Жек Лондон
Мартин Иден
«Биз поэманы мистер Картрайту Брюска окуп чыгууга берген элек, — деп жазыптыр басмакер, — ал поэманы окуп чыгып, абдан жогору баа берген соң, биз поэманы жан –дилибиз менен журналыбызга басууну чечтик. Поэма август айындагы санга басылмакчы. Анткени июлдун саны терилип бүтүп калган эле. Мистер Бриссенденге биздин урматыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдирип коюуңузду өтүнөбүз. Анын сүрөтү менен өмүр баяны керек, мүмкүнчүлүк болсо, тезирек салып жиберсеңиз. Эгерде биз сунуш кылган калем акы аздык кыла турган болсо, анда тартынбай эле өзүңүздөрдү канааттандыра турган сумманы телеграф аркылуу билдирип койсоңуздар болот»...
Сунуш кылган калем акы үч жүз элүү доллар болгондуктан, Мартин телеграф урбай эле коюуну чечти. Эми Бриссендендин гана макулдугун алышы керек эле. Мартиндин ою туура болуп чыкты. Көрсө, чыныгы поэзия жөнүндө түшүнүгү бар редактор болот экен да. Мындай мыкты калем акы «Эфемерида» үчүн арзырлык эле. Мартин Бриссендендин Картрайт Брюс адабий сынчылардын арасынан көзгө көрүнгөн мыкты сынчы деп айтканын көп уккан.
Мартин үйдөн чыгып, трамвайга олтурду да терезеден зыпылдап учкан үйлөр менен көчө кесилиштерин карап отуруп, азыр аны досунун да, өзүнүн да ийгиликтери эч бир көңүл жубатпай калганын ойлоп кейип баратты. Поэманы Кошмо Штаттардын эң көрүнүктүү делинген сынчысы татыктуу баалабадыбы, демек, Мартиндин бир кездеги искусствонун чыныгы чыгармасы акыры барып басмага өз жолун табат дегени туптуура чыкты. Бирок Мартинде баягыдай дем да, шыктануу да жок эле, болгону Бриссенденге жолугуп, бул кубанычтуу кабарды ага угузууну гана көбүрөөк эңсеп турду ушу тапта. Беш күн бою «Кечиккен» менен алпурушуп атып, бир жолу да Бриссенден жөнүндө ойлоп же андан кабар албаганын эстеди. Мартин өмүрүндө биринчи жолу мындай дендароо абалга кабылганын сезип, мунусу үчүн өзүн досунун алдында ыңгайсыз да сезип кетти. Бирок уялганы менен көңүлү абдан эле чөгүңкү эле. Аны бир гана «Кечиккендин» үстүндө иштеген чыгармачылыктын кубанычынан башка көңүл жубатар эч нерсеси калган жок болчу. Башканын баарына кайдыгер эле.
Мартин өз эркине өзү ээ боло албай калгандай абалда эле. Трамвай өтүп бара жаткан уу-дуу түшкөн көчөлөр ага кандайдыр бир алыстан көрүнгөн караандар сыяктуу болуп көрүнүп жатты, ушу тапта көз алдында чиркөөнүн коңгуроосу кулап түшүп, чачырап кетсе да ага таң калбас эле.
Мейманканага кирип келип түз эле Бриссендендин бөлмөсүнө жетти таң кала токтоп туруп калды. Бөлмө ичи аңгырап, бош турган экен. Буюмдардын баарын сыртка чыгарып салышыптыр.
— Мистер Бриссенден чыгып кетти беле? — деп сурады Мартин эшик кайтаргандан швейцардан. — Дарегин таштаган жокпу?
— Сиз эч нерсе уккан жок белеңиз? — деди тиги.
Мартин башын чайкады.
— Гезиттердин баарында эле жазылды го. Аны керебетинде өлүп жаткан жеринен табышыптыр... Ал тапанча менен өзүн өзү башка атып өлтүрүптүр дейт!
— Аны көөмп коюштубу?
Бул суроону Мартинге өзү эмес, башка бир чоочун киши бергендей болду.
— Жок, тергөө бүткөндөн кийин эле сөөгүн чыгарып беришкен. Бул ишти анын туугандары адвокат апкелип бүтүрдү дешет.
— Эмнеге мынчалык шашылыш? — деди Мартин түшүп.
— Кантип шашылыш болот? Бул иш мындан беш күн мурда болгон!
— Беш күн мурда?
— Ооба .
— А! —дегенден башка Мартин эч нерсе айта албады, шарт бурула мейманканадан чыгып кетти.
Жолдо келе жатып телеграфтан «Парфеон» басмаканасынын ээсине поэманы баса берсеңиз болот деген кабар жөнөттү. Телеграмманы акчасын кийин төлөгүдөй карызга жөнөттү, анткени чөнтөгүндө болгону жолго деген беш цент гана тыйыны калган.
Үйүнө кайтып келери менен эле Мартин кайрадан ишке киришти. Күн артынан күн, түн артынан түн өтүп жатты, Мартин түк козголуп койбой, отурган калыбында баш көтөрбөй жаза берди. Чыкса ломбардка гана чыкты, эптеп бирдеме жасап жей коюп, болбосо жазганын уланта берди. Бул повестти мурда эле баштан-аяк ийне-жибине чейин ойлонуп койсо да, бирок жазып атып негизги окуя башталганга чейинки бөлүгүн башкача кылып жазмак болду, бул болсо повесттин көлөмүн жыйырма миң сөзгө көбөйттү. Чынында повестти мынчалык шөкөттөштүн деле керги жок болучу, бирок Мартин башкача иштей алмак эмес. Ал өзүн өзү унутуп коюп, үстөлгө тимеле бирөө байлап койгонсуп жан үрөй иштеп атты, адамдын арбагы өзүнө тааныш жерлерди кыдырып жүргөн сыяктуу, ал да оюнда өзүнүн алгачкы чыгармачылык мезгилдерине кайтып барып атты. Кимдир бирөөнүн арбак — бул өлгөн адамдын жаны, бирок ал аны өзү сезбейт деп айтканын эстеди. Мен да ошондой болуп аткан жокмунбу деп ойлоп кеткен Мартин ал оюнан чочуп да кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.