Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин кээде ага суроолорду берип атты, бир туруп кыз өзү да музыканы туура эмес түшүнөт окшойм деген ойлорго кептелип атты. Бирок ал ырдаганда Мартин суроо бергенди да унутту. Ырга гана ынтаасын кое угуп, былк этпей отурду. Ошону менен кайра эле фабрикадагы кыздардын чыйылдап ырдаган жагымсыз секетбайлары менен порттордун аракканаларындагы мас шуркуялардын киркирей улуп –уңшуп ырдагандарын эстеп кетти. Руфь ага роялда ойноп, ырдап бергенди жакшы көрчү. Анткени мындай ийкем жана ийилчээк тирүү жан менен биринчи жолу кездешип, мамилелешип отурат; эңсегени аны калыпка салсам дейт, буга өзү да ыраазы, муну кол менен ийлеп жасап аткандай сезилет кызга, андыктан жан дили менен ак ниетте жасагысы келет бул ишти. Баарынан да кызга Мартиндин жанында отурган абдан жагат, андан эми баягыдай чочулабай калган. Чын эле башында жан-дүйнөсүндө бүдөмүк чочулоо ойготкон эле, эми ал коркунуч өтүп кетти. Мындан тышкары, өзү билбей туруп, ага кандайдыр бир укугу бардай да сезет. Башка жагынан алып караганда, жигит ага жагымдуу таасир эте да баштады. Руфь университеттеги окуудан башы чыкпагандыктан, кээде китептин чаңын жутуп отура бергенден көрө Мартинге сиңип калган деңиздин таза салкын шамалынан дем алып туруу пайдалуу болору анык эле. Күч! Ооба, кыз күчкө муктаж эле, Мартин болсо аянбай этпей эле өз күчү менен бөлүшүп жатпайбы. Аны менен бир бөлмөдө отуруу, эшиктен тосуп алуу — көкүрөк менен кере дем алганга тете эле. Анан ал кеткен соң Руфь эки эселенген дем менен кайрадан китепке үңүлчү.
Руфь адамдын ички дүйнөсүнүн чебери Броунингди мыкты биле турган, бирок, адамдын жан-дүйнөсү менен ойноо коркунучтуу экенин ал эч качан ойлогон эмес. Ал Мартинге канчалык кызыккан сайын, анын жашоосун өзгөртсөм деген каалоосу ошончолук күч алып баратты.
— Мына маселен, мистер Бэтлерди караңыз, — деди бир күнү Руфь грамматика, арифметика жана поэзия сабагы аяктаган соң, — бул киши деле көрбөгөндү көргөн убагында. Атасы банкта кассир болуп иштеген экен, анан кургак учук менен узакка ооруп, Аризонада каза тапкандан кийин мистер Бэтлер, — ысмы Чарльз Бэтлер — таптакыр коколой баш калган. Атасынын теги австриялык болгондуктан, Калифорнияда жакын туугандары жок эле. Басмаканага кирип иштеп, — бул жөнүндө ал мага өзү бир нече жолу айтып берген, — адегенде жумасына үч доллардан таап жүрүптүр. Эми болсо ал жылына отуз миң табат. Ал кантип буга жетишти? Ал буга чынчыл, эмгекчил жана сарамжал адам болгонунан жетишип отурат. Жаш кезинде ар кандай оюн-зооктон, шапар тепкенден баш тартып коюптур. Өзүнө өзү бекем шерт кылып, эреже катары жума сайын баарына кайыл болуп жок дегенде аздан болсо да акчасын чогултуп жүрүүнү чечиптир. Албетте, көп өтпөй ал үч доллардан ашыгыраак иштеп таба баштаган жана кирешеси көбөйгөн сайын анын жыйнаган акчасы да көбөйө берген. Күндүз иштеп, жумуштан кийин кечки мектептен окуган. Келечек жөнүндө тынымсыз ойлонгон. Андан кийин кечки курска да барып окуй баштаган. Он жети жашында эле тамга терүүчү болуп иштеп, жакшы эле таба турган болуптур, бирок ал атак-даңкты жакшы көрчү экен. Жалаң кара жанын баккандан тышкары, келечекте мансапка жетишүүнү да эңсегендиктен, кыйынчылыктын баарына кайыл болуптур. Адвокат болууну чечиптир да менин атамдын кеңсесине, — ойлоп көрсөңүз! — жумасына төрт гана долларлык акыга кат ташуучу болуп орношуптур. Бирок абдан сарамжалдуулукка көнгөндүктөн жадагалса, ошо төрт доллардан да арттырып жүрүптүр.
Ушул жерге жеткенде Мартин анын айткандарын кандайча кабыл атканын байкамакка токтой калды Руфь. Жүзү мистер Бэтлердин тагдырына кызыккандай жандана түшкөнү менен кабагы саал бүркөлө түшкөндөй.
— Чын эле, оор болгон экен, — деди Мартин, — жумасына төрт доллар деген эмне! Бул эмнеге жетет. Мына мен жатакана менен тамагыма жумасына беш доллардан төлөп турам, кудай урсун, ошондо да эч нерсеге жетинбейм. Ал байкуш иттей эле жашаса керек. Ичкен тамагы да балким...
— Ал тамагын кересин меште өзү жасачу экен, — деп Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.