Жек Лондон
Мартин Иден
— Бул фраза эч нерсени түшүндүрбөйт, — деди кайра Руфь.
Мартин оюн башкача кылып түшүндүрүүгө аракеттенди:
— Өзүмдүн багытымды эми гана түшүнүп келатам.
Руфь боору ачып кетип, унчукпай калды. Мартин андан ары улады:
— Илим мага деңиз карталары сакталып турган штурмандын бөлмөсү сыяктуу көрүнөт. Китепканага барган сайын ушул жөнүндө ойлойм. Мугалимдин милдети окуучуларды бардык карталар менен ирети менен тааныштырып чыгуу гана. Болгону ушул. Ал өткөргүч сыяктуу. Өзү эч нерсени ойлоп чыгара албайт. Жаңы нерсени жарата да албайт. Картада баары ачык көрсөтүлүп туру, мугалим болсо окуучулар адашпас үчүн эмненин кайсы жерде экенин көрсөтүп гана коёт. А мен адашпайм. Кайсы жер болбосун, тааный алам. Не кылуу керек экенин жакшы билем... Дагы бирдемени ката айттымбы?
— «Не кылуу» эмес, «Эмне кылуу» — деди Руфь.
— Туура айтасыз, эмне кылуу, — кайталады Мартин ыраазы боло. — Эмнени айтып аттым эле, ии, ооба, деңиз карталары жөнүндө. Кээ бир пенделерге...
— Адамдарга, — Руфь дагы түзөттү.
— Ооба, кээ бир адамдарга жол көрсөтүүчүлөр керек. Туура. Бирок мага алардын кереги жок. Анткени мындай карталардын далайын көргөм, мага кайсыл жээк керек, кайсынысын изилдеримди жакшы билем. Багытымды да батырак тандап алам. Флоттун ылдамдыгы дайыма эң жай жүргөн кеменин ылдамдыгы менен ченелет. Мектеп деле так ушундай. Мугалимдер ишин эң начар окуган окуучулардын деңгээлине карап жүргүзүүсү керек. А мен жалгыз эле батыраак жыла алам.
«Бирок жалгыз эмес, сиз менен бирге жылганды каалар элем», — деп айтып жибере жаздады. Ушул тапта көз алдына чексиз ааламдын көз талдырган улуу картинасы, күн нуруна чагылышкан мейкиндик, сансыз жылдыздардан куралган жол элестеп, аларды аралап экөө кол кармашып учуп бараткандай көрүндү, Руфтун аксаргыл алтын түс чачтары жайыла желбиреп, Мартиндин бетине тийип жаткандай сезилип кетти. Ошол замат өзүнүн тилинин аргасыз кедейлигин дагы бир жолу сезип, деми кыстыгып кетти. Эх, атаганат! Эгерде ал азыр өзү көргөндүн баарын Руфь да көрсөчү! Көз алдына капылеттен пайда болуп чыга келген ушул көрүнүштү Руфка сүрөттөп айтып берсем деп ээ жаа бербей тула боюн дүүлүктүрүп жиберген каалоосу жанын кыйнап да жиберди. Так ушул жерден ал бир нерсени түшүндү! Көрсө, сырдын кулпусу бул жакта жаткан турбайбы! Мындай ишти бир гана улуу чеберлер — акындар менен жазуучулар гана кылып атышпайбы! Алардын улуулугунун сыры — өзүлөрүнүн көргөн сезгендерин, бук болгон ойлорун сөз менен айтып бергенди билишкенинде турбайбы. Күнөстөп ургүлөп жаткан ит деле түшүндө үрүп жиберет эмеспи, бирок аны буга эмне түртүп атканын макулук тили менен түшүндүрүп бералбайт эмеспи. Өзүн да азыр так ошол итке салыштырып турду: не деген сонун ажайып нерселерди көргөнү менен бирок аларды Руфка сүрөттөп бералбаган соң ошол иттен эмнеси артык. Эми уктаганы жетишер. Эми көзү ачылып, өз көргөндөрүнүн жомоктогудай кооздугун тили менен бөлүшө алганга жетишкенге чейин, талыкпастан окуп иштей бермекчи. Ойду түшүндүрүүнүн бөтөнчө сырларын билген жана сөздөрдү өзүнө кул сыяктуу багындырып, аларды таң каларлыктай керемет айкалыштыралган адамдар да бар эмеспи. Бир ирмемде эле өзүн буга дейре кыйнап келген терең сырдын түйүнү кокусунан чечилгенине таңгала түштү да, көз алдына кайрадан күн менен жылдыздардын чалкыган мейкиндиктери тартылгандай болду. Капылет келе калган жымжырттыкка таңданып, эсине келди да, жылмая карап турган Руфту көрдү.
— Мен өңүмдө кыялданып кеткен турбаймынбы, — деди Мартин, толкундана түшүп, айтарын айтып, жүрөгү түрсүлдөп кетти.
Ал бул сөздү кантип тапты? Анын кыялын азгыра түшкөн бул паузанын себебин туптуура түшүндүрбөдүбү бул айтканы. Бул укмуш эле! Ал эч качан сонун ойлорун минтип сонун сөздөр менен айталчу эмес, ага аракеттенип да көргөн эмес. Эми баары түшүнүктүү болду. Буга деле аракеттенип көрбөптүр. Суинберн, Теннисон, Киплинг жана башка улуу акындар буга аракеттенип жетишкен эмеспи. Ушул жерден өзүнүн «Акак кармоочулары» аңгемеси түштү. Ойлосо эч качан өзүндө жаткан кооздукту сөз менен сүрөттөп бергенге аракет кылган эмес экен. Эгерде буга башынан умтулганда, мүмкүн аңгемеси таптакыр башкача чыкмакпы. Эмне деген керемет нерселерди жазмак экенмин деп ойлогондо чочуй да түштү; кыялы болсо андан ары алып учуп кетти, өзүн толкуткан кооздуктун баарын жанагы улуу акындар сыяктуу куюлушкан, кудайы пейил ырлар аркылуу сүрөттөп бергенге аракет кылса болбойбу? Жогеле дегенде Руфка болгон махабатын, сүйгөн жандын сырдуу жыргалы менен сүйүүнүн бийик рухун жеткирип бере алса кана. Акындар кылганды эмнеликтен ал кыла албайт экен? Сүйүүнү алар ырдай алат экен да, Мартин ырдай албайт бекен!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.