Жек Лондон
Мартин Иден
— Ооба, негизи менин ден соолугум буканыкындай эле, — деди жигит, — керек болсо, дат баскан темирди да сиңирип жиберем. Бирок, азыр бир нерсени, сиз айткан нерселердин көбүн сиңире ала тургандай эмесмин... Анткени мени эч ким, эч качан мындай нерселерге үйрөткөн эмес. Мен китептерди, ыр окуганды абдан жакшы көрөм, кенедей бош убактым боло калса эле окуп кирем. Бирок, алар туурасында эч качан сизчелик ой жүгүртө албайм. Ошондуктан китептер жөнүндө туура пикир айтуу мага кыйын. Ишенсеңиз, бул иште өзүмдү картасы, компасы жок чоочун деңизде калган матростой сезип турам. Бул жерде мен кептин эмне туурасында болубатканын билгим келет. Мүмкүн сиз мага жардам берерсиз? Сиз мынча көп нерсени кайдан билип алгансыз?
— Мен окудум да, мектепке баргам, — деди Руфь.
— Бала кезде мен деле мектепке барганмын, — деп койду ал.
— Ооба, бирок мен орто мектепти бүттүм, анан университетке, лекцияларга барып турдум...
— Сиз университетте окугансызбы? — сурап жиберди жигит таң кала. Экөөнүн ортосундагы айырма ошол замат миллиондогон чакырымдарга созулуп кеткенсиди.
— Азыр деле ошол жакта окуп атам. Англис филологиясы боюнча атайын курска барып турам. Мартин «филология» деген эмне экенине башы жетпей, өзүнүн дөөпайлыгына да бир жолу ичинен кемсинип алып, анан мындай деп сурады:
— Эгерде мен университетке киргим келсе, дагы канча окушум керек?
Руфь анын бул нээтин кубаттагысы келди.
— Бу сиздин мурда канча окугандыгыңызга жараша болот. Сиз орто мектепте такыр окуган жоксузбу? Ооба, окуган эмессиз да, кайдан... Бирок башталгыч мектепти бүтүргөнсүз да?
— Эки гана жыл калганда чыгып кеткем, — деди ал. Бирок, дайыма сыйлык алып окучумун.
Ошол замат, ашыкча мактанып жибергендигине кыжыры келип, креслонун туткасын катуу кысып жибергендиктен, манжалары ооруп сыздай түштү. Аңгыча болбой, үйгө бир аял кирип келди. Руфь ордунан тура калып, анын алдынан утурлай басты. Экөө ийин ала кысышып, өбүшүп көрүштү да, анан колтукташкан бойдон Мартинди көздөй чогуу басышты. Бул Руфтун энеси болсо керек деп ойлоду Мартин. Ноочо бойлуу, асемдеп тараган ак саргыл чачтуу, сымбаты сулуу бул аял ушундай мартабасы ашкан берекелүү үйдүн кожейкеси дей тургандай келишимдүү да кийинип алыптыр. Адемдеп тигилген көйнөгү караган көздү кубандырат. Аны карап туруп Мартиндин эсине бир кезде сахнадан көргөн аялдар келе түштү. Дал мына ушундай жарашыктуу кийинген, келбети зыңгыраган аялдарды ал Лондондун театрларынын кире бериштеги кенен жайларында полицай көчөгө кууп чыккычакты демин ката, жалдырап көз албай карай бергенин эстеди. Ага улай эле көз алдына Нокогамдын Гранд-Отелиндеги алыстан гана көрүп жүргөн аялдар тартыла түштү. Анан да Нокогамдын, уу-дуу түшкөн башка шаарлардын жана гавандардын жыбыраган элестери көз алдынан зымырай чубап өттү. Бирок ошол замат мунун баарын оюна жуутпай алыс кубалаганга өзүн мажбурлап, болгон дитин өңүндө болуп жаткан нерселерге бурду. Руфтун энеси менен тура калып саламдашып, өзүн тааныштыруу керек экенин түшүндү, бирок шымынын тизе тушу көлбөктөп чыга түшөөрүн сезип, креслодон араң козголду. Колдору шалдайып, азыр эми дагы бир сыноодон өтөрүн ойлоп, кыжалаттана түштү.
II ГЛАВА
Ашканага жетиш да ага тозоктун тозогу болду. Секунд сайын урунуп аламбы деп апкаарыгандыктан, мына бул толгон-токой жайнаган жылтыр-жултур буюмдарды аралап өтүп кетиш бир туруп мүмкүн эместей сезилип баратты. Ошентсе да бул опурталдуу жолду эптеп басып өтүп, Руфтун жанына жетип алды. Тамак жей турган бычак менен айрылардын көптүгүн көрүп андан бетер эси чыкты. Буларды кантер экенмин дегенчелик чочулап, аларды көзүн албай карай берди, эрксизден эсине өзүнүн достору менен тамак жеген матростук кубрик түштү; баарылап сүрсүгөн этти макилери менен талаша кескилеп жеп, же болбосо колдору менен жулмалаша тытмалап, сабы кыйрайган темир кашыктар менен коюу буурчак сорпону бир мискейден шорулдата ичишээр эле. Анын мурдуна ошол начар эттин саңырсыган жыты ургандай боло түштү, кулагына матростордун улам кашыктарды мискейге чаңкылдата ургулап, чалпылдата тамак ичип атканы да кадимкидей угулгансып кетти. Чочкодон айырмабыз болгон эмес экен деди ал ичинен. Эми бул жерден абыдан сак, аяр болуш керек. Алдына келген тамакты тырс этип дабыш чыгарбай адептүү жегенге аракет кылышы керек.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.