Жек Лондон
Мартин Иден
— Менимче, ал балык улоочу кемедеги матростордой эле эптеп тамактанса керек, ошондой болсо, андан жаманы жок...
— Бирок ойлоп көрүңүзчү, ал азыр эмнеге жетишти! — Руфь шыктангандай кыйкырып жиберди. — Ал жаш кезинде көргөн бардык азап-тозогунун эсесин өзүнө эми эки эселеп кайтарып алалат!
Мартин ага сүрдүү карады.
— Сизге момундай бир нерсени айткым келип турат, — деди Мартин каршы болуп, — сиздин мистер Бэтлериңиз азыр деле куунап жашабатат дейсизби. Мурда жакшылап тамак ичпей жүрсө, анда ашказаны деле болбой калгандыр. Ушинтип ойлойм.
Руфь Мартиндин көз карашына чыдай албай көздөрүн ала качты.
— Мелдешесизби, анын ашказаны да оорукчал...
— Ооба, — деди Руфь макул боло, — бирок...
— Ошондуктан балким, — деди Мартин сөзүн улантып, — ал азыр картаң үкүдөй үңкүйүп, көңүлү да эч нерсеге чаппайт чыгаар, ачуусу да мурдунун учунда болсо керек, тапкан отуз миңине деле сүйүнө албайт чыгаар. Андыктан башкалардын көңүл ачып атканын да көргүсү жоктур. Ушундайбы же андай эмеспи?
Руфь туура дегенсип башын ийкеп, түшүндүргүсү келди:
— Бирок ага оюн-зооктун да кереги жок. Анын башынан бери эле мүнөзү ошондой ичиментап түнт. Дайыма эле ушундай болчу.
— Антпегенде анан кантип жүрмөк эле! — деди кызууланган Мартин, — алганы жумасына үч-төрт доллар болсо! Анан да акчасынан арттырам деп өзү тамак жасаса. Күндүз иштеп, кечкисин окуса, окуу менен иштен башка, эч бир көңүл ачуу дегенди билбесе, анан кандай оокат, кайсыл жашоо болгон аныкы! Ха! Ага бул отуз миң абдан эле кеч келген экен.
Мартиндин зирек туюму ошо замат бул ашкан сарамжал жигиттин бүткүл өмүрүн ийне-жибине чейин, анан акырында аны жылдык отуз миң кирешеге жеткирген турмуштун тар руханий жолун көз алдына айкын тарта койду. Чарльз Бэтлердин бардык ою менен иши Мартинге телескоп аркылуу карап тургандай даана көрүндү.
— Сиз билсеңиз, — деди ал, — мистер Бэтлерге боорум ачып турат. Ал башта жаштык кылып, ушу отуз миңге жетем деп өмүрүнүн күлгүн курагын өзүнөн уурдап алыптыр, мына эми жеткени менен андан эч кандай кубаныч деле жоктур. Эми ал бул отуз миңге бала кезинде он центке сатып ала турган нерсесин — балмуздакпы, момпосуйбу же театрга белетпи, бирин да сатып алалбайт!
Мындай ой Руфту таң калтырды. Бул ага жаңылык сезилип, анын көз караштарына туура келбегенинен тышкары, анын дүйнөгө карата болгон көз карашын түп-тамырынан бери оодарып жибере турган чындыктын үлүшү бар экенин да боолголоп турду. Эгерде кыз жыйырма төрттө эмес, он төрттө болгондо, анда Мартиндин таасиринен чыга алмак эмес. Бирок ал жыйырма төрттө, ага кошо табиятынан эски көз карашка ыктап турат, ал эми алган тарбиясы болсо аны өсүп чоңойгон чөйрөсүнүн жашоосуна жана ой жүгүртүүсүнө ыңгайлаштырып турат. Чынында сүйлөшүп жатканда кээде Мартиндин таңгаларлык ой жүгүртүүлөрү аны ыңгайсыздандырып жиберчү, бирок муну анын өзгөчөлүгү менен тагдырына шилтеп, муну батыраак унутканга шашчу. Айтор Руфь анын айткандарына ичинен ынана бербесе да, сыртынан анын сүйлөгөн сөздөрүнүн ушунчалык ишенимдүү экенине, от күйүп тургансыган көздөрүнө жана олуттуу жүзүнө магниттей тартылып турчу. Руфь таптакыр башка чөйрөдөн келген бул адам кээде анын акылы жетпеген, анын көнүмүш деңгээлинен алда канча бийик, терең ойлорду айталат деген оюна да келген эмес эле. Кыз өзүнүн акылынын азыркы жеткен чегин бирден бир туура деп эсептечү; бирок чолок акылдуулар мындай чектүүлүктү башкалардан гана байкайт эмеспи. Ошентип өз акылын абдан терең жана туура деп эсептеп алган Руфь Мартин экөөнүн ортосундагы идеялык пикир келишпестиктин себебин ушундан гана көрүп, Мартинди дүйнөгө өзүнүн көзү менен кароого үйрөтүүнү жана анын дүйнө таанымынын чектерин өзүнүн чектерине чейин кеңейтүүнү кыялданар эле.
— Бирок мен аңгемемди аягына чейин айтып бүтө элекмин, — деди Руфь. — Атамдын айтымында мистер Бэтлер абдан тырышып, өлармандык менен иштегенди билген. Иш дегенде ичип аткан ашын таштай чуркачу дешет. Өмүрү ишке кечиккен эмес, баарынан эрте келип, элдин эң акырында кетчү экен. Ошентип иштеп жүрүп да убактысын үнөмдөгөнгө үйрөнгөн. Бош мезгили боло калганда эле окуганга ашыгып турган. Ал бухгалтерияны, машинкеде басканды үйрөнгөн, стенографиядан да сабак алып жүрүптүр. Сабактын акысын төлөш үчүн соттун тажрыйбага муктаж бир кабарчысына жалданып иштептир, ага түнү менен кагаздарын окуп берчү экен. Анан бат эле кат ташыгычтан кеңселик ишке өтүп, ал жерде табылгыс кызматкерге айланган. Атам аны баалап, келечеги кең экенин алдын ала көргөн. Мистер Бэтлер атамдын кеңеши менен юридикалык мектепке кирип, адвокат болгон соң атамдын ишканасына кайра келип, анын кенже компаньону болгон. Бул чынында абдан көрүнүктүү адам. Бир нече жолу Кошмо Штаттардын сенатындагы орундан да баш тартпаганда, эмкиче ал жогорку соттун мүчөсү да болуп калмак. Мындай өмүр баарыбызды шыктандырууга тийиш. Анткени бул таржымал адам өжөрлүгү жана эркинин кайраттуулугу менен каалаган нерсесине жетише аларын далилдеп турат!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.