Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ушул сыяктуу сарсанаага батырган ойлор менен алпурушуп отуруп, Мартин түшкү тамактын биринчи жарымын олуттуу кармана сабырдуулук менен өткөрдү. Мунусу менен ал Артурдун үйүндөгүлөргө: мен түшкү тамакка бир жапайы немени ээрчитип келем, бирок силер андан эч чочубагыла, анткени жапайы болгону менен өтө кызык бала деп алдын ала кабарлап койгон тымызын кастыгын ашкерелеп койгонун өзү билген жок. Руфтун бир тууганы ушундай тымызын саткынчылыкка жөндөмдүү экени Мартиндин оюна да келген эмес, анткени аны төпөштөйбүз дегендерден арачалап калбады беле. Ошентип ал өзүн азыр санда жок бир бечара экенин сезип, бирок айланасында болуп аткан нерселерге суктануу менен карап олтурду.

Тамак ичкен жалаң гана табигый муктаждык эмес экенин Мартин алгачкы жолу ушул жерден түшүндү. Мурда эмне жеп атканын эсине да алчу эмес.  Тамакпы, тамак, аны жеш керек дегенден башка ой жок эле.  Эми болсо мына бул аземдүү, кардай таптаза алжапкыч салынган үстөлдө отуруп, тамактануудан улам козголгон кандайдыр бир ичин ысыткан керемет сезимдерге балкый канаатанып отурду, анткени тамак ичүү бул жерде, көрсө, эстетикалык ыракат тартуулаган иш тура. Чарк урган акылы тынымсыз иштеп жатты. Тегерегиндегилер ал маанисин түшүнө бербеген, китептерден гана кезикчү сөздөрдү сүйлөшүп атышты. Мындай сөздөрдү ал жашаган чөйрөдөгүлөр дегеле билбейт, буга тилдери да келбейт. Ошондон уламдыр, мындай сөздөрдү мынабул үйдөгүлөр эч бир кыйналбай эле эркин айтып сүйлөшүп жаткандарына суктанганынан денесин майда калтырак да аралап кеткенсиди. Ал китептерден гана окуган кызыктын, кереметтин баары, көрсө, чын турбайбы. Муну ойлогон Мартин кыялы күтүлбөгөн жерден орундалган кишидей жыргалга бата магдырап отурду.

Жашоосунда ал өмүрү мындай даражага көтөрүлгөн эмес. Байкап, угуп

отуруп, «ооба, мисс», же «жок, мисс», же болбосо Руфтун апасы кайрылса «ооба, мэм» же «жок, мэм» деген гана жоопту узатканга аракет кылып жатты. Деңиз эрежелери боюнча аз жерден анын инисине «ооба, сэр» деп да жибере жаздады. Антсе анда өзүн булардын астында басынтып алмак, чындап Руфка жеткиси келсе, мындай болбошу керек. Буга анын намысы да жол бермек эмес. Кудай акы, деп ойлоду ал, менин булардан эмнем кем, эгерде алар менден көптү билсе, анын баарын үйрөнүү менин деле колуман келет. Бирок, кез-кези менен Руфь же апасы ага «мистер Иден» деп кайрыла калышканда, эмелеки намыска алдырган кежирлигин унутуп,  кулакка жагымдуу бул сөздөн жүзү жарк дей түшүп жатты.  Мартин азыр буга чейин өзү китептерден гана окуган адамдардын чөйрөсүндө тамактанып отурган маданияттуу киши эле. Ал кудум эле ошол китептерге сүңгүп кирип кетип, мукабаланган калың томдордун барактарын аралай саякаттап жүргөнсүдү.

Мартин үстөлдө Артур айткандай, жапайы эмей эле, момураган сылык, тынч, сыпаа отуруп, жанындагылар менен өзүн кандайча кармоо керек деген гана ой менен алпурушуп жатты. Негизи ал өлжүрөгөн жоош эмес эле, андыктан биерде анын өктөм мүнөзү экинчи ролдо болубатканы менен эч бир келише албай атты. Ошенткени менен ыгы келген кезде гана кыска сүйлөп коюп отурду, бирок оозунан чыккан сөздөрү анын улам бир эмерекке урунуп атып конок тоскон бөлмөдөн ашканага келген ахыбалын эстетип турду. Мартин оюнда өзүнүн көп тил аралашып кеткен сөз байлыгын кыйнала аңтарып, керектүү сөздү туура айта алар бекенмин, өзүнө жат болуп калган сөздөрдү колдонсо буларга түшүнүксүз, орой угулбас бекен деп чочулап жатты, сөзгө чукактыгы ага эми минтип кедергисин тийгизип, эмнени көрүп, эмне ойлоп атканын айтканга тоскоол болобу деген түпөйүл ой тынымсыз мээсин мыжып, кыйнаганын айтпа. Андан тышкары, анын өктөмдүгүн крахмалданган жакасы да мойнуна салынган иттин каргысындай кыкыйта муунтуп, ого бетер мокотуп, жүдөтүп атты. Мартин минтип көпкө туруштук бералбас. Аны чырмап алган тыбыраган сезимдери менен ойлору болсо улам сыртка тээп, так бир калыпка ээ болгонго ашыгып атты; ошентип отуруп бир маалда каерде отурганын унутуп, айта жүргөн эски бир сөз оозунан чыгып кетсе болобу.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.