Жек Лондон
Мартин Иден
— Ооба, ал мыкты адам экен, — деди чын жүрөгүнөн Мартин.
Ошондой болсо да бул баяндын кайсы бир жери Мартиндин сулуулук жана турмуш жөнүндөгү түшүнүгүнө коошпогонсуп турду. Ал мистер Бэтлер башынан өткөргөн азап-тозокторго жетишерлик негиз таппай жатты. Эгерде ал мунун баарына аялды катуу сүйгөндүгү же сулуулукка умтулгандыгы үчүн барганда Мартин аны түшүнмөк. Махабаттан делбетап болгон жаш жигит кайдагы бир жылына отуз миң доллар үчүн эмес, арзыганын бир өпкөнгө жанынан кечип кеткенге кайыл эмеспи! Андыктан кыз мактап аткан мистер Бэтлердин мансапка жетишсем дееген таржымалында боор ооруткандай бирдеме бар эле жана бул Мартинди анчалык деле шыктандыра албады. Отуз миң доллар деген албетте жаман эмес дечи, бирок анын ашказанын талкалап, жашоонун кубанычынан ажыратканы алардын баалуулугун жокко чыгарып турду.
Мартин Руфка айткан ойлордун көпчүлүгү кызда аны кайра тарбиялоо керек деген пикирди дагы бир жолу тастыктады. Руфка өз чөйрөсүндөгү тар ой жүгүртүү мүнөздүү эле, жана бул белгилүү чөйрөдөгү адамдарды өздөрүнүн гана расасы, дини жана саясий ишеними туура, ал эми дүйнө бетине чачылып кеткен башка бардык адам пенделери бизден алда канча төмөн турат деп ойлогонго мажбурлап тураар эле. Бул эркек болуп төрөлгөнү үчүн кудайга салават айтып, эми аалам бетин кезе башкаларга да өз кудайын таңуулап жүргөн байыркы жөөттүкүндөй тар ой жүгүртүү эле. Таптакыр башка жашоонун шарттарында өсүп жетилген бул немени да алып туруп, өз чөйрөсүндөгү адамдардын үлгүсү боюнча кайра жасап чыгууга Руфту ишендирген да мына ушундай ой жорум болду.
IX ГЛАВА
Махабаттын кусасы жанын кыйнаган Мартин Иден деңизден кайтары менен Калифорнияны көздөй ашыкты. Мындан сегиз ай мурда ал акчасы түгөнгөндөн соң, Соломон аралдарына көмүлгөн байлыкты издеп чыккан кемеге жалданып жөнөп кеткен эле. Канча издеп убара тартышпасын майнабы болбогондон кийин оңунан чыкпаган бул иш токтотулган. Матростордун акысын Австралияда төлөп берер замат Мартин ошол эле жерден Сан-Франциского жөнөп турган кемеге жалдана калды. Иши кылса өткөн сегиз ай ичинде ал кара жанын бакканга жетишерлик акча гана иштеп албастан, окуусун улантууга да убакыт таба алды.
Ал зээндүү жан эле, анүстүнө табиятынан тырышчаактыгы да, Руфка болгон сүйүүсү да Мартинди алга сүрөп турду. Грамматиканы үйрөнүп бүтсө да бир нече ирет кайталап атып, акыры толугу менен өздөштүрүп алды. Эми ал матростордун сүйлөшкөндөрүнүн ката жактарын оңой эле аныктап, оюнда алардын айткандарын жана орой жактарын оңдочу болду. Өзүнүн угуу жөндөмү да кыйла өөрчүп, грамматикалык жактан кандайдыр бир өзгөчө сезгичтиктин пайда болгонуна жетине албайт. Туура эмес айтылган ар бир сөз жагымсыз угулчу болду, ошентсе да көнгөн адаты менен өзүнүн оозунан деле кез –кезде орой сөздөр чыгып кеткенин шак эле байкай турган болду. Мындай сөздөрдөн биротоло арылууга болбой эле убакыт керек окшобойбу.
Грамматиканы бүткөндөн кийин сөздүккө киришти жана күн сайын өзүнүн сөз байлыгына жыйырмадан сөз кошуп турууну эреже кылып алды. Бул оңой иш эмес эле, вахтада же штурвалды кармап турганда үйрөнгөн сөздөрүн тынбай кайталап, ар бир сөздү туура айтууга тырышып жүрдү. Руфь айткан насаат кеңештерди эстеп жүрүп бат эле кеме офицерлеринен жана бул тобокелчил ишти каржылап каюталарда отурган мырзалардан да англисче тазараак да, туура да сүйлөй баштаганын байкап, буга өзү да таң калды.
Норвегиялык балык көз капитанда кокусунан эзели өзү бетин ачпаган Шекспирдин толук жыйнагы табылып калбаспы. Кийимдериңди жууп берип турайын деп ага асылып атып Мартин акыры бул кымбат нарк китепти окуп чыгууга уруксат сурап алды. Андагы трагедиялардын айрым бир жерлери ага ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен, аларды эч бир кыйналбай эле эстеп калып жатты, ошондон бир топко чейин бүт дүйнө ага елизаветалык театрдын образдары менен формасындай көрүнүп жүрдү, ойлору болсо өзүнөн-өзү кадимки ак ырга айланып кетип жатты. Бул анын угуу жөндөмүн машыктырып, тилине көптөгөн эски, сейрек сөз айкалыштарын киргизгени менен англис тилинин асылдыгын баалоого үйрөттү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.