Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— «Триг» деген эмне? — деп сурап калды.

— «Тригонометрия», — деди Норман. — Жогорку «матиканын» бир бөлүгү.

— А «матика» деген эмне? — деп дагы сурады эле, анысына Норман кытмыр жылмая түшкөнсүдү.

— Математика, арифметика.

Мартин түшүндүм дегендей башын ийкеди. Ал даанышмандыктын түпсүз кыйрына кол сермегендей боло түштү. Бирок элестеп көргөн нерселери ошол замат  так формаларга ээ болду, жандуу кыялы көзгө урунбас бул элестерди айкын образдарга айландырып жиберди. Тригонометрия, математика жана бул сөздөр символу болгон билимдин башка бардык тармактары анын мээсиндеги бырыштарга аттын кашкасындай дапдаана чийилип, жата түшкөнсүдү. Ал кадимки сүрөттөгүдөй жашыл жалбырактарды, күн нуруна бирде жарык боло калып, бир туруп арасын алтын шоола аралаган ачык аянтчаны көрүп турду. Алыстан анын баарын көлбүгөн кызгылтым жука туман каптап тургансыйт, бирок ал мына ушул тумандын ары жагында белгисиз сырдуу, керемет бир дүйнө жатканынан түк шек санаган жок. Мунун баары анын башын шараптай эңги-деңги кылып турду. Мында эрдик жасаганды эңсеткен, ой сермеп, иштегенге кенен мейкиндик, анан,— ушул жерден анын дил түпкүрүнөн жылт эткен бир ой өзүнөн-өзү ачылып чыга келди, — маңдайында олтурган лилия гүлүндөй үлбүрөгөн кызды багындырууга аттанса боло турган чалкыган бир ажайып дүйнө жаткан эле алдыда.

Жанатан бери дилин жаркытып турган бул элес Мартин эми алдын ала өзү айткан жапайылыгын качан көрсөтөр экен деп байкатпай ынтызарланып, анысын бир туугандарына түркүн ишара кыймыл менен жеткиргенге абдан аракет кылган Артурдан улам кайдадыр житип кеткенсиди.

Мартин Иден эч кандай жасалмасы жок эле өзүмдү кандай болсом, ошондой кармайм дегени эсинде эле. Эми баягыдай кысынбай этпей, өзүн өзү кадимкидей эркин башкарып, адегенде бир аз буйдалса да, бара –бара өрөпкүгөн чыгармачылык эргүүгө берилип, турмушту өзү кандай билсе, ошондой баяндоого умтулуп, аңгеме айтып кирди. Бажы катери аткезчилик менен шугулданган «Хальцион» кемечесин кармаган чакта ал ошондо жалданма матрос эле. Мартин дээринен көрөгөч байкагыч, анан да көргөндөрүнүн ширесин агыза айта билген мыкты аңгемечи да болчу. Ал буркан –шаркан түшкөн албуут деңизди, кемелерди, командадагы адамдарды сүрөттөп, элеске бай кыялынын күчү менен угармандарын азгырып, аларды окуяга өзүнүн көзү менен кароого аргасыз кылыбатты. Даргөйү нукура сүрөткердин кылдат туюму менен жарыкка, кулпурган түркүн-түс боёкторго жана жандуу кыймылга жык толгон окуялардын ичинен эң таңгалыштуусун, эң укмуштуусун тандап алып, угуп олтургандарды өзүнүн куюлушкан сөзү, эргүүсү жана кайраты менен уютуп, биротоло арбап салды. Бир туруп угармандарын анын аңгемесинин үрөйдү учурган чындыгы, бир туруп уккан кулакты өйкөгөнсүгөн сөз айкаштары чочутуп атты, бирок анын сүрөттөөсүндөгү оройлук ошол замат не бир жаркын салыштыруулар менен, ал эми жанды кейишке салган жерлери матростордун ойго келбеген тапан, куунак-шайыр тамашалары менен ширелише кезектешип, алмашып турду.   

Мартин Иден сүйлөп бүткүчөктү кыз андан көзүн албай, суктана карап отура берди. Жигиттин ысык деми ага да өтүп, кадимкидей жылытып аткансыды. Өзү буга чейин кантип мындай мерездик менен жашап келгенине таңгалып да отурду кыз бала. Ошентип отуруп, мына бул күчтүү, ден соолугу жанар оттой ташкындап турган келбети келишимдүү, турган турпатынан жалыны ашып-ташкан жигитке боюн таштап, ага кыналгысы келип кетти. Капылет келген бул каалоонун азгырыгы ушунчалык эле, кыз өзүн-өзү араңдан зорго токтотуп, кармап тургансыды. Бирок, ошол эле маалда аны кандайдыр бир сезим Мартинден оолактатып турду. Бул анын оор эмгектин жана ыплас жашоонун тактары калган колдору, чытырап көөп турган булчуңдары, байлама жакасы өйкөп салган коло түс мойну эле. Баян айтып келатып, анын оозунан чыгып кеткен ар бир орой сөз Руфтун кулагын кызартып, жигиттин жеке таржымалындагы олдоксон майда-бараттар назиктиктен бүткөн жан дүйнөсүнө акаарат келтирип жатты. Ошентсе да аны шайтан айдагандай азгырыктуу сыйкыр күч коё бербей, болбой эле жигитке тартып турду. Угуп отуруп мээсиндеги буга чейин бекем орноп калган калыптуу түшүнүктөр улам барган сайын эмнегедир өзүнөн өзү олку-солкулана алсызданып, түркүктөрү четинен бошоңдой берди. Мартиндин романтика менен шумдук окуяларга толгон өмүрү анын көнүмүш болуп калган бардык шарттуу түшүнүктөрүн четке сүрүп салгансыды. Жигиттин арамдыгы жок таза күлкүсүн, не бир опуртал коркунучтарга толгон кызыктуу, шайыр аңгемелерин укан сайын берилген Руфь жашоону эми, ушул мүнөттөрдөн тарта мурдагыдай олуттуу жана татаал нерсе катары эсептегиси келбей баратты: жашоо эми ага каалаган жагын көздөй айлантып ойногонго жагымдуу, бирок бирөөгө кармата берсе деле эч өкүнгүс оюнчук сыяктуу сезилип баратты. «Мына, эми сен да ойной бер, — дегендей болду ички туюму, — ошончолук каалап турсаң, ага боюңду кына, асылып, мойнунан кучакта». Мындай жеңил ойлуулугуна кайра жини келе түшүп, өзүн-өзү күнөөлөгүсү келди, бирок бул тымызын туйгусуна аруулугун, маданиятын — деги кой, аны ушул жигиттен айырмалап турган бардык нерселерди каршы коёюн деди эле, анысынан майнап чыкпады. Ойлору сапырылган Руфь айланасын кыдырата караса, башкалар да Мартиндин аңгемесин кунт коюп, дымын чыгарбай, көшүлө тыңшап отурушкан экен, бирок апасынын көздөрүнөн, бир чети, өзүнүкүндөй эле таңгалган чочулоону байкады да, бул ага кайра дем бере түштү. Эсине келе калып, ооба, орой деп эсептелинген караңгы дүйнөдөн чыккан бул адам — жамандыктын туундусу эмей эмине деди. Муну апасы деле көрүп билип турбайбы, — демек ошондой да. Боло келгендей эле Руфь апасынын көз карашына макул болгонго дайыма даяр эле. Мартинден уруп турган жалын эми Руфту баштагыдай тызылдата каптабай калды, андан келип жаткан түпөйүл коркунучтун курчу да кадимкидей мокой түштү.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.