Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Калыбы, сиз кече деле эч нерсе жазган эмес окшойсуз? Бирок Бриссенден сабырдуу адамдардан эмес эле, ошондуктан дароо үнүн өзгөртө кыйкырып жиберди:

— Мартин! Эгерде сиз муну төпөштөбөсөңүз, анда мунун тумшугун өзүм талкалай коём! Өлсөм да бир уруп алам!

Май көтөнгө чапкылап койсом жетишет го дейм? — сурады Мартин.

Бриссенден оюн башкарган калыстай ойлоно түшүп, башын ийкеди.

Көз ачып жумганча жаш кабарчынын алмадай башы Мартинди эки тизесинин ортосунда кыпчылып турду.

— Тиштемей жок, — деди Мартин эскертип, — антсең алдагы татынакай тумшугуңду талкалап коюуга аргасыз болом. Минткенде убалыңа калбаймыбы.

Ошентти да оң колу менен кабарчыны май көтөнгө чыпылдатып чапкылап кирди. Өспүрүм бала кабарчы кыңкыстап сөгүнүп, колдон жулунуп атты, бирок тиштегенге дааган жок. Бриссенден болсо муну кумарга бата карап турду. Бир ирет ал чыдай албай кетип, бош бөтөлкөнү колуна ала коюп кыйкырып калды:

— Берчи, мен да бир чаап алайын!

— Тилекке каршы, шайым ооп калды, — деди Мартин акыры, — Колум да таптакыр сенейип калды.

Ал кабарчыны шилиден алып туруп, керебетке ыргытты.

Мен муну полицияга билдирем. Сизди камап салышат! — деп кыйкырды тиги. Ызасынан агылган көз жашы ысып чыккан бетинен ага берди. — Буга сиз жооп бересиз. Караңыз!

— Мына сага, — деди Мартин, — мунун дагы эле тайгак жолго түшүп алганына мээси жете элек турбайбы. Минтип арамзаланып, каратып туруп калп айткан эркек атка татыктуу эмес экенин бул кеңкелес өзү түшүнбөйт окшойт.

Ошону түшүндүрүп коёр бекен деп сизге келип отурбайбы, — деп Бриссенден кыстара койду.

Ырас, бул мени алдын ала жаманатты кылып, абийримди айрандай төгүп туруп анан келип атпайбы. Эми менин дүкөнчүм мага карыз бергенден баш тартып коюшу мүмкүн. Бирок баарынан жаманы, байкуш бала өзүнөн колдон суурулган шылуун журналист менен элдин баарын сызга отургузган шумпай чыкмайынча бул жолунан тайчудай эмес.

— Бирок муну туура жолго салганга сиздин убактыңыз бар да, — деди Бриссенден каршы чыгып. — Кап, эмнеге мага муну жок дегенде бир эле чаап алганга берген жоксуз. Бул жакшы ишке мен да катышып калайын дедим эле да.

— Экөөңөрдү тең түрмөгө олтургузат! — деди бышактаган шордуу бала. Айбандар!

Бети эң эле калың неме экен, — деди Мартин башын чайкап, — колумду жөн жерден эле жооруттум окшойт. Бул жаш жигитти тарбиялап болбойт. Мына көрөсүз, андан сөзсүз биринчи даражадагы журналист чыгат. Анткени мында уят-сыйыт деген түк жок! Ушунун өзү эле ага өйдөлөп кеткенге жардам берчүдөй.

Ал ортодо жаш кабарчы алды-артын карабай урган бойдон эшикти көздөй дыр койду да, дагы эле колундагы бөтөлкөнү салмактап турган Бриссендендин жанынан зуу өтүп, сыртка чыга качты.

Эртеси күнү Мартин өзү жөнүндө гезиттен бир топ жаңы, кызыктарды билди. Көрсө ал: «Ооба, биз коомдун душмандарыбыз, — деп айтыптыр кабарчыга берген маегинде, — бирок анархист эмеспиз! Биз — социалисттербиз!». Кабарчы ага бул эки окуунун ортосунда анчалык деле айырма жок экенин белгилесе, ал «жок болсо, жок да» деп унчукпай макул боло ийин куушуруп койгон имиш. Окуган сайын Мартиндин өңү-башы бузулуп, иреңи кумсарып баратты. Муштумдары өзүнөн өзү бекем түйүлүп, көздөрүнөн керек болсо кимдир бирөөнүн канын ичип жиберер жаалдын оту жылтырап күйүп чыкты.

    Гезитти андан ары окуса, көрсө Мартин күн сайын кечинде Сити-холл-багында жумушчулардын жыйналыштарында чыгып сүйлөп, ал жердеги адамдардын акыл-эсин ууландырып жатышкан бардык анархисттер менен үгүтчүлөрдүн арасынан абдан таанымал болуп калган экен, анткени анын сүйлөгөндөрү абдан революциячыл имиш. Жанагы көтөнгө жеп качып кеткен жубарымбек кабарчы ушинтип урдуруп салыптыр. Алтургай, анын жашаган бөлмөсүн да келиштире сүрөттөптүр, тамак бышырган кересин мешин, буту мыйрыйган жалгыз үстөлүн да сонун кылып кошуп коюптур. Анан ага кошо кебетеси жыйырма жыл түрмөдө жатып жаңы эле бошонуп чыккандай суук, ырайы арбактай көрүнгөн селсаяк досу бар экен деп Бриссенденди да келиштире сүрөттөп, көркөмдөп жазып салыптыр.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.