Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин мунун баарына кайдыгер болду, күлгөн да, тишин кычырата жинденген да жок. Болгону көөдөнүн чексиз кайгы мыжыгып турду. Анын махабаттан жаралган бүт ааламы кыйрап калган соң, басма сөз менен мартабасы улук жакшылардын калжаңдаганы анын итиркейин келтирбей да калган эле. Журналдарга баа берүүгө келгенде Бриссендендин көз карашы абдан туура эле, бирок муну толук түшүнүп билгенге чейин Мартин бир нече жылдарды коротту. Журналдар Бриссендендин күткөндөрүн актамак тургай, андан ашып да түшүштү. Кантмек, баары бүттү ушинтип деди ичинен түнөргөн Мартин. Ал бир кезде жылдыздарга кол сермеди эле, эми болсо минтип саңырсыган сазга кулап түшкөнү.    

Анын көз алдына кайрадан алыскы Таитинин ажайып элестери апачык жаркырап тартыла берди! Тигине тептегиз Наумотус, арыраагында чалкайган быдыр тоолуу Маркиз аралдары. Мартин улам өзүн соода шхунасынын палубасында тургандай же аска таштуу Папитэ жээктеп же Нука-Хиванын акак жылтылдаган жээгинен жай жылмышып бараткан кичинекей көзгө комсоо кайыкка отуруп алып, Тойохэде булуңун бойлоп бараткандай сезип жатты, анткени ошол кичинекей, мемиреген булуңда анын урматына уруу башчысы Тамари чочкосун союп, таң-тамаша куруп жибермек, Тамаринин кыздары болсо аны жетине албай тосо чуркашып, колдорундагы гүлүн сунушмак, анан тегеректеп алышып, ырдап бийлеп, гүлчамбарлар менен кооздоп жиберишмек. Тынч океан аны ушинтип тартып, чакырып, азгырып турду, Мартин буга эртедир кечтир акыры баары бир жооп бермегин түшүнүп турат. Азырынча ал илимдин улуу падышачылыгына жасаган узак саякатынан кийин эс алып, агым менен акканын уланта берди.

 «Парфеондон» үч жүз элүү долларга чек алган соң Мартин аны тилкат менен Бриссендендин катчысына өткөрүп берди, ага кошо Бриссенденне жүз доллар карыз экени туурасында өзүнүн да тил катын тапшырды.

Эми Мартин мурдагыдай япондук чакан ресторандардан тамактанган мезгил аягына чыгып баратты. Ооматтын дөңгөлөгү ал так күрөштү токтоткон учурда аны көздөй бурулду. Бирок ал абыдан эле кечигип бурулду. Мартин эч бир өрөпкүбөй, толкундабай туруп эле «Милленумдан» келген конвертти ачып, ичинен үч жүз доллардык чекти сууруп чыкты. Бул анын «Укмуштуу окуялары» үчүн салып жиберилген калем акысы болучу. Анын болгон карызы, анын ичинде сүткорго төлөй турган үстөк пайызын кошо эсептегенде, жүз долларга да жеткен жок. Булардын баарынан ошол замат кутулуп, Бриссенденден баягыда алган жүз доллар карызын анын жанагы кишисине жөнөтүп жибергенден кийин деле чөнтөгүндө туура жүз доллар акчасы калды. Өзүнө жакшы, жарашыктуу костюм буйрутма кылды, шаардын эң мыкты деген кафелеринен тамактанчу болду. Жашаганы Мариянын тооктун уясындай болгон кичинекей тар бөлмөсүндө жашай берди, бирок анын жаңы костюму кошуналардын баарына абдан катуу таасир этти дейсиң, эми жанагы жубарымбек балдар да аны селсаяк, ууру деп атагандан ийменип калышты, алтургай,  тамдын чатырына чыгып алып же дубалда чабалекейдей кырка тизилип отуруп алышып, артынан урматтоо менен узата карачу болушту.

Мартиндин  «Вики-Вики» деген гавайдык аңгемесин «Уоррендин айына чыкчу» журналы эки жүз элүү долларга сатып алды. «Түндүк баян» болсо «Сулуулуктун бешигин» басып чыгарды, дагы бир журнал анын баягыда карындашы Мэриенге арнап жазган «Төлгөчү аял» деген ырын кабыл алды. Басмакерлер менен окурмандар жайкы дем алыштан кайтып келишкен соң кол жазмалары биринин артынан бири зуулдап өтө баштады. Эки жылдан бери эч ким алгысы келбеген бул чыгармалары эми эмнегедир күргүштөп, колдон жула талашка түшкөнүн таптакыр түшүнө албай Мартиндин башы маң. Ушул кезге дейре бир да чыгармасы жарыкка чыга элек болчу. Анын ысмы мурдагыдай эле Окленддин чегинен ары чыккан эмес эле,  аны билебиз дешкен анча-мынча оклендиктерге ал учуна чыккан кыпкызыл социалист катары гана таанымал болчу. Ошондуктан капылеттен болуп кеткен бул чукул өзгөрүштүн себебин эч нерсе менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес эле. Бул оомал-төкмөл тагдырдын гана тамашасындай эле.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.