Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Руфь болсо эмне болубатканын түшүнгөн жок. Анын мындай иштерде эч кандай тажрыйбасы жок болчу. Эмнени билсе анын баарын ал китептерден алган, китептерде болсо күндөлүк супсак турмуш ойго келбегендей кооздолуп жазылат эмеспи; мына бул карапайым матрос анын жүрөгүнө чок ыргытып, анан ал бир күнү жалынга айланып, жан-дүйнөсүн бүт ээлеп алары кыздын оюна да келген жок. Махабаттын куйкалаган жалыны кандай болорун башынан өткөрбөсө байкуш кыз кайдан билсин. Анын махабат туурасындагы түшүнүгү теориялык гана жактан эле жана “сүйүү” деген сөздүн өзү ага жылдыздардын жымыңдаган нурун, мелмилдеп тынч жаткан деңиздин бетинде майда толкундарды чыбырчыктаткан ойноок желди, жайкы таңдын мөлтүр шүүдүрүмүн элестетчү. Махабат ага  эки адамдын ортосундагы назик эңсөөдөй, атыр жыты аңкыган гүл бакчада сүйгөнүң менен кыналыша отуруп алып, ага эркелөөдөй деп билер эле. Махабаттын оту жанартоодой ысык болору, анан да сүйгөн жүрөктү бир күнү додолонуп ысык күлү гана калган чөлгө айлантып кетери Руфтун оюна да келген эмес эле. Ал ааламда, өзүндө катылып жаткан не бир зор күчтүн бар экенин билген жок; ага жашоо турмуштун мелмилдеген тереңдиги элестердин түтүнүнөн көрүнбөй жоголуп кетип жатканынан да кабары жок эле.  Махабаттын кошулушкан идеалы деп атасы менен энесинин жубайлык жакындыгын эсептечү, андыктан качандыр бир кезде же бир күнү эч бир толкундануу, кооптонуусу жок эле сүйгөн адамы менен кошулууну камырабай күтүп жүрөт.

Мына ошентип, ал Мартин Иденге апенди чалыш жанга карагандай эле мамиле кылып жатат, андан улам жаралган башкача таасирлерин болсо жигитти башкалардан өзгөчөлөнткөн жаңылык гана деп эсептеп турду. Бул кадыресе табигый нерсе болчу. Ал ажайыпканадагы жапайы айбанатты, же куюндаган бороонду, чагылгандын чарт эткенин көрүп, чочуп кеткенде деле ушундай эле сезимге кабылчу, анын эмнеси бар экен. Мындай кубулуштарда космостон келгендей туюк ишара боло турган, ушундай эле нерсени кыз Мартинден да сезип туюп тургансыды. Мартин ага деңиздин салкын демин, көз жеткис кыйырлардын чексиздигин алып келгендей болду. Анын жүзүндө тропикалык аптаптуу күндүн нуру калып калыптыр, темирдей булчуңдарында болсо адам атанын доорундагыдай жашоонун күчү бар экен. Анын денесинде Руфь өмүрүндө көрбөгөн укпаган катаал дүйнөнүн ырайымсыз адамдарынан алган сансыз кесиктери менен тырыктары толтура. Айтор, бул али колго көнө элек жапайы неме эле, ошондуктанбы, анын оозунан чыкканды аңкая тыңшап, эмне десе баш ийип турганы Руфка жагып да турду. Ушундан улам аны мына бул жапайыны колго үйрөтсөм деген гана каалоо жылоолоп турганы. Болгону эле ошол. Мындай каалоо акылына баш ийбей, кыз андан өзү жетишкендиктин эң мыкты үлгүсүндөй көрүнгөн атасына окшош адамды жасагысы келип туруп алды. Бирок Мартин анын жүрөгүндө ойготкон космостук сезим чынында эле махабат экенин, мунун аял менен эркекти бүтүндөй бир аалам аркылуу бири бирине умтулткан, ошол эле жаныбарлардын дүйнөсүндө деле бугуларды күүгө келген ургаачысын талашып, бирин бири жара сүзүп өлтүргөнгө аргасыз кылган, дегеле тирүү жандын баарын кошулууга шыктандырган оңбогондой күч экенин кыз али аңдап түшүнө элек болчу. 

Мартиндин бат эле идиректенип баратканы кызды абдан таңгалтырып, кызыгуусун ого бетер арттырды. Кыз анын жан-дүйнөсүнүн катылып жаткан ушундай бир кырларын ачты дейсиң, муну ал өзү да билбеген, туйбаган экен, алар жумшак, ыңгайлуу кыртышка сайылган гүлдөй күндөн күнгө ачылып баратты. Руфь ага үн чыгара Броунингди окуп берип жатып Мартиндин түшүнүксүз жерлерди билгичтик менен түшүндүргөнүнө таңгалганын айтпа. Жашоону, адамдарды жакшы билгендиктен, Мартиндин түшүндүрмөлөрү өзүнүкүнө караганда алда канча туура экени кыдын оюна келген жок. Анын талкуулагандары кызга баёо көрүнгөнү менен, бир туруп анын өзү артынан ээрчип жете албаган, алыскы жылдыздардын мейкинин аралай сызып кеткен ойлорунун учкулдугу таңгалдырса, бир туруп туюлбаган кандайдыр бир орошон күч менен кезигишкендей болуп жатканы тула боюн чымыратып да турду. Анан Руфь ага рояль ойноп берди жана музыка Мартиндин жан-дүйнөсүн Руфь ченей албаган тереңдигине сүңгүп кирип кетти. Ал музыканын үнүн уккан сайын дили күн нуруна баш көтөрө бажырая ачылып бараткан гүлдөй жаркып баратты; буга чейин угуп жүргөн кулагына көнүмүш дүпүлдөгөн ыргактарды жана джаз музыкасынын кескин жагымсыз үнүн ошол замат унутуп, Руфь сүйгөн классикалык музыкага ооп, алтургай, аны баалаганга да жарап калды. Адегенде Вагнер жаккансып турду эле, Руфь жакшылап түшүндүрүп берген соң анын «Тангейзер» увертюрасы баарынан да ашып түштү. Анткени бул чыгарма кай бир даражада өзүнүн жашоосуна үндөшүп тургандай сезилип кетти. Анын мурдакы жашоосу айрыкча Венериндин үңкүрү деп аталган темада абдан таасын ачып берилиптир, ал эми Руфту болсо өзүн бул керемет дүйнөнү зыяраттатып жүргөн жолоочусундай көрдү; Вагнердин сыйкырдуу музыкасы аны рухтун жакшылык менен жамандыктын жер каймактагандан бери жүрүп келаткан таймашынын падышачылыгына ээрчитип кеткенсиди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.