Жек Лондон
Мартин Иден
Арадан бир-эки күн өттү, бирок жооп болбоду. «Кечиккен» баягы эле ачылган бойдон жатты, ал эми кайтарылган кол жазмалардын дөбөсү болсо өскөндөн өсө берди. Өмүрүндө биринчи ирет Мартин кирпик какпай таң атырган күн ушул болду. Чыдай албай Морздордукуна үч жолу чуркап келди, бирок үч жолу тең киралбай, эшик кайтарган малайдан кагуу жеп артка кайтты. Бриссенден сыркоолоп төшөктө жаткан эле, утуру барып аманчылыгын сурап турду, бирок ичиндеги арманын айтып, аны да сар-санаага салганды эп көрбөдү.
Мартиндин кайгысы өзүнө жетишерлик эле. Кабарчынын карасанатай кылык-жоруктарынын кесепети Мартин күткөндөн алда канча ашып түштү. Португал дүкөнчү ага карыз бергенин дароо токтотту, ал эми жашылча саткан америкалык болсо, буркан-шаркан түшүп Мартинди элдин душманысың, саткынсың деп өкүрүп бакырып, карызыңдын да кереги жок, дүкөнүмө экинчи жолу басып келбе деп карыз жазган кагазын тытып ыргытты. Тегеректе жашагандардын баары Мартинди жек көрүп, ага кыжырданганы күндөн-күнгө күчөдү. Эч ким чыккынчы социалист менен мамиле кылганды каалбай калды. Мария байкуш болсо дагы эле Мартинди кыя албаганы менен ичинен коркуп, шеги күчөсө да мурдакы калыбынан жазган жок. Кошуна балакайлар болсо бир кезде Мартинге келген кооз арабага суктанганын унутуп, эми анын карааны көрүнөөрү менен дубалдан баштарын кылтыйтып, артынан «кулиган», «селсаяк» деп кыйкырчу болду. Бир гана ага болушкан Мариянын балдары бекем туруп, балдар менен мушташып, чекелери томпоюп, көздөрү көгөрсө да аны баягыдай эле коргоп жатышты, алардын мындай кебетелерин көргөн сайын Мария эмне кыларын билбей, ичинен кан өтүп кетчү болду.
Бир күнү көчөдөн Мартин эжеси Гертруданы жолуктуруп, андан өзү шекшип боолголоп жүргөндөй кепти укту. Бернард Хиггинботам Мартин деген неме мени үй-бүлөмдүн, элдин көзүнчө маскара кылганын айтып, эми ага сөөкөчтү кас экенин билдириптир! Ага кошо Мартин экинчи жолу босогомду аттабасын дептир.
— Бир жакка кетип калсаңчы, андан көрө Мартин, — суранды Гертруда. — Бир жакка барып, ал жерден бир ишке орношуп алсаң, жакшы болор эле. Анан бул ызы-чуунун аягы суугандан кийин акырын кайра келип каласың да.
Мартин башын чайкап, күңк-мыңк этип тыңгылыктуу эч нерсе айткан жок. Эмне демек? Аны менен бир туугандарынын ортосунда түпсүз ор жатты. Эми азыр ошол ордон секире албай турду. Ницше менен социализмдин айырмасын Гертрудага кантип түшүндүрөт! Бул адамдарга өзүнүн көз караштары менен кылыбаткан ишин түшүндүрүп, баяндап бергенге азыр дүйнөдө сөз таппай турду. Булардын баары биригип бир гана кепке: бир жерден иш табышың керек дегенге гана такалып турду. Алардын болгон айткан сөзү да, түшүнүгү да ушул эле. Бир иш тап! Бир жерге орнош! «Байкуш, маңыроо кулдар, — деп ойлоду Мартин Гертруданын сөзүн угуп. — Бүт дүйнөнү ээлеп алган алдууларга таң калып деле кереги жок! Кулдарды алардын өзүлөрүнүн кулдук ойлору түбүнө жетет. «Кызмат» деген сөз алар үчүн дайыма кастарлап, баштарын ийген ыйык тумар боло турган.
Бир нече күндөн кийин акчасы түгөнүп, кастүмүн дагы күрөөгө коёрун билип турса да Гертруданын берген акчасын албай койду Мартин.
— Бернардга сен эми келбей эле кое тур, — деди бир тууганына жаны күйгөн Гертруда жалынгандай. — Бир-эки ай өткөндөн кийин ачуусу тарап калат, мына ошол кезде акырын келип, алтургай, кабыл кылсаң арабакечиң болоюн десең жок дебес. Мага жолуккуң келсе, бирөөдөн акырын айттырып жибер, мен дайыма эле үйдө болом. Макулбу?
Ушуну айтты да көз жашын көлдөткөн Гертруда жолуна түшүп кете берди. Эжесинин оор, илкип баскан кадамын артынан карап туруп, Мартиндин жүрөгү аянычтан кысыла түштү. Ушинтип так эжесин узата карап турган кезде күтүлбөгөн жерден өзү ишенген ницшеандык окуунун имараты түбүнөн солкулдап, кулап кирди. Козгө көрүнбөгөн кулчулук туурасында ой калчаган жакшы эле, бирок аны өзүңдүн жакындарына колдонуу оңой эмес эле. Эгерде алдуулар алсыздарды эзип турган анык мисалды көргүсү келсе, анда ага Гертрудадан артык мисалды кайдан табасың. Мартин мындай карама-каршылыкка күлүп да жиберди. Сезимталдыкка алдырып, чыныгы турмуш менен адеп кездешкенде эле өзүнүн көз караштарына олку-солку боло баштаса, анда анын эмнеси ницшеанчыл; баса, ушул мүнөттө анын өзүнүн кулдук моралы байкалып турган жокпу, тигинтип эжесине боор ачыганы анын анык кулдук сезими эмеспи? Чыныгы күчтүү адам деген боорукерлик менен аёо деген сезимден өйдө турууга тийиш. Анткени мындай сезим жер төлөлөрдө жаралып, чабалдар менен шордуулардын өлүм алдындагы акыркы жан далбасасы боло турган.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.