. Бир тешигине таштасаң — сагыз, экинчисине таштасаң — шоколад чыгат эмеспи. Редактор деген машине да так ушундай болсо керек. Бир жылчыгынан калем акынын чеги чыкса, экинчисинен куру жооп чыгат. Мартин болсо жалаң экинчи жылчыкка гана туш келип туруп алды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.