Жек Лондон
Мартин Иден
Айтор, жаш кабарчы абдан бышык экенин көрсөтүптүр. Жадагалса Мартин Идендин өмүр баянынан өйдө шимшилеп сураштырып, алтургай, мистер Хиггинботамдын дүкөнчүсүнүн жана анын эшигинин жанында турган мистер Хиггинботамдын өзүнүн да сүрөтүн кайдан-жайдан чукуп таап чыгыптыр. Макалада Хиггинботам кадыр барктуу, акыл –эс менен ой жүгүрткөн коммерсант катары көрсөтүлүптүр. Ал кайниси Мартин Идендин социалисттик көз карашын жактырмак тургай, аны менен болгон туугандык байланышынан таза кол жууган адам катары баяндалыптыр. Анын сөзү боюнча Мартин Иден жеткен жалкоо жана бекерпоз, канчалаган пайдалуу сунуштардан баш тарткан, иштейин деген оюнда да жок, демек, акыры барар жери түрмө болорун абдан баса айтыптыр. Кабарчыга бул да аз көрүнсө керек, Мартинге күйөө бала болмуш Герман фон Шмидт менен да маек куруп ийиптир. Ал Мартинди «бир үйдөн чыккан кумалак» деп атап, аны менен таптакыр катышы жок экенин бежирептир. «Ал мени пайдаланып калайын деди эле, бирок ал арам оюн ишке ашырууга мен жол берген жокмун, — дептир Герман фон Шмидт кошумчалап, — Мен аны бул жерге экинчи жолу келгис кылгам, анткени андай акмактан мен эч качан жакшылык күтпөйм!»
Эми Мартиндин чындап ачуусу келди. Бриссенден болсо мунун баарына кызык оюн көрүбаткандай эле мамиле кылды, бирок Мартинди соорото албады. Мартиндин корккону мунун баарын Руфка түшүндүрүү кыйын эле, анүстүнө Руфтун атасы карандай калпты шылтоолоп, экөөнүн ортосундагы никелик макулдашууну бузуп да салышы мүмкүн. Мартинди сар-санаага батырган бул божомол так ойлогондой ордунан чыкты. Эртеси күнү ага почточу Руфтан келген катты жеткирди. Бир жамандык болорун жүрөгү сезген Мартин бир кырсыктын боло тургандыгын сезе коюп, ачылган каалганын жанында турган бойдон конвертти ачты да, катты окуп кирди.
Окуп жатып Мартин көнүмүш адаты менен чөнтөгүн сыйпалап, тамеки издеп калды. Мурда жанынан тамеки менен орочу кагаз түшчү эмес. Ал чөнтөгү бош болсо да колун сала эмне издеп атканына өзү да маани бербеди.
Кат абдан токтоо жазылыптыр. Кыз кыжырланбаса деле каттын башынан аягына дейре таарынычы менен көңүлү калганын айтыптыр. Ал кыздын үмүтүн актабаганын жазыптыр. Эгерде Мартин аны чын дилинен сүйсө, анда эчак эле өзүнүн кылык-жоругун оңдоп, аны менен татыктуу турмуш курууга умтулмактыгын айтып таарыныптыр Руфь. Эми атасы менен энеси алардын никелик келишимин жокко чыгарууну талап кылып атышыптыр. Андыктан алардын пикирин туура эмес деп айтканга эч бир негиз таппаптыр. Экөөнүн мамилесинен эч нерсе чыкпасын айтыптыр. Анткени мунун баары башынан ката иш болгон экен. Катта бир доомат бар болчу, баарынан да ачуу сезилгени ошол болду.
«Эгерде сиз баягыда эле бир жерге кирип иштеп кеткенде, же иши кылса жашоодон орун тапканга умтулганыңызда кана! — деп жазыптыр Руфь. — Бирок мындай болбоду. Сиз мурда өтө эле ыплас, башаламан, ээн-эркин жашап келгенсиз. Бул үчүн мен сизди тилдегим келбейт. Сиз өз мүнөзүңүзгө, анан мурдагы адаттарыңызга ылайык иш туттуңуз. Мен сизди урушуп жаткан жокмун Мартин, түшүнүңүз. Апам менен атам туура айтышкан экен: биз бири-бирибизге тең эмеспиз, кудай жалгап муну эртерек билгенибизге кубануу гана керек... Эми мындан ары мени менен көрүшөм деп аракет кылбаңыз, — деп аяктаптыр катын Руфь, — эгер биз жолукчу болсок бири-бирибизге, анан менин апама абдан оор болот. Мен ансыз деле апамды көп капа кылдым, эми айыбымды жакын арада жууй аламбы жокпу, билбейм!».
Мартин катты бир нече жолу кунт коё окуп чыкты. Анан отуруп жооп жазды. Ал катында социалисттик митингде эмне кеп болгонун төкпөй чачпай жазды, уяты жок ушакчы гезит анын айткандарын башынан аяк бурмалап, теңирден тескери жарыялап жибергенин айтып, гезиттин да бетин ачты. Каттын соңунда өзүнүн чексиз берилген, жалыны суубас махабаты туурасында дагы бир ирет айтып өттү. «Абдан суранарым, сөзсүз жооп берсеңиз экен, — деп жазды ал, — болгону бир гана нерсени айтыңыз — мени сүйөсүзбү же жокпу? Эң башкысы мага ушул гана».
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.