повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Күн чыкты, түш да болду, түңүлүп да калдык. Майсалбек биз келгиче өтүп кеткен экен го, болбосо станцияга келген бир да эшелон койбой тосуп жаттык. Эми эмне кылабыз? Майсалбек менен жүз көрүшпөй калганыбыз ушулбу? Аттарга деген арабадагы жем-чөп да түгөндү деп, ар кайсыны бир ойлоп, айылга кайтып кетүүгө да дитибиз чыдабай, Алиман экөөбүз темир жолчуларга жардамдашып, поезд жолдордун арасына ныкталган карды күрөктөп тазалап жүрдүк. Антпесе, убакыт өтө турган эмес. Суук кечээгидей эле коё бербей, жөө-бурганактап жел козголуп турду. Бир убакытта асман ачылып, чамгылттаган булуттарды жиреп, күн тийди. «А-а, кудай ай, ушул күндөй болуп уулум жарк этип көзгө көрүнө калсачы! Келтирегөр, кудай, жолуктурагөр!» – деп жалындым. Ушул арада чыгыш тараптан паровоздун айбаттуу кыйкырыгы угулуп, станцияга келе жаткан эшелон көрүнө берди. «Эне, ушул болуп жүрбөсүн! Кудай билет, ушул!» – деди Алиман, куржунду ийнине арта салып. Ал ошондо билип тургандай, эмне үчүндүр купкуу болуп, бетинен каны качты. Менин да демим кыстыгып, жүрөгүм алып учту. Куйрук улаш эки паровоз чиркелип, түтүн, буу, кара чоюн, кызыл темир дөңгөлөк күркүрөп, шакылдап өтө берип, адегенде жайдак вагондордо чүмкөлгөн замбирек, танкилер жанындагы мылтыкчан кишилери менен көзгө урунуп, анан вагондордун эшигинде топтолгон солдаттар, кыяк, ыр, сөз –  кулакка, көзгө илинбей алмашылып зуулдады. Колуна желекче кармаган кандайдыр бир темир жолчу, жүгүрүп келип: «Токтобойт! Токтобойт!» – деп, колун шилтеп, бизди көкүрөккө түрткүлөп темир жолдон четтете берди эле, ошол учурда «Апа-а! Алимаан!» деген кыйкырык, жаныбыздан угула түштү. Майсалбек! Алда, айланып, согулуп кетейин балам ай, бир колу менен вагондун туткасын карманып боюн сыртка таштап, тумагын булгалап коштошуп өтүп бара жаткан экен. «Майсалбек!» – деп кыйкырганымды бир билем. Ошол чагылгандай оокумда Майсалбектин өцү-түсү эӊ бир даана көрүндү: шинелинин этектери шамалга чамынып, чачы желпилдеп, жүзүндө, көзүндө – өкүнүч да, сүйүнүч да, учурашуу да, коштошуу да! Арылдаган шамал анын кыйкырыгын жула качып Майсалбектин ушул түрүн көз айырбай, ал алыстаган сайын поезд менен кошо жарышып, эшелондун эң арткы вагону жанымдан өтө чыкканда, артынан дагы жүгүрө түшүп, жүзтөмөнүмдөн жыгылдым. Ай, ошондо боздогонум ай, какшаганым ай! Ок жааган майданга кетип бара жаткан уулумдун ордуна, темир жолду кучактап, коштошуп жаттым. Дөңгөлөктөрдүн рельсиге чыкылдап урунганы улам алыстап кете берди.

Азыр да кээде ошол эшелон кулагымды тундуруп, куйрук улаш эки паровоз алып-учкан вагондор мээмди как жарып өткөнсүйт.

Артымдан ошондо шолоктоп ыйлап Алиман жетип келип, анын соңунан дагы бир темир жолчу орус аял өз алдынан бышактап, жаткан жеримден өйдө тургузушуп, темир жолдон четке чыгарышты. Алиман мени колтуктап келе жатып ошондо колума аскер тумак карматты: «Ме, эне, мугалим бала таштап кетти» – деди ал. Көрсө, Майсалбегим аны мага таштап кеткен турбайбы.

– Туура айтасың, Толгонай. Арабада түшүп келе жатып, тумакты көкүрөгүнө кысып келбедиң белең.

– Ооба, ошол тумак азыр да үйдө илинүү. Чекесинде кызыл жылдызы бар, боз товардан тигилген солдат тумак. Кээде колума кармалап жыттайм, уулумдун жыты али да келип тургансыйт...

 

IV

– Толгонай, байкуш Толгонайым, алдагы калтаңдаган башыңды ошондо боз кыроо чалбадыбы. Кайран олоң чач! Сен бул жерге келген сайын, ар качан башкача болуп келчүсүң. Улам жүгүң оордогондой, ээрдиңди кесе тиштеп, ичиңден өксөп, унчукпай келип, унчукпай кетип жатсаң да, башыңа кандай кыйын күн түшкөнүн баарын билип эле жаткам.

– Ооба, Жер-Энем, унчукканда кантер элем. Мен эле жалгыз болсом экен – согуштун кесири тийбеген бир да үй-бүлө, бир да адам калган жок эле го. Башкасын айтпай эле коёюн, дүйнөнүн өйдө-төмөнү менен эч кандай иши жок кезинде, тили жаңыдан чыккан кичинекей балдар да, ошол балыр сүт бөбөктөр да, ырдап койчу десең, каңырык түтөтүп:

«Ак көйнөгүм этеги

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.