Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Анан адатынча Руфь роялга отуруп, көпкө чейин Мартинге музыка ойноп, ырдап да берди, жигит болсо көздөрүн кыздан алалбай, сугун арта аңкайып карап отурду, эмне үчүн бул кыздын тегерегинде өзүнө окшоп чарк айланган, азап тарткан ашыктар жок  деп ичинен таңгалып да отурду.

 

X ГЛАВА

Бул кечте Мартин Морздордукуна конок болуп калды жана Руфту чексиз кубандырып, анын атасына жагымдуу таасир калтырды. Аңгеме Мартин беш колундай жатка билген матростук кесип жөнүндө жүрдү: кийин мистер Морз аны абдан тапкыч жана акыл-эстүү жигит экен деп сыпаттады. Кеп үстүндө Мартин орой жана ыксыз сөздөрдөн сактанып, адептүү конок катары шашпай, айтайын дегенин жакшылап түшүндүрүп жатты. Түшкү тамактын алдында былтыркыдай кысынып-кымтынбастан алда канча эркин отурду, Мартинде пайда болгон мындай бурулуш кыздын апасы мисс Морзду да абдан таңыркатып, жагымдуу таасир калтырды.

— Бул Руфка таасир эте алган биринчи жигит, — деди ал күйөөсүнө кийин. — Кызыбыз жигиттерге эч качан көңүл да буруп койчу эмес эле, мунусу эмнеси деп чочуңкурап да жүрдүм эле.  

Мистер Морз аны таңгала карады.

— Сен, эмне, ушул жаш матрос кызыңдын аялдык сезимин ойготсо деп турасыңбы? — деп сурады.

Мен анын кара далы болуп, дүйнөдөн так өтүшүн каалабайм. Эгерде Иден Руфтун жалпы эркек атмайга болгон кызыгуусун козгой алса, анда мунун өзү эле жакшы болбойбу деп ойлоп атам да.

Жакшы болбойбу! — кайталады мистер Морз. — Мм! Бирок жоромолдоп көрөлүчү кымбаттуум, ии, кээде ушинтип жоромолдоого да туура келет, мисалы айталык, ал Руфтун кызыгуусун жалпы эмес, өзүнө гана козгоп койсочу?  

— Мындай болушу мүмкүн эмес, — деди миссис Морз күлүп, — Руфь андан үч жаш улуу, экинчиден, мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес! Жок, эч кандай чекилик иш болбойт. Мага ишенип кой.

Ошентип Мартин Идендин ойной турган ролу так аныкталды. Ал ортодо Артур менен Норманга жакындашкысы келип жүргөн Мартиндин өзүндө да өзгөчө бир ой жаралды. Кеп жекшемби күнү шаар тышына велесепет сейилин уюштуруу туурасында эле, негизи сейил Мартиндин өзүнө анчалык деле кызыгы жок эле, бирок Руфтун да кошо барарын укканда маселе шарт чечилди да калды. Мартин эч качан велесепет тепкен эмес, бирок Руфь тээп аткандан кийин ал да сөзсүз үйрөнүшү керек болуп калды. Ошондуктан үйгө кайтып келатып, дүкөнгө кайрылды да кырк долларга велесепет сатып алды. Мындай акчаны ал кара терге түшүп атып бир айда да тапса араң тапмак, ошондуктан мындай чыгаша анын чөнтөгүн кыйла жукартып койду. Бирок ал “Баяндамачыдан” ала турган жүз долларга “Жаштык жолоочусу” төлөй турган жанагы төрт жүз жыйырманы кошту да акчанын бир бөлүгүн ыгы менен жумшай турганына корстон да боло түштү. Бирок жаман жери, велесепетти алары менен тээп көрөм деп костюму менен шымын айрытып алганы кыжалаттантып турду. Ошол замат Хиггинботамдын дүкөнүндөгү тикмечиге коңгуроо кагып, жаңы костюмга буйрутма берди. Анан велосипедди кууш тепкич менен сүйрөп чыгып өзүнүн бөлмөчөсүнө жеткирип алды да дубалга такай коюлган керебетин саал бери жылдырып велесепетин койду эле, бөлмө ичинде көчүк бурулаар жер калбай калды.

Жекшемби күндү кабыл алуу сынагына даярданууга арнамак болду эле, бирок акак кармоочулар жөнүндөгү аңгемеси ушунчалык ышкысын козгоп туруп алгандыктан, керели кечке мээсинде жанып турган картиналардын сулуулугуна азгырылып, чыгармачылыктын кумарына батты. Бул жекшембиде да «Баяндамачы» анын кенч издегендер туурасындагы аңгемесин жарыялаган жок, бирок ага ал анчалык деле капа болбоду. Кыялы менен абдан бийикке чыгып кеткен окшобойбу, жадагалса тамак ич деп эки жолу чакырган үндү да укпай калыптыр. Ошентибатып мистер Хиггинботамдын жекшемби сайын атайын жасатчу даамдуу тамагынан да ооз тийбестен кетти. Мистер Хиггинботам мындай тамактарды өзүнүн жашоодогу шумдук ийгилигинин чыныгы далили деп эсептер эле жана тамактануу дайыма америкалык турмуш ыңгайынын даанышмандыгы жана ал адамдарга бай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулары тууралуу ой жүгүртүүлөрү менен коштолчу. Ал өзү буга ичинен абдан ишенчү жана эч кимге алардан шектенүүгө жол берчү эмес, мисалы, мындай жашоо тартиби дечү ал, — муну атайын баса белгилеп, — адамды жашылча дүкөнүнүн карапайым сатуучусунан анын кожоюнуна чейин көтөрүлүүгө жол ачат.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.