повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

– Сүйлөй бер, Толгонай, сүйлө. Бүгүн сөз сеники, аңгемеңди улант.

– Улантпаска арга канча: турмуш өзү эле улантып таштабадыбы. Согуштун үчүнчү-төртүнчү жылдары сүйүнтүп да, күйүнтүп да, душман сүрүлгөндөн сүрүлүп бара жатса да, эч бир түгөнгүстөй, кубатынан, алдан тайган элдин ого бетер кабыргасын кайыштырып, эсин оодарды. Күзүндө, жыйым-теримде машак терип, эптеп тоюнган эл кыш ортосунан нары ачкадан-ачка калып жатты. Өзгөчө көктөмдө – тоодон алгы[8] казып, мандалак казып жеп, жалаң ошону менен гана оокат кылгандар болду. Алиман экөөбүз ач-ток болсок да тиштенип, колхоздун жумушунда жүрүп, күн өткөрүп жаттык, ал эми балалуу-чакалуулар, жашаялметтер аябай кыйналды. Ак шишик баскан балдарды көргөнүмдө, жаным кейип, алар үчүн мен жооптуудай, алардын «нан» – деп телмирген көздөрүнө тик багалбай жүрдүм. Колумдан келсе, эчтекемди аябай, ал түгүл, Субанкул, Касымдардын артынан барып жанымды курман чапсам, ошондо ушул балдардын курсагы тоёт десе, эч кандай ойлонбой туруп макул болор элем. Мен бир күнү ушул кепти Алиманга айттым. Ошентсем катуу ойлонуп калды. «Ырас айтасың эне, – деди ал – чоң кишилер го эмне үчүн ач калганын түшүнөт, ал эми балдар кайдан билсин, дүйнөнүн эч кандай куулук-шумдугу менен иши жок. Алардыкы биздикинен да кыйын. Ушуларга эми эптеп, согуш басылып, ата-агалары кайтып келгиче, нан таап берип турушубуз керек. Экөөбүздүкү эми, эне, ушул эле калды да, башка эчтекебиз жок. Колдон келишинче, элге пайдабызды тийгизип туралы. Ушул да, болбосо жашап кереги эмне?» Бирок турмуш биздин ушинтип айтканыбыздай да болгон жок. Эгин сээп, нан тапкан дыйкандардын нансыз калышы теңирден тескери нерсе. Көрсө, согуш чыкканда – бул согуштуку, бул меники деген болбойт турбайбы. Баардыгы согуштуку, жан да, эрк да, эмгек да, жаш балдардын буламыгына чейин, баардыгы, бүт кыймыл-аракетиң, баардыгы кан соргон согуштуку! Андан эч ким, эч кайда качып да кутулалбайт. Качып көргөндөр да болду, жашырып эмне, бирок ошол качкандар айланып келип, акыры ошол эле азаптуу элге кол салат экен да, анын душманы, каракчысы болушат экен. Башка жол жок, ушул гана экен. Буга да көзүбүз жетти. Эсиңдеби, Жер, баягы кыштын күнкү түн?

– Ооба, баягы сен адашып кеткендегиңи айтасыңбы?

– Ошону айтам. Кырк үчүнчү жылдын кыш ортосу бекен ай, же жазга маалбы. Айтор, кар кетелек суук болчу. Түндүн кайсы убакты экенин кайдан, эл тегиз жаткан терең түндө, алда ким терезени сындырып жиберчүдөй ургулап: «Толгонай! Бригадир! Тур эртерээк! Ойгон!» – деп кыйкырды. Эсибиз чыгып, Алиман экөөбүз секирип турдук. «Эне! Эне!» – деди Алиман, кандайдыр бир укмуштуу нерсени күткөндөй дабыш менен. Алда курган үмүт ай, дайым эстен чыкпаган нерсе, ошол учурда менин да жүрөгүмдү колкомо тыга салбадыбы: аскердегилердин бири келип калдыбы деген ой кетсе болобу. «Сен кимсиң? Сен кимсиң?» – деп, терезеге жүткүндүм. «Чык эшикке, Толгонай! Бол эрте! Сарайдан ат уурдалды!» – деди келген киши. Алиман чырак жаккыча өтүгүмдү кийе салып, көчөгө жүгүрүп чыктым. Ат сарайга башкармалар да жетип келген экен. Сары жорго баш болуп, аны биз колхозго өткөрүп бергенбиз, арабага чегилип жүрчү үч ат жок. Биздин бригаттын жазгы кош айдоого байлаган мыкты аттары эле. Аттардын түнкү чөбүн салам деп, атканачы чөпканага чыгып кеткенде алып кетишиптир, келсе сарай караңгы, чырак өчкөн, шамал өчүргөн экен деп, шашпай күйгүзүп караса, бери четте үч аттын орду бош. Ал кезде үч жумушчу ат жоготуу, колхоз үчүн азыркы кезде он трактор жоготкондой кеп эле да. Ал эми нары жагын ойлосоң, фронттогу солдаттардын ар биринин бир сындырым нанын тартып алгандай кеп эмеспи. Жабыла аттанып, кээ бирлерибиз октолгон мылтык ала чаап, куугунга түшкөнүбүздө, уурулар жолукса оңдурбайт элек. Кудай бар, оңдурбайт элек! Бирок жеткен жокпуз, узап кетишсе керек, кайда кеткенин ким билсин.

Айылдын сыртында эки-үч топко бөлүнүп, туш-туш жакка чыктык. Ошондо адашып жүрбөймүнбү. Мингеним колхоздун зоот айгыры эле, жаныбар камчы тийгизбей алып учуп, чоң жолдон өтүп, тоо тарапты бет алганымды билем. Артымдан келе жаткандар да бар эле, башка жакка уруп кетишкенби, алардан узап кеткенимди көптөн кийин билдим. Каракчылардын караандары кайдан көрүнөр экен деп, тизгин тартпай, ээн талаалар менеп чаап келе жатып, бир кезде ат токтой калганда гана, башын жыйып карасам,  алдымда – терең аң. Тоо этектеп келип калыптырмын. Карайган кыр үстүндө аркан бою ай чалкалап, жылдыздар котолошуп, асман ачык экен. Муздак шамал тоңголок кар үстү менен сыйгалап, жансыз куурайларды бирине бирин сүйкөнтүп, тымызын ышкырып, ураган эски коргон арасында үкү-жапалактар үн салып турду. Бул түнү дүйнөнүн ар кайсы жеринде ар кандай жакшы да, жаман да иштер болгон чыгар, тарыхтын ар кандай улуу да, арзыбас да окуялары өтүп жаткан чыгар, ал эми биздин айылыбызда мына ушундай шойкон түн болду. Аттарды ким алды экен, кандай немелер? Мындай учурда элдин убал-сообунан коркпогон кимдер болду экен? Аңдагы камышта бекинип жүрүшпөсүн деп, сайга түшүп карадым. Эчтеке жок, болгону, бир түлкү булаң этип, камыштын ичинен чыга качты да, ай жарыгында көгүлтүр кубулуп, жар үстү менен күмүш куйругун сүйрөп сызып жөнөдү.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.