повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Кыш аягына жакын Жайнакты өзү тендүү балдары менен кошо военкоматка чакыра баштаганынан, аларды анчейии аскерче машыктырып жүргөн экен дегем. Аны аскерге алат деген ойдо жок. Эки жолу районго барып, он чакты күндөн ойноп келип, үчүнчү жолкусунда бир күн өтүп, эртеси эле кайра Жайнак үйгө келип калды. «Сени эмне бошотуп коюштубу, тез эле келип калдың?» – десем, – «Жок, апа, эртең районго кайра кетем. Военкомат бир күнгө уруксат берди» – деп койду. Ошондо эле байкасам болмок экен. Алда кайда, узакка кетүүгө камынгандай. Жайнак ал күнү көп иштерди бүтүрүп жатты. Жумуштан бир кайрылып келсем, короонун ичин шыпырып, оголе көп отун жарып, уйкананы тазалап, тамдын төбөсүндөгү чөптү кайра жыйып, атасы ат байлачу акырдын ураган жерлерин оңдоп жаткан экен. «Ой, аны эмне кыласың, балам, жайында эле оңдобойсуңбу?» – десем,«Кол бошто бүтүрүп коюш керек, апа. Кийин кол тийбейт» – деди. Көрсө, анысы жөн эмес экен да. Жайнагым өз ыктыяры менен, комсомолдун чакырыгы боюнча согушка кетпедиби. Аны биз Жайнак жөнөп кеткенден кийин билип жүрбөйбүзбү, станциядан араба айдаган айылдашынан кат берип жибериптир. Алда курган ай, алда байкуш балам ай, чынын айтып эле, коштошуп эле кетсе да, ыйлап-сыктасам да, эптеп түшүнөр элем го. Алиман экөөбүзгө жазган катында, коштошпой кеткенимди кечиргиле, силерди биротоло бир билсин дедим, аскерге өз ыктыярым боюнча кетүүнү туура таптым дептир. Мен анын кылганын жактырбай тыйып коёт дедиби, тукумуң өскүр, же айтууга оозу барбадыбы, кайдан. Бир билгеним Жайнак согушту сүйүп, кызыгып кеткен жок, ал аны жек көргөн үчүн, согуштун элге тийген запкысы жанына баткан үчүн курал алып кармашканы кетпедиби. Атасы, эки бир тууганы эл деп кан-майданда жүрсө, анын жаны алардан артык бекен, ал деле намысына туулган жигит эмес беле. Ооба, Жайнак так ошол үчүн, согушту жек көргөн үчүн кеткенине көзүм жетип эле турган. Жалгыз Жайнак фронтко барганда кыйратып деле жибербейт болчу, бирок, минтип айтыш да туура эмес: Жайнакка окшогондор ону кошулар, жүзү кошулар, миңи кошулар, ошентип барып күч болот, ошентип барып кол болот, ошентип барып тоо болот! Жайнагым, кенжем, тамашакөйүм, шайырым, ырчым, солкулдаган боз балам! Сен эмне үчүн айтпай кеткениңди билбей койду дейсиңби? Сени балалык кылып, согуш эмне экенин, өлүм эмне экенин түшүнбөй кете берди деп ойлойт дейсиңби? Шайырсынган түрүңдү көрүп, сен адамга кандай боорукер экениңди ар ким түшүнө бербес эле. Ошол боорукерлигиңден жашаялмет катын-калачтын көргөн азабына тим карап туралбадың. Адамдын бул дүйнөдө арттырары эле жакшылык турбайбы. Мынакей эми, согушта жүрүп алда качан кабарсыз дайынсыз кетип, курман болдуң. Кырк төртүнчү жылдын кайсы бир караңгы түнүндө партизандарга жардамдашыш үчүн самолёттон парашют байланып секирип түштүң да, парашют десантындамын, немистин ичкерисине үч жолу түшүп барып согушуп келдик деп кат жазчу элең, ошол бойдон сени эч ким көрбөй калды. Душман менен кармашып жатып, ээн жерде окко учтуңбу, же токойдо адашып кеттиңби, же колго түшүп кармалдыңбы, айтор тирүү болсоң, эмдигиче бир шек-шыбаң чыгар эле го, балам. Сен ошентип жаздым болдуң, Жайнагым, кенжетайым, жаш кетип элдин эсинде да анча калган жоксуң. Ал эми мен сени эстегенде, бизди аяп, айтпай кеткениңди ар качан эстейм, баягыда, станцияга араба айдап жүргөнүңдө, бейтааныш бир кичинекей балага үстүңдөгү тонуңду чечип бергениңди ар качан эстейм. Кыш түшүп калган, аяздуу түндөрдүн биринде, арабасын жолдошторуна берип, Жайнак жалаң күрмөчөн үйгө кирип келди. Суукка көгөргөн түрүн көрсөң, эсиң чыгат, тимеле калч-калч этип тоңуп бүтүптүр. Анткен менен өзү күлмүңдөп, көңүлдүүдөй, «ой, бул эмнең, киймиң кайда, жолдон бирөө чечинтип кеткенби?» – десем, бир балага берип келдим деп койду. Кийин жолдоштору айтып жүрүштү: согуштан сүрүлүп келген бир орус аял чиедей төрт баласы менен биздин станцияга түшүп калган экен, баары тең ач-жылаңач титирешип, мусапыр кейиптенип калышыптыр. Берки кичинелерин энеси эптеп жоолук-поолукка ороп койсо керек ал эми сегиз-тогуздардагы тестиер уулуна эчтеке жетпей, тытык кемселчен гана бүрүшүп отуруптур. Жайнак ошол балага үстүндөгү чолок тонун чечип берген турбайбы. Жолдоштору айтат: тонду кийгизип койсо, этеги согончогуна жете сүйрөлүп, жеңдери тизеден ылдый жүрсө да, жылый түшкөн бала, кайра жандангандай, кайра тирилгендей кудуңдап, күлүңдөп жыргап калыптыр. Жайнак ошого эле курсант болуп, жол катары суукка чыдабай арабалардын артынан жөө жүгүрүп, жолдошторунун кийимин алмак-салмак кие коюп бара жатса да, алиги баланы улам эстеп: «Ырас болбодубу, байкуш бала жылып, оңуп калды, э-э!» – деп, келе бериптир. Чын сырымды айтсам, бир кишиге тон чечип берүү менен элдин кемтиги толуп, бүтөлүп деле кетпейт. Бирок жанагыдай эле бирге он кошулуп, онго жүз, миң кошулуп элчилик, адамгерчилик, боордоштук деген ошондон келип чыгат го деп ишенем. Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт. Жайнактын берип кеткен тону жыртылар, жок болор, жерге кирсин, сөзгө арзыбас эле нерсе, бирок кеп анда эмес, ошол кичинекей баланын жүрөгүндө бирөөнүн кылган жакшылыгы жүлүндөй сакталып калса, адам болгон соң башкага жакшылык кылуу милдет экенин жаштайынан сезип калса, Жайнагымдын сооп кылгандыгы ошол.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.