повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

– Ооба, Толгонай, элдин оозунан жулуп алган ар бир дан үчүн, адамдын канынан кымбат ошол үрөн үчүн жаныңды курман чалсаң да аз болор эле. Түн караңгысын силкинтип, ошондогу айкырганың: «Токто! Токто! Жүзү каралар!» – деп, ушундай бир заардуу кыйкырдың элең, уйкуга кетип бара жаткан жеримден селт этип, ойгондум. Аттын төрт аягы дүбүрттөп, тигилерге жакындап келе жаткан экенсиң.

– Ооба, ай-ааламды бузуп айкырганым чын. Ушинтип кыйкырып келе жатканымда, ишим ак экен, каракчылардын артынан билгендей түз салыптырмын. Көп өтпөй алдыда уурулардын караандары көрүнө берип, аттарынын такалары ташка чагыла түштү. Үчөө экен, атчан немелер каптарды бөктөрүнүп тоо тарапка уруп кетип бара жатыптыр. «Токто! Таштагыла үрөндү! Ташта үрөндү! Ташта дейм!»  – деп, камчы шыбап калбай келе жаттым. Арабыз улам кыскара берди, анткени тигилер кап салынып, катуу чаап кете албады. Бирок эгинди да ташташпады. Кимдир бирөө ортодо жорго минип бара жатыптыр. Эски малдын көзү эмеспи, артынан тааныдым, жүрүшүнөн, арткы ак байпак аягынан тааныдым – биздин сары жорго экен. Кышында аттарды уурдап кеткен да ушул турбайбы. «Токто! Мен билем силерди, мен билем сени, Жекшенкул! Сен Жекшенкулсуң! Узатпаймын эми сени, токто!» – деп кыйкырып келе жатканымда, чын эле Жекшенкул экен, жоргонун башын бура тартып, караңгыда булаң эте түштү да, мылтыктын оозунан жарк эткен от көзүмдү катарынан эки жолу чагылыштырып, тарс эткен үн менен кошо, атым мүдүрүлүп, тигинеден нары тебетейдей учуп түштүм. Жыгылып бара жатканымда бир оокумга мылтык атылганын, ок тийгенин түшүндүм, андан наркысы – капкараңгы бейкабарсыздык болду.

Бир убакытта эсиме келип, көзүмдү ачсам айлана тегерегим тыптынч, чалкадан түшүп жаткан экем, бүткөн боюм өзүмдүкү эместей, коргошундай салмактанып, кыймылдоого дарманым жок. Жанаша жерде – кээде коркурап, кээде теминип, аяк силкип, ок тийген ат жаны чыгып жатыптыр. Ал дагы бир аз коркурап кыйнала түштү да, кыймылсыз жатып калды. Аны менен кошо турмуштун баары токтоп калгандай сезилди. Жымжырт түн жана мен... Өйдө туруп эптеп бир аракет кылгым да келген жок. Кандай иш болуп кеткенин ошондо гана толук түшүндүм. Ушул бойдон көзүм жумулуп кетсе, өлсөм дедим. Элге эми эмне дейм, кайсы көзүм менен тик багып карайм? Көзүмө жаш толуп, асманды тиктесем, тунарган саманчынын жолу төбөдө чолок тартып, куду Айшанын бетинен төгүлгөн боз жаштай, бопбоз болуп сарыгып турган экен. Дирилдеген эриндеримди тиштегилеп, эл үчүн, журт үчүн келечек үчүн сурап, тилеп, Айшаларды ыйлатып тартып алган үрөнүмдү жутунган көр тамагы үчүн алып кеткен качкындарды каргадым: «Ылайым, кан төккөн элдин кусуру урсун силерди! Согуштун кусуру урсун сени, Жекшенкул! – Ушинтип жүрүп жаныңды баккандан көрө адам болуп дүйнөгө жаралбай эле койбойсуңбу! Субанкулум, Касымым ичкен сууну сен да булгап ичип жүргөн экенсиң да... Тү, сенин бетиңе!..»

Мен ушунтип көпкө чейин жаттым. Бир убакытта кимдир бирөөнүн басып келе жатканы угулуп: «Токон апа! Токон апа-а-а-а!» – деген баланын ыйламсыраган үнү чыкты. Дабышынан тааныдым Бекташ экен. Издеп жүрсө керек. Башымды өйдө көтөрүп: «Бекташ, бери бас» – деп чакырдым. Адам да, атанын баласы да, жаныма жетип келип: «Токон апа, аман-соосуңбу, Токон апа?» – деп, башымды жөлөп, аман-соо элемин, белимди өйдө көтөртпөй жатат, кокустап калса керек десем, ал эчтеке эмес, жакшы болуп кетесиз, Токон апа, – деп, аптыга сүйүнүп, нары жакта издеп жүргөн жолдошторуна: «Балдар, бери келгиле, Токон апам мында экен, аман-эсен, аман-эсен экен!» — деп чакырды. «Эми апаңа эмне деген жооп беребиз?» –  десем, Бекташ бир аз унчукпай туруп: «Жообун мен өзүм берем, Токон апа. Элдин баарына жоопту өзүбүз беребиз, Токон-апа. Эчтеке эмес!» – деп, бала да, ошондо он төрт – он бештеги кези, ызасына чыдабай ыйлап жиберди. Муштумдарын түйүп, өйдө тура калып, тоо тарапты карай колун кесеп, сүйлөдү: «Биз баары бир өлбөйбүз, көрөсүңөр го, мен да чоңоюп жетилермин. Бул кылганыңарды эч убакытта унутпаймын!» – деди. Анын ушул кайрат сөзү үчүн, делебем козголуп, ыйладым. Ошентсем, ыйлабаңыз, Токон-апа, мен да сиздин балаңызмын, мен да чоңоём, Касымакемдин ордун жоктотпоймун деп, колтугумдан жөлөп, өйдө тургузду.

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.