повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
Эки-үч күндөн бери оорусу кармап, Айша үйүндө отурган экен. Иреӊи бозоруп кыйналып турса керек. «Эл катары берчү немеңди бергин, Айша» – дедим эле, «Бар болгон эгинибиз тиги» – деп, баштыкты көрсөттү. «Ушул болсо да бергин. Урук үчүн, айдоо даяр, жерге себебиз” – десем Айша кабагы томсоруп, унчукпай калды.Алда, жокчулук ай, адамды кандай кор кылат! «Айша, ушуну менен көп болсо он күн оокат кыларсын, кийин кыштык азыгың болор, эртеңкини да ойлойлу, балаңдын убайын көр, көчөдө арабасы менен күтүп турат» – дедим. Айша ээрдин тиштегилеп, жалооруду: «Бар болсо аяйт дейсинби, Толгонай. Өзүң деле көрүп жүрбөйсүңбү, мен минтип чала жан болсом, кудай кошкон кошунам эмессиңби...» Каңырыгым түтөп бошоп кеттим, бирок ошол замат боштукту четке кактым: «Мен азыр кошунаң эмесмин! – деп катуу сүйлөдүм. – Мен бригадирмин, көпчүлүктүн атынан ушул эгиниңди алып кетем!» – дедим да, ордумдан туруп, баштыкты колго алдым. Айша унчукпай тескери карады... Алты-жети кило буудай экен. Баштыгы менен алып кете берейин дедим да, кайра чыдабай, теңин чоң табакка төктүм. «Бери кара, Айша. Теңин эле алдым, капа болбочу» – дедим. Айша башын буруп мени караганда, көзүнөн аккан жаш бопбоз сала болуп бетинен төгүлүп турган экен. Ошондо эле таштап кетсем кана, мындай болорун билиптирминби, баштыкты кармаган бойдон үйдөн чыга качтым. Адамды минтип кейиткенден көрө, э, курусунчу дүйнөсү! Эмне үчүн, эмне үчүн ушинттим экен! Азыр эстесем да, кечиргим келбейт кылганымды.
– Жок, Толгонай, сенин анда эч кандай күнөөң жок. Сен элге жакшылык кылайын дедиң эле, ордунан чыкпай калбадыбы.
– Ооба, айланайын дыйкан талаам, сен баарына күбөсүң: ниетим жакшы болчу. Ал эми ошондо айылдагылар жабыла сабашып өлтүрүшсө да, макул элем. Билесиң го, эки чоң кап уруктук эгин чогулду. Аны бир калбырга салып, тазалап айдоонун башына өзүм жеткирип таштагам. Ал күнү коё турсам да болот беле. Соколой турган бир аз аянт калган болчу. Эртеси азандан туруп үрөндү айдоого өзүм чачмак элем. Үрөн даяр, баардыгы эле ойдогудай чыгып келе жаткан. Кеч кирерде үйгө келип, алда эмнеге күйпөлөңдөп, тынчтык таба албадым. Күндүзү Бекташ менен дагы бир балага тырмоочторду арабага салып, аңызга жеткирип таштагыла деп дайындаган элем.
«Бала, баланын иши чала» дегендей, тигилер айтканымды орундатты бекен, жокпу деп, ишеналбай Алиманга айттым: «Мен тиги кошчуларга барып келе коёюн – бат эле келем» – деп, аттанып чыктым.
Айылдан өтө берип, желдире бастырдым элем: каш карайып, кеч караңгысы улам коюлуп келе жаткан. Коштун башына жете бербей, айдоодо сокого кошулган өгүздөр ээн туруптур, жанында эч ким жок. Ушул убакытка чейин унааны сокодон чыгарбаганы эмнеси деп, сокочу балага ачуум келди. Кайда жүрөт болду экен ал жубарымбек дегенимче болбой, жол боюнда малалары менен оодарылып жаткан арабаны көрүп, эсим чыгып кетти. Арабанын жанында эч ким жок. «Ай, балдар! Кайда, жүрөсүңөр, кайдасыңар? Ким бар мында?» – деп кыйкырдым. Жан адам жоктой, эч кандай жооп болбоду. Бул эмнеси, булар соо эмеско деп, алачыкка чаап бардым. Аттан секирип түшүп, ширеңке чагып кирип келсем, Бекташ жолдошу менен, сокочу бала – үчөө тең колдору артына байланып жерде жатышат. Кийимдери тытылып, бети-башы кан, ооздору толо тыгылган курумшу. Бекташтын оозунан курмушуну жулуп алып: «Үрөн? Үрөн кайда?» – дедим. «Алып кетишти! Сабап алып кетишти!» – деп, уурулардын кеткен жагын башы менен көрсөтө берди. Ошол жерден кандай болгонун билбейм, атка ыргып минип, куугунга түштүм. Өмүрү антип ат чаап көргөн эмес чыгармын. Жаныңа бычак тийгенде, эчтекеге карабайт турбайбы адам. Караңгы түн эмес, мейли көр караңгысы болсун! Өз үйүмдү өрттөп, өз мүлкүмдү тоноп алып кетсе ыраазымын, кырманга кол салып, тогуз кап эгин алып кетсе чыдар элем – кырмандын кешиги дээр элем, бирок бул үрөн үчүн тимеле өлүп берүүгө даяр элем!