повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

Станциянын жалгыз тамында тактай нарларга кулап жаткан он чакты киши бар экен. Согуштун айынан ар кайсы жактан жеринен ооп, жол азабын тарткан жүргүнчүлөр бул жерде өз үйүндөгүдөй жайланышып, уктаганы уктап, сүйлөшкөндөрү сүйлөшүп, кай бирлери темир кружкалардан шорулдата чай ичип, гитар кыңгыратып, ичинен кыңылдап ырдагандары да бар. Алиман экөөбүз да нарынын четинен орун алып отурдук. Шишеси сынык жалгыз чырак араң эле бүлбүлдөп, станция ичи күүгүм-чалыш тартып турду. Бир кезде поезддин жакындап келе жатканы дагы угула калды эле, биз эшикке атырылып чыктык. Түн жамынып жин ойногондой, шамал этек-жеңден булкуп, паровоздун ысык деми бетке уруп, өтө чыкты да, жүк ташыган поезд жай келип токтоду. Мында келе жаткан солдаттар көрүнбөсө да, Алиман экөөбүз: «Майсалбек! Майсалбек, барбы?» – деп вагондорду кыдыра жүгүрдүк. Эч ким жок. Станцияга кайра келип отурганыбызда, элдин баары уктап калыптыр. «Эне, чарчадың го, жатып эс ала турчу, мен эле күзөтүп турайын» – деди Алиман. Келинимдин ийинине башымды жөлөп кыйшайдым. Бирок, эмненин уйкусу, кайдагы уйку. Уктабай кашайып калайын! Кулагым, жүрөгүм, акылым менен тигил поезддин ыраактан келе жатканын таманым менен тамдын асты билинер-билинбес солкулдаганынан сезип жаттым. Поезд кай тараптан келбесин, күүсүн кулагыбыз чалар замат, кокус келип жетпесин деп, улам куржунду көтөрө жүгүрүп, тосуп жүрдүк. Нечен эшелондор өттү, бирок, биринде да Майсалбекти жолуктура албадык. Түн ортосуна жакын жер күүлдөп солкулдаганынан эшикке чуркап чыкты элек, капчыгайдын нары жагынан да, бери жагынан да паровоздордун бакырыгы угулуп, эки поезд эки жактан шакылдап келе жаткан экен. Ушинтип жол карап, күткөнүбүздөй болсочу, кокуй!.. Шашканыбыздан кай жагына умтуларыбызды билбей алдастап, эки жолдун ортосунда камалып калган экенбиз, каршы-терши зуулдап келген поезддер, кулак тундуруп, урган-соккон бойдон токтобой, жандаша күүлөнүшүп өткөндө, уюлгуган кар, шамал вагондордун астына учуруп жыкчудай алка-жакадан булкуп силкти. «Эне!» – деп бакырган Алиман мени кучактай, фонардын мамысына капшыра кысып кармады. Ошол куюн-чымын шака-шактын ичинде да, чагылгандай жарк-журк эткен вагондордун терезе эшиктерин сагалап, алда кокуй, Майсалбегим ушунда өтүп кетип калбагай эле деген ой, бүткөн боюмду титиретип, эсимди оодарды. Дөңгөлөктөр чуркаган кош темир жол ошондо менин жүрөгүм зыңылдагандай, зың-зың этип онтоп жатты. Айтчы деги, дүйнө тиреги жер, кай заманда, кайсы эне ушинтип өз баласын бир көрүүгө зар болуп, көзүнөн кан чачырап, кыйкырыгы таш жарып, жол тосту эле?

– Айталбаймын, Толгонай. Сенин заманыңдагыдай ааламда согуш болгон эмес.

– Эмесе, ошентип жол караган эненин эң акыркысы мен болоюн! Ылайым, ылайым, мен сыяктуу темир жолду кучактап какшаган пенде болбосун!

– Толгонай, уулуң менен жолугалбай келгениңди, сен бери чоң жолдон кайрыла бергениңде эле билген элем. Түрүң ушундай бир керсары, көзүң ичине тартып, оорудан тургандай болуп калыпсың.

– Ушундан көрө бир ай эс-учу жок төшөктө жатсам, ыраазы элем. Таң аткыча келиним экөөбүз бир тыным албай, темир жолдун боюнда ары-бери жүгүрүп жүрдүк. Бороон таңга маал чукул тыйылды. Ошондо батыш жактан вагондору кыйрап өрттөнгөн бир эшелон келди. Капырай, талкаланган эшелон жай сүйрөлүп келгенде, капчыгай ичи тып-тынч болуп турду. Анча-мынча гана кар кыпындаганы болбосо, станцияда жан жок, үн жок. Ошол эле сыяктуу эшелондун өзүндө да бир да адам жок экен. Тегиз эле кыйраган вагондор чиркелишип, эски күмбөздөр арасындагыдай, үн этпеген көрүстөн тынчтыгы тунжурап, түтүн, күйгөн темир, өрттөнгөн карагай жыттанып турду. Кечээ күнү таанышкан чолок кара тончон орус киши фонарын көтөрүп, жаныбызга келди эле. Алиман андан: «Бул эмне болгон эшелон?» – деп шыбырап сурады. «Бомбалар талкалап кеткен» – деди ал да шыбырап. «Эми бул вагондорду кайда алып бара жатышат?» «Ремонтко» –  деди темир жолчу. Алардын сөзүн тыңшап, бул эшелондо кимдер жол тартып, кайсы жерден бомбалар үстүнө кулап, өрт-жалын, кыйкырык, бакырыктын ичинде кимдер буту-колунан ажырап, кимдер жан берип, өмүр менен коштошту экен, согуштун элеси эле ушул болсо, өзүчү, өзү эмне деген шумдук иш деп, ойлонуп турдум. Согуштан келген эшелон, көпкө чейин станцияда туруп, анан жай сүйрөлүп, алда кайда жүрүп кетти. Жүрөгүм копшолуп, заманам куурулду: эми Майсалбегим да талкаланган эшелондун келген жагын көздөй, кан майданга жол тартат ээ. Касым эмне болду экен? Субанкул да Рязань шаарына жакын жерде машыгып жатабыз деп жазыптыр... Анысы фронттон анча алыс жерде эмес көрүнөт...

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.