повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
– Эх, эми эмнесин айтайын, кесепеттүү согуш нечендердин кендирин кыйды. Атаганат, Жайнагым аман турганда не деген адам болор эле! Мүнөзүңдөн, кылык-жоругуңдан айланайын, балам, кайдасың, кайдасың? Он экиден бир гүлүң ачылбай, кай жерге барып жалп эте түштүң экен? 0, дүйнө, о, жан жараткан жер, бир оокумга гана, көз ачып жумганча гана баламды тирилтип, бир гана жолу көлөкөсүн көрсөтүп койсоңор!..
– Толгонай, сабыр кыл, жүрөгүңдү токтотуп алчы. Антпе, өзүңдү аясаң боло... Жүрөгүңдүн ар бир сокконун сактасаң боло. Мойнуңдагы милдетти унуттуңбу?
– Жок, сырдаш талаам, унутпай калайын. Унутпаган үчүн ушинтип келип отурбаймынбы. Ошол милдет болбосо эмдигиче эмнеге тирүү басып жүрөйүн, чыкпаган жаным бүлбүлдөп, жүрөгүм алда качан калбыр болгон. Эсиңдеби, Жер, баягы каран күн?
– Эсимде, Толгонай. Сени кош айдатып жүргөн жериңден чакырып кетишкенде эле билгем. Кишилердин көз карашынан, кирпигинен, тымызын үшкүрүк чалганынан сезгем.
– Ооба, байчечекей жайнаган көктөмдө, жаңыдан гана кош чыгарган мезгил эмес беле. Күн тийбеген кемерлерде күрткүлөр али да бөрү жондонуп, бугуп жатышкан, анткен менен төмөнтөн сары жел жүрүп, топурак тоборсуп, күн чубактап чөп кылтыйып, жаз иши улам илгерилей берген. 0, сенин жаз эңсеп, себилчү данга талгак болгонуңдан, дыйкан талаам! Нымшыган бетиң көгүлтүр булоолонуп, дүйнөнүн чар-тарабы алда кайда суналып, алда кайда күмүштөнө мунарыктап, төшөктө жаткан аялдай, балкып жатканыңдан, даркан талаам!
Соко жаңыдан гана кыртыш бузуп, кам топурактын жылуу деми жүрөктү элжирете, трактордун артынан бастырып бара жатып, дандуу, түшүмдүү эгинжай бол, согушта жүргөндөргө кубат бол деп, Субанкул менен Касымдан көптөн бери кат-кабар үзүлгөнүн эстеп, ойлонуп турганымда, айылдагы карыя кишилердин бири жетип келди. «Келип калыпсыз, аксакал, иш илгериге батаңызды бериңиз!» – дедим. «Дыйкан бабам кыдыр чалып, кырман агыл-тогул болсун, убайын эл көрсүн!» – деп, тиги киши ат үстүнөн бата кылды да, «Толгонай, райондон келген полномоч бригадир келсин деп чакырып жатат, жүргүн» – деди. Кошчуларга ишти дайындап, айылга тарттым. Оюмда эчтеке деле жок, райондон күнүгө эле чоңдор келет, өзгөчө кош айдоо башталганда көп келишет эмеспи. Карыя менен аркы-теркини кеп кылып, бастырып келе жатканыбызда, тиги киши сөз арасынан учкай сүйлөп: «Рахмат сага, Толгонай, ушундай катаал күндөрдө эл-журтка баш болуп жүрөсүң, тизгиниңди бошотпой иштей бер. Сага деле оңой эмес, адамдын башына эмнелер келбейт, эмнелер кетпейт, деген менен кимде кимибиз болбосун, мындай жаманчылыкта бири-бирибизге өйдөдө жөлөк, төмөндө медербиз, элбиз да. Эл менен көтөргөн жүк жерде калбас» – деп койду.
Айылга кире берип, көчөнү аралап келе жатканыбызда, биздин үйдүн жанында далдалангансып жоон топ элдин турганын көрүп, анда да шектенбептирмин. Карыя мени жалт карап алып чочугандай: «Аттан түш, Толгонай», – деди. Мен таң калып карап калсам керек, тиги киши атынан түшө калып, мени колтуктап жөлөдү: «Түш, Толгонай, түшүшүң керек!» – деп кайталады. Сөзгө да келалбай бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, аттан түштүм. Ошентсем нары жактан Алиманды ээрчитип, үч-төрт аял келе жаткан экен. Алиман ошол күнү алышта арык чаап жүргөн. Анын көтөрүп келе жаткан кетменин бир аял ийнинен ала салды. Ошондо эле билдим. «Бул эмнеңер, кокуй күн!» – деп көчөнү жаңырта бакырдым. Аңгыча болбой, Айша кошунамдын короосунан аялдар чыга калып, мени колдон бекем кармашты: «Кайрат кыл, Толгонай, Субанкул менен Касымдан айрылдык!» – дегенде, «Эне, энекебай!» – деп, Алимандын чыңырган дабышы чыгып, турган элдин баары: «Боорумой! Боорумой!» – деп өкүрүп коё беришти. О, шум согуш, ушуну кылмак белең? О, каран күн, ушуну көрмөк белек? Мен эмес, көчө, тамдар, тал-дарактар чайпала теңселип, жер-сууну бузган чыңырык-өкүрүктөн кулагым тунуп, керең немедей, эч-эчтекени укпай, кандайдыр бир шумдуктуу жымжырттыктын ичинде, асмандагы булут, курчаган кишилердин жүздөрү түштөгүдөй элес-булас кубулуп, же өлүү, же тирүү экенимди сезбей, артыма кайрылган колдорумду бошотуп алууга аракеттенип жаттым. Жанымда кимдер экенин, эшиктин алдында додологон эл кайсылар экени менен ишим жок, менин бир гана даана, ачык көргөнүм – Алиман. Бетин, көйнөгүн тытып, чачтары дуулдаган келиним, алда эмнелерди зар какшай чыңырып, эки жактан асылгандарга моюн бербей, улам мени көздөй жулкунуп жатты. Алиманга эртерээк эле жете барсам деген ой менен, мен дагы ага умтула бердим, бирок, тээ кырк күнчүлүк алыстан келе жаткансып, бирибизге-бирибиз жете албай, кошулгуча арадан кылым убакыт өтүп, ортого кылым жол түшкөнсүдү. Бир кезде Алиман жете келди да, тунган кулагым ошондо гана ачылды. Эки колун жая: «Каран күн, эне, айрылдык, жесирбиз, жесирбиз! Күнүбүз өчтү, айыбыз өчтү, окшошкон жесирбиз!» – деп Алиман мени кучактап боюн таштады. Ооба, ошол учурда эки жесир кошулуп, бир-бирибизди күйүттүү көкүрөк басып, буркурап, какшап ыйладык...