Жек Лондон
Мартин Иден
Дүйшөмбү күнү эртең менен Мартин өзүнүн бүтпөй калган акак кармоочулар жөнүндөгү очеркине кападар боло көз жүгүртүп алды да, сынак тапшырмакка Окленддеги мектепти көздөй жөнөдү. Эки-үч күндөн жыйынтыгын билейин деп келип, грамматикадан башка бардык сынактардан өтпөй калганын укту.
— Сиздин грамматика боюнча билимиңиз мыкты экен, — деди профессор Хилтон, калың көз айнеги аркылуу Мартинге тигиле карап, — бирок, башка сабактарды билбейт экенсиз, тагыраак айтканда, таптакыр эч нерсе билбейсиз, айрыкча Кошмо Штаттардын тарыхы боюнча берген жоопторуңуз тимеле теңирден тескери, мындайды атайлап ойлоп да таппайсың. Ошондуктан мен сизге бир масилет берер элем...
Профессор Хилтон ушул жерден токтой калды да, Мартинди өзүнүн лабораториялык айнек түтүкчөлөрүнүн бирине карагандай жактырбагансып, көңүлкош карап калды. Физика боюнча профессор бул кишинин чоң бүлөсү бар эле, жарыбаган айлыгы аны багууга жетчү эмес, бирок билиминин көптүгүн айтпа, физиканы тимеле чемичкедей чагып, анын болгон мыйзамдарын тоту куштан бетер жаттап бүткөн эле.
— Макул, сэр,— деди Мартин токтоо гана, мына бул профессор Хилтондун ордуна маалымат бөлүмүндөгү китепканачы менен сүйлөшүп жатпаганына өкүнүп.
— Айтаар кеңешим башталгыч мектепте дагы бир-эки жылча окусаңыз жакшы болор беле демекчимин. Саламатта болуңуз!
Сынактан кулап калганы Мартинди анча деле кейишке салган жок, бирок, профессор Хилтондун кеңешин Руфка айтканда анын аябай капалана түшкөнүнө өзү да таң калды. Анын кайгырганын көрүп туруп, иши болбой калганынан эмес, кызды капалантканына өкүндү.
— Мына, көрдүңүзбү, — деди кыз, — мен сизге туура айтканмын. Сиз кээ бир студентке караганда чынында көптү билесиз, бирок, карачы, сыноодон да өтө албай олтурасыз. Мунун себеби системалуу эмес, тийди-качтыга сала окуп келгенсиз. Сиз белгилүү бир система боюнча окушуңуз керек, буга жакшы мугалим керек. Билим бышык болууга тийиш. Профессор Хилтон туура айтат, эгерде мен сиздин ордуңузда болсом, кечки башталгыч мектепке бармакмын. Курсту ал жактан бир жарым жылда бүтөсүз, дагы алты айды үнөмдөп каласыз. Ошондо сизге жазганга да, андан майнап чыкпаса, башка бир иш менен алектенгенге убактыңыз болот.
«Макул, күндүз иштесем, кечкисин мектепке барсам, анда сиз менен качан жолугушам?» — деп Мартиндин чочуган биринчи ою ушул болду. Бирок айтканга дааган жок, анын ордуна:
— Кечки мектепке барып окуган мага жаш балдардын ойнундай эле көрүнүп жатат. Эгер мындан чындап пайда чыга турган болсо, ага деле карабас элем. Менимче, мунун эч бир пайдасы жок! Мен мугалимдерден окугандан көрө өз алдынча окусам кыйла тезирээк үйрөнөм. Мектепке барган жөн эле убакытты текке кетирген менен барабар болубатпайбы (ал Руфка жетүү жөнүндөгү каалоосун эстей калды), а мен убактымды жоготкум келбейт! Менде убакыт деген таптакыр жок!
— Бирок сиздин кыла турган иштериңиз толтура болуп атпайбы.
Ал Мартинге мээримдүү карады. Мартин ага каршы айтканы үчүн өзүн ичинен көк мээ айбан экенсиң деди.
— Физика менен химия үчүн лаборатория керек, — деди Руфь. — Алгебра менен геометрияны сиз эч качан өз алдыңызча үйрөнө албайсыз. Сизге сөзсүз жетекчи, тажрыйбалуу адис мугалимдер керек.
Мартин буга эмне деп жооп берсем дегендей бир мүнөткө ой жүгүртүп, унчукпай калды.
— Мени мактанып атат дебеңиз, — деди ал, — кеп таптакыр мында эмес. Бирок менде баарын бат эле өздөштүрүп кете аларымды сезип турам. Баарын өзүм эле үйрөнөм. Мени окуу казды сууга тарткандай эле өзүнө тартып турат. Грамматиканы кандай өздөштүргөндүгүмдү өзүңүз көрдүңүз го. Мындан башка да көп нерселерди окуп үйрөндүм, аны сиз элестете да албайсыз... А мен окуганды жаңыдан гана баштап атпайымбы. Мага бир гана...— деп ал мукактана түшүп, анан кийин так айтты: — түрткү жетишпейт. Мен эмитен гана чийинге түшүп келатам да.
— Чийинге түшүү деген эмне? — Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
— Тиги кандай, бу кандай экенин билүү, — деди ал.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.