повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Кайран азаматтар, тоо ураса болбойбу да, көл төгүлсө болбойбу! Субанкул менен Касымым, ата, бала экөө да не деген дыйкан эле! Дүйнөнүн туткасы ошолор сыяктуу мээнеткечтер эмеспи: элди тойгузган да ошолор, жоо келгенде колуна курал кармап, мекен коргоп, кан төккөн да ошолор. Ал эми мисалы, согуш чыкпаганда, Субанкул менен Касымым канча бир кишилердин энчисине эмгегин арнап, канча эгин өстүрүп, канча кырман бастырып, канча жумуш жасап берер эле! Өздөрү да элдин эмгегинен үзүр көрүп, дүйнөнүн канча рахатына ээ болушар эле! Ойлоп отурсаң, кызык, айланайын тууган жер, согуш башталат экен да, ал согушта адам баласынын эң асыл, колунан өнөр төгүлгөн азаматтары иштеп жаткан ишин таштап, биринин канын бири төгүп, бирин-бири өлтүрүүгө аргасыз болушат экен. Ал эми мен буга түк макул эмесмин, турмушумда макул эмесмин! Табигаттын жандуудан эң бийик жаратканы – адам баласыбы, дүйнөнү чарк имерген ким – адам баласыбы, андай экен, бирине-бири мынчалык залал келтирбей, тынчтыкта жашай албайбы? Айтчы чыныңды, сырдаш талаам, айткын, айт мага жообуңду!

– Кыйын суроо бердиң го, Толгонай. Мен билгенден, адам адам болуп жаралганынан тартып, согушканы согушкан. Кээ бирде согуштан тегиз кырылып, көзү өтүп кеткен элдер да болгон, күлү асманга сапырылып, тирүү жан калбай, кыйраган шаарлар да болгон. Нечен кылымдар адамдын баскан изине зар болуп, ээн жаткан заманым да болгон. Согуш чыккан сайын, ар качан кулагы уккандарына кармашпагыла, кан төккүчө акыл токтоткула деп айтам. Азыр да айтар сөзүм ушул: «Эй, Адамдар, дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган адамдар, силерге эмне керек – жерби? Мына мен – Жермин, мен баардык адам баласына теңмин, мага талашыңардын кереги жок, мага ынтымак керек! Эмгек керек! Айдоого бир дан таштасаңар жүз дан кылып берем, чырпык сайсаңар, чынар кылып берем, бак тиксеңер, мөмө төгүп берем, мал жайсаңар чөп болуп берем, там тургузсаңар дубал болуп берем, урук-тукумуңар көбөйсө, баарыңарга жай болуп берем! Мен түгөнбөйм, мен карыбаймын, мен кенчмин, мен баарыңарга тегиз жетем!» Ал эми, Толгонай, адам баласы тынчтыкта жашай алабы, жокпу, дейсиң. Өзүң ойлоп көрчү, ал менден эмес, ал силерден, адам баласынын өзүнөн, силердин ынтымагыңардан, ыктыярыңардан, акылыңардан... Согуштун залалын мен тартпайт дейсиңби. Майданда курман болгон мээнеткечтеримдин, сенин Субанкулуңа, Касымга, Жайнагыңа окшогон дыйкандарымдын эмгегин сагынам, аларды жоктойм. Айдоо убагында айдалбай, эгин убагында сугарылбай, кырман убагында бастырылбай жатканда, мен аларды: «Келгиле, балбан билек дыйкандарым келгиле, балдарым, өйдө туруп келгиле, куурап бара жатам!» – деп чакырам. Аттиң ай, кетменин көтөрүп, Субанкул келсе кана, аттиң ай, комбайнын айдап Касым эгин чаап кирсе кана, аттиң ай, кырманга кызыл тартып, Жайнак арабасын кубалап келсе кана!..

– Сен да мендей турбайсыңбы, отон талаам, сен да мендей сагынат турбайсыңбы, сен да мендей жоктойт турбайсыңбы. Ракмат сага, боордош жер!

– Билесиң го, жаман-жакшыда бирге болдук. Субанкул Касымдардын ордун жоктотпойлу деп, Алиман экөөбүз кара чүмкөнүп, көңүлдөгүдөй кошок кошуп, ыйыбызды да түгөтө албадык. Угузганынан жети күн өтүп, жетилигин берген соң, эл уруксат этти: жыл маалы аза тутсак да аз болор, арга канча, арты кайрылуу болсун. Майсалбегиң менен Жайнагың, анда Жайнак тирүү – кат үзүлбөй келип турган кези болчу, аман-эсен кайтып келишсин, жаз жарыш дегендей, тиричилик кылгыла, кош айдоо маалында жабыла киришели, өлгөндөр үчүн душмандан өч алганыбыз ушул болсун дешти. Келиним экөөбүз үйдө отурганда канттик элек, өлгөндүн артынан өлүп кетпейт экенсиң, көпчүлүктүн айтканына көндүк, ишке чыктык. Жумушка чыгар күнү эртең менен башкармабыз Үсөнбай алакандай эки кагаз алып келди, кара кагаздар экен, сактап койгула, – деди. Көрсө, Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен, Москвадан нары чабуулда, Ореховка деген кыштакта каза тааптыр. Аны угузабыз деп тургуча, Субанкулдун да кара кагазы келип жетиптир. Ал да, чоң чабуулда, Елец шаарында майып болуптур. Ушинтип, айылдаштарыбыз эки кишибизди бирдей угузган себеп ошол. Андан наркысын эмнесин айтайын. Бригадир экем, белимди бек бууп, кайра аттанып чыктым.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.