повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
«Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем, – деп баштаптыр. – Мен сени кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчум. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: «Балам, кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум?» Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке – мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айбым эмес.
Мына азыр мектепте окуучу жаштарга менин биринчи жана эң акыркы берип кетер сабагым ушул, аларга окутуп кеткен билимим да ушул. Буга мен турмуштан алып чыккан баардык билимимди, баардык дилимди жумшайм.
Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн баардык жакшылыгы үчүн...
Бул менин акыркы катым, акыркы калем шилтешим, акыркы сөзүм. Апа, миң бир эки апа десем да, кадырыңа жетер белем, түшүнгүн: бул жөн эле өлүп берүү эмес, бул жөн эле жанкечтилик эмес, бул өмүр сүрүүнүн эң бир эбегейсиз түрү. Кулакка балким, жат угулса да, бул жашоо үчүн болгон өлүм. Мен өз ыктыярым менен ушуну туура таптым. Мен эч кандай кылчактаган жерим жок. Мекеним бул ишти мага ишенип тапшырганы үчүн сыймыктанам!
Мени жоктобо, апа. Менин артымда туягы калган жок дебе. Дүйнөдө мындан нары согуш болбосо, жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы – ошол мен, бой жеткен кыздардын жоодураган көздөрү – ошол мен, бутакта көгөргөн жалбырак – ошол мен, талаада өнүп чыккан эгин – ошол мен, мугалимдин балдарга биринчи үйрөткөн «А» тамгасы – ошол мен, ошонун баары мен, ошонун баарын мен, мен деп билип жүргүн, апа!
Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын. Мындай өлүм үчүн эч ким ыйлабасын. Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо!
Сенин мугалим уулуң – лейтенант Майсалбек Субанкулов.
Фронт. 9 март 1943-ж.
түнкү саат – 12.»
Мөгдөгөн башымды өйдө көтөрүп карасам, короодо жарданган эл туруптур. Баары тең унчукпай, баштарын салаңдатып, аза тутуп турушкан экен. Эч ким үн чыгарып ыйлаган жок, Майсалбек эч ким ыйлабасын деген турбайбы. Аялдар мени колтуктап сүйөп, өйдө тургузушту. Гүлдөгөн алмага жел тийип, бутактарынан себеленген апапакай бүрлөрү бети-башыма себеленип, жеңил гана кол тийгизгендей, сылап өтүп жатышты. Ошол гүлдөгөн алманын нары жагы, айылдын үстү, алыскы тоонун үстү чеги жок, түбү жок мелтилдеген, таптаза көгүлтүр асман экен. Дүйнөнүн мынчалык кең экенин көргөнүмдө, дүйнөнүн мынчалык тар экенин сезгенимде, ай-ааламды бузуп, озондоп, бакырып ыйлагым келди. Ага болбой тиштенип тура бердим. Алиман баятан бери кантип турганын билбейм, мен өйдө турганымда, эки колун сунуп, сокур кишиче, мени көздөй темселеп келе берди да, бир убакытта бетин алакандары менен мыкчый басып, тескери бурулуп кетти...
Мына үшүнтүп, ортончу уулум Майсалбегимден да ажырадым. Таштап кеткен тумагы калды...
– Менде болсо Майсалбектин жергеси деген атагы калды, Толгонай. Элге– кылган иши, даңкы калды.
– Ооба, Майсалбектин аты өчкөн жок. Баатыр деген наамы менен ардакталып кыштагыбыз «Майсалбек» атындагы колхоз болду. Фронттогулар Майсалбектин жазып кеткен катын өздөрүнүн катына кошуп сельсоветке жиберишкен экен. Ал катта Майсалбектин көрсөткөн эрдигин жазган жоокер жолдоштору, баарыбызга көңүл айтып, силердин уулуңар, жердешиңерди эч качан унутпайбыз, анын ысмы менен Мекенибиз дайым сыймыктанат дешиптир. Көрсө Майсалбегим чалгынчы турбайбы. Биздин аскерлер чабуул жүрөрдө, немистердин жашыруун жерде топтогон курал-жарак, ок-дарылары бир түндө от алып, айлана тегеректеги токойлор жапырт кыйрап, фронттогу чабуулдун чоң жолу ачылыптыр.