Жек Лондон
Мартин Иден
Бирок, бул түркүн түс көрүнүш анын ой агымын бузбай, кеп ыргагын жайлатпай, көз алдынан заматта зуу коюп өтүп кетти да, Мартин өзүнүн кыялынан жаралган экрандан китептер менен сүрөттөргө толтура жасалгалуу бөлмө ичинде таза англис тилинде сүйлөшүп отурган ай жамал кыз менен өзүн көрдү, мунун баары тегиз чачыраган ачык нурга шоолаланып тургансыды.
Ал эми экрандын бул капталынан, тиги капталынан, айланасынан таптакыр башка көрүнүштөр улам пайда болуп, кайра житип кетип жатты. Ал кадимки көрарман сыяктуу анын улам бирин тандап көрө алмак. Мунун баарын ал ачык кызгылтым нур көзөп турган тумандын мунарыгы аркылуу көрүп тургансыды. Тигине, оттуу суудан ууртап коюп шарапканада ковбойлор отуру, ажылдаган уятсыз, орой сөздөр угулат, өзү болсо жеткен баш кесерлердин ортосунда туруп алып кыйкыра сөгүнүп, ичип атат, же карта таратып, фишкаларды шалдырата кересин жыттанган сасыган чырактын астындагы үстөлдө чогуу отурат. Анан бир караса, өзү бел кырчоодон жылаңачтанып алыптыр, муштумдарын түйүп, “Сасквеганнанын” палубасында ливерпулдук сары быштак неме менен болгон атактуу мушташтын алдында турганы го; андан кийин козголоң чыккан бүркөк күндүн эртеси канга боелгон «Джон Роджерстин» палубасын, жаны чыга албай кыйналып, тырышып жаткан улук жардамчыны, колуна тапанча кармаган капитанды, тапанчанын оозунан бүркүлгөн от менен түтүндү, анан кандары башына тээп, өң алеттен кеткен матростордун жаалдуу жүздөрүн көрдү; кайрадан жайбаракат жана бейпил мемиреген, нурга бөлөнгөн борбордук сахнага көз чаптырып, китептер менен сүрөттөрдүн арасында өзү менен акырын баарлашып отурган Руфту көрдү; ал кийинчерек ойноп бере турган чоң роялга көзү түштү; анан кулагына өзүнүн азыр эле туура түзүп айткан: «А эмне үчүн сизге менин буга жөндөмдүү экеним туурасында ой келбейт?»,— деген суроосу кирип келди.
— Эгерде, адамдын темир усталыкка шыгы болгон күндө да, — деди Руфь каршы чыга жылмайып, — ал жетиштүүбү? Мен адегенде үйрөнбөй туруп, темир уста болуп кеткен эч кимди уккан эмесмин.
— Сиз мага эмне деп кеңеш берер экенсиз? — деди Мартин, — Бирок, эсиңизде болсун, мен жаза аларымды чын эле сезип турамын. Муну түшүндүрүү кыйын, бирок чынында эле ушундай.
— Сизден жазуучу чыгабы, чыкпайбы, буга карабай сиз окууңуз керек, — деди Руфь. — Билим сиз кайсы гана кесипти тандап албаңыз, сөзсүз керек жана ага жетишүү кокусунан эмес, системалуу түрдө болууга тийиш. Сиз мектепке барышыңыз керек.
— Ооба... — дегенче болбой, кыз анын сөзүн бөлүп жиберди:
— Ошол учурда деле жазганды уланта берсеңиз болот.
— Улантканга аргасызмын да, — деди Мартин ойлоно түшүп.
— Эмнеге минтип жатасыз?
Руфь нараазылана карады: ага Мартиндин өжөрлүгү жага бербей калды.
— Себеби, мунсуз окуй да албайм. Анткени мага тамак, китеп жана кийим керек да.
— Мен аны унутуп койгон турбаймынбы, — деди Руфь күлүп. — Эмне үчүн сиз, даяр жылдык кирешеңиз менен төрөлгөн эмессиз!
— Мен баш аман болуп, ден соолук болсо, адамга дүнүйө табылат деп ойлойм. Мен... — ал «сиз үчүн» деп айтып жибере жаздады, — башка нерселерге жетиш үчүн көп эмелерди иштээр элем.
— «Эмелер» деп, айтпаңыз! — деди Руфь чочугандай тамашага чаптыра, — бул абдан орой угулат.
Мартин уяла түштү.
— Туура айтасыз, — деди ал. — Суранам, мени дайыма ушинтип оңдоп туруңуз.
— Мен... мен жан дилим менен макулмун, — деди Руфь иймене. — Сизде көп жакшы жактарыңыз бар, мен бул сапаттарыңыздын мындан да сонун болорун каалар элем.
Мартин ошол замат Руфтун колундагы чопого айланып кеткендей болду, эми менден эмнени жасагысы келсе, жасай берсин деди ичинен; кыз болсо андан өзү кынтыксыз деп эсептеген идеалдуу эркекти жасаганды чын дилинен каалап турду. Руфь ага орто мектепке кабыл алуу сынактары дүйшөмбү күнү башталаарын айтканда, Мартин ага даяр экенин билдирди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.