Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Тамактан кийин экөөнүн ортосун эки жээк кыла бөлүп турган түпсүз туңгуюкту ого бетер тереңдетүүнү кааладыбы, тымызын сырдана кыз ага рояль ойноп берди. Анын музыкасы Мартиндин эсин оодарып, башка чапкандай кылды, бирок ошол эле маалда жан-дүйнөсүн сапырып, кыялдарынын тозоңун чыгара аңтар-теңтер түшүрдү да кетти. Ал Руфка суктанып, ичи элжиреп карап турду. Кыз сыяктуу ал деле ортодогу туңгуюктун ого бетер тереңдей түшкөнүн сезди, бирок Мартинде барган сайын бул ажырымды аттап өтсөм деген каалоо күч алып баратты. Ал кылт эткен сезимтал жана ийкем жан болгондуктан, жылжыган музыканы тыңшап коюп, экөөнү бөлүп турган түпсүз ажырым туурасында кечке ойлонуп, жайбаракат отура бергенге кайыл эле. Музыка дайыма ага өзгөчө катуу таасир этчү. Чебер колго ачытылган накта шараптай музыка аны не бир тайманбас ойлорго, эрдиктерге шыктандырып, кыялын ширемас кыла, булуттардын үстүнө алып чыгып кетер эле. Өзүнө канат бүткөнсүп сезилчү мындайда. Тегеректеген кунарсыз тирилик жашоо ордун оюн азгырып кыялдарын ээрчиткен не бир жаркын, не бир сонун кереметтерге бошотуп берип, кайдадыр четке сүрүлүп кетчү. Арийне, Руфтун эмнени ойноп жатканына ал түшүнгөн деле жок. Бул Мартин матростордун үлпөт кечелеринде угуп жүргөн күүсүнөн жанган сынык пианинонун каңгыраган доошуна же үйлөмө оркестрдеги кулак тундура бапылдаган жез сурнайдыкына түк окшобойт. Кулактан жылжып куюлуп кирип бойду эриткен мындай сыйкыр музыка туурасында ал китептерден окуп калчу, бирок азыр кулагына жат болгон көнүмүш ыргактарды таппаса да Руфтун ойногонун жан-дили менен кабыл алып, көлкүлдөп жибип бараткан тула бою менен сезибатты. Кээде ага ыргакка шайкеш келген элестерди кармагансып сезилип жатты, көз алдына тартыла түшкөн көрүнүштөрдү ошол ыргактарга жуурулуштуруп, бириктиргенге даяр эле, бирок алар ошол замат башаламан үндөрдүн арасында кайда житип кетип жатканы билинбей, көкөлөгөн кыялдары тирөөчү жок оор салмактай кайра төмөн карай кулап жатты.

Ушул арада ага кайдан жайдан Руфь мени шылдыңдап жатабы деген ой да келе калды. Кыздын ойногонунан ал кандайдыр бир билинбеген тымызын кастыкты, теңсинбөөнү сезгенсип, клавишаларды койгулап ойноп жаткан колдору эмнени айткысы келибатканын билүүгө аракеттенип жатты.

Бирок, ал мындай татыксыз ойду шак эле башынан алыс кубалап салып, кайрадан музыкага берилип, магдырап кетти. Баштагы ажайып көрүнүштөр кайрадан жылоолоно, болгон дитин ээледи. Укмуш, буттары жерден үзүлүп, өйдө көтөрүлүп баратыры, денеси каалгыган рухка айланды, каректерине чагылышкан укмуштай жаркыраган нур көз алдынан кең жайык дайра болуп жайыла агып бараткансыды. Айланасындагы чын дүйнө кайдадыр жоголуп, өзү болсо көптөн бери кыялында эңсеп келген таптакыр чоочун, кооздукка тунган дүйнөдө каалгып учуп жүргөнсүдү. Бул жаркын көрүнүштөрдүн ичинде тааныш да, бейтааныш да нерселердин баарысы аралашып, жанды койбогон азгырык элестер көз алдынан кетпей айланчыктап туруп алды. Мартин ысыгы лапылдаган өлкөлөрдүн бейтааныш портторун көрүп, кыжылдаган эл толгон аянттарды, өмүрү башкалар көрбөгөн жапайы уруулардын кыштактарын аралай кезип жүрдү. Мурдуна деңиздерде сүзүп жүргөн кезинде каны катып, суусундук издеп атайын сүзүп барчу жылуу түн чүмкөгөн аралдардын тааныш атыр жыты ургансып кетти, андан ары тропикалык узак күндөр бою Улуу океанда, көк мейкиндиктин бетинде бирде көрүнө калып, кайра жок болуп турчу пальмалар жыш өскөн маржан аралдардын арасында сүзүп жүрдү. Бул элестер кандай бат пайда болсо, ошондой эле ылдамдык менен абага сиңгендей дайынсыз жоголуп кетип жатты. Бир туруп ал какыраган чөлдө дүпүрөтө ат чаап бараткандай болот, бир туруп табы куйкалаган ысык абанын закымдаган жука түтүнүн арасынан Ажал Өрөөнүнүн апакай күмбөзүнө көз салып, же зыңкыя тоңгон эбегейсиз чоң аралдары күн нуруна чагылышкан Муз океанынын толкундарында калак шилтеп бараткансыйт. Кээде маржан аралдагы кокос пальмасынын көлөкөсүндө жатып алып, деңиз толкунунун бир калыптагы шарпылдагына кулак төшөп тыңшагансыйт. Тигине, кыйроого учураган эски кеменин тулкусу көгүлтүр жалынга алоолонуп жаткансыйт, андан шоокумдана жайылган сырдуу жарыкта бийчилер менен ырдагандардын буулуга озондогон үндөрү, гавайдык гитардын доошу менен там-тамдын тарсылдаган дабышынын коштоосунда «huia» бийин бийлеп атышат. Делебени козгоп, мемиреген тропиканын түнү көшүлөт. Коюу жылдыз жыбыраган капкара асмандын алыскы төнүмүндө жанар тоонун сөлөкөтү үрүл-бүрүл мунарыктап көрүнгөнсүйт. Төбөдөн болсо күңүрттөнгөн күмүш табактай ай жай гана калкып баратыры, горизонт менен биригип кеткен жапыз кыйырдын этегине шыкалган Үч Аркардын жылдыздары жымыңдайт.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.