Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ошол бойдон канча отурганын билген жок; акыры көз алдына туман чүмкөгөн алыстыктан ачык, узун ак тилке көрүнө баштады. Бул таң каларлык көрүнүш эле. Бирок жакшылап тигиле караган Мартин бул ак тилкенин Тынч океандын акактуу аскаларынын бирине урунуп турган ак толкундун сызыгы экенин көрдү. Андан ары Мартин ак толкундун калкыган көбүгү арасынан эски кичинекей кайыкты көрүп калды. Кайыктын тумшук жагында бел кырчоодон кочкул кызыл кездемеден белбоо курчанып алган кара тору жаш жигит жез кудайдай койкоюп отуруп алып, күнгө чагылышкан калагын улам толкунга матыра шилеп келатыры. Мартин аны тааный койду. Бул жергиликтүү уруунун башчысы Таминин кенже уулу Моти деген боло турган, демек, бул окуя Таитинин жээктеринде болуп жаткан окшойт,  так ушул жерде акактуу аскалардын ары жагында Папара деген керемет өлкө боло турган, мына ошол өлкөнүн чоң дайрасынын куймасына жакын жерде колбашчынын камыштан жасалган алачыгы бар эле.  

Кеч кирип, Моти балык улоодон кайтып келе жаткан экен. Ал кайыгын акактуу аскалардын ары жагына айдап барчу чоң толкунду күттү. Мартин да өзүн ошол кайыкта отургандай, эбегейсиз зор жашыл толкун жапырылып келери менен калакты жан талаштырып шилтегенге Мотинин белги берерин күтүп жаткандай сезип кетти. Кийинки көз ирмемде ал баарын сырттап карап отурган көрарманга айланды, бирок дагы эле кайыкта отуруп алып Мотинин айкырыгынын астында калакты алынын келишинче шилеп баратты. Алар суунун бүркүндөрү чачыраган күрүлдөгү менен шарылдагын жиреп өтүп, бир маалда мемиреген тыптынч булуңга чыга келишти. Моти күлүп, туздуу суу кирип кеткен көздөрүн аарчып жатты, кайык болсо жай гана Таминин батып бараткан күнгө чагылышкан алтын түспөл алачыгы турган акак таштуу жээкти көздөй сыйгаланып бара жатты.

Бирок күтүлбөгөн жерден бул көрүнүш тумандана түшүп, көз алдына кайрадан өзүнүн чачылган тар бөлмөсү тартыла түштү. Таитини дагы бир көрсөм деген куштарлыгынан майнап чыккан жок.  Ал так азыр пальма бактын ичинде ырлар жаңырып, кыздар болсо айдын жарыгында бийлеп жатканын билчү. Бирок канчалык чымырканбасын, көзү үстүндө кагаздар чачылып жаткан үстөл менен көптөн бери жуулбаган кир терезеден башка эч нерсени көрө албады. Ал кыңкыстап онтоп жиберди да, көзүн жуумп, оор уйкуга кетти.

 

XLI ГЛАВА

Мартин түнү бою башка чапкандай уктады, аны эртең менен почточунун эшикти каккылаганы ойготту. Мартин конверттерди кайдыгер гана ачып кирди. Алардын биринин ичинде «каракчы» журналдардын бири салып жиберген жыйырма эки долларлык чек бар экен.  Бул акчага жетиш үчүн ал бир жарым жыл аракет кылган эле. Эми колго тийген акчаны алыш таптакыр аны кубанткан жок. Мурда ал басмаканын чектерин алган сайын көңүлү шаттанып, төбөсү көккө жете кубанчу, эми анын бири жок. Мурда бул чектер ага келечектеги улуу ийгиликтердин кепилдиги болсо, эми алар бирдеме сатып алып жей турган гана жыйырма эки доллар акча эле. Болгону ушул.

Экинчи чек нью-йорктук бир журналдан келиптир, бул анын тээ мурда эле кабыл алынган тамашалуу ырларынын калем акысы эле. Чек он долларлык экен. Мартиндин башына бир ой келип, аны токтоо териштирип ойлонуп чыкты. Ал мындан ары эмне иш кыларын билбей турду, дегеле бирдеме кылайын деген ою да жок эле. Бирок жашаш керек, карыздардан кутулуу керек эле. Эгерде он доллардын баарына марка сатып алып, үстөлдүн астында дөбөдөй үйүлүп жаткан кол жазмаларды кайрадан саякатка жөнөтсө кандай болор эле, ушул ой туура эмеспи. Мүмкүн жок дегенде бир-экөөнү алып калышат чыгар. Ошентсе жанын багып турганга тыйын болмок да. Мартин так ошондой кылды. Ал окленддик банктан чектерин акчага алмаштырды да баарына марка сатып алды. Бирок өзүнүн кепесине кайра барып, тамак даярдоо жанын чыдаткыс ойдой сезилди. Биринчи жолу ал карыздарын кое турууну эп көрдү.  Албетте, он беш, жыйырма центке азык-түлүк сатып алса, үйүнөн бир жупунураак тамак жасап ичмек эле. Бирок ал минтпестен «Форум» кафесине кирип, наркы эки долларга айланган тамакка буйрутма берди. Элүү центти чайпулга жумшап, ошончо эле акчага египеттик папирос сатып алды. Руфь тамекини таштаткандан бери ушул күнгө чейин чылымды оозуна ала элек болчу. Эми тамеки тартуунун жыргалынан баш тартууга эч кандай себеп жок эле, ансыз да тарткысы келип араң турган. Акчаны аяп эмне кереги бар? Ал беш центке кырк ором кагазы менен тамеки алмак, бирок эми мунун кандай мааниси бар? Эми акча Мартинге болгону азыр бирдеме сатып алгандан башкага жарабаган, түк мааниси жок нерсеге айланды. Ал багытын жоготуп, колунан башкарып бараткан ролу чыгып кетти, жетсем деп умтулуп көксөгөн жээги деле болбой калды. Жашоонун агымы менен сүзүп бараткансыганы менен ошол тирүүлүктү сезүүнүн өзү анын жанын ачытып, оорутуп турду.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.