Абдылдажан Акматалиев

Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Абдылдажан Акматалиев

“Утур бир жылдыз жанат жымыңдап. Утур бир көргөн жылдызына сүйүнүп, көзгө урунган сайын маалында көргөнүнө, анан да аман көргөнүнө сүйүнүп, жалбарып атты. Жалдырап тиктейт. Жалдырап тиктей да берди, жалбара да берди, ымдап-ымдап тиктей да берди, ыйлай да берди.

Бир карасаң, Ч.Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Бугу-Энеден бешик алып келип берүүсүн сураган Баланы, бир жагынан “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөгү” тумандуу деңизден жалгыз кайтып келе жатып жылдыздардан жардам сураган Киристи, анан да “Кыяматтагы” Ташчайнарынан ажыраган Акбаранын көз жашын эске салган бул эпизод Арслан Койчиевдин  романында терең символикалуу идеялык-тематикалык, күчтүү эмоционалдык-экспрессивдик  маани-мазмундук роль ойноп турат.

Каармандын көркөм образын жаратууда психологизм маселесинин ролу чоң. Ар түрдүү кырдаалдагы  каармандын мүнөз өзгөчөлүгүн  сюжеттик өнүгүү багытына шайма-шай портреттик, интерьердик, кептик деталдар, таамай штрихтер, так аныктамалар аркылуу ачып берүү жазуучудан кылдат чеберчиликти талап кылат. Психологизм маселеси “Бакшы жана Чыңгызхан” романында жогорку чеберчиликте иштегендигин көрөбүз.

Көркөм психологизм түз жана кыйыр, же башкача айтканда, каармандын жан дүйнөсүн автор түз баяндап, түшүндүрмө берген же каармандын ички абалы, кыймыл-аракети, мимикасы, кеп-сөзү ж.б. кыйыр берилген түрүндө болушу мүмкүн.

Ушул ыңгайда романдагы каармандарды кай жагынан алып карабайлы психологиялык жактан алар автор тарабынан чебер тактык менен берилгендигин көрөбүз. Мисалы, Сайчы уулдун бир учурдагы абалына автор төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет: “Эмеле алыс айдасаң болбой, эмеле айланып келген, эмеле ыраак куусаң болбой, эмеле козголуп келген ызаасынын таржымалы ушундай”. Автордук бул түшүндүрмөдөн ызаанын кайсы деңгээлде экендигин, ызанын жүрөккө бекем баткан оор күчүн окурман кадимкидей сезет. Ошондой эле психологиялык кырдаалга бап келген бул автордук түшүндүрмө ызага себепчи болгон окуянын жана ага тиешеси бар  каармандардын образдарынын эмоционалдык-экспрессивдик таасирдүүлүгүн күчөтөт, окурмандын сезимине таасир этет.

Орто кылымга таандык тарыхый, жазма булактарда Сайчы уул, Теңиз-Бука, Кара-Ногойлордун тарыхта жашаган инсандар болгондугу тууралуу маалыматттар айтылат. “В то время когда Узбку-хан в гневе отдал в кошун Койат исатало внуков семнадцати сыновей, родившихся от других жен Йоги-хана, вместе с принадлежавшим им племенами, остались (все они) сыну Тенгиз-Буге. Очень наглым и злым человеком был этот Тенгиз-Буга. Жестоко истязал и унижал он огланов этих, что были из потомства государей его. ... И вот среди огланов этих два человека. Был одинь из них умным и мудрым. Звали его Букри-Ходжи-Ахмад. Кое-кто говорит, (что) звали (его) Мудрый Сайчи-оглан...”.

Романдагы “биздин замандын каармандарына” келсек, алар: ЦКдан келген бөлүм башчы Николай Аблеухов, Илимдер академиясынын Кол жазмалар институтунун директору Рахим Абдуллаев, КГБнын кызматкери, капитан Хайруллаевдер. Николай Аблеухов Бактыгерей Избасаровдун жоголгон кол жазмасы КГБнын колуна түшүп, аны институттун Кол жазмалар фондусунда “Өтө жашыруун” деген гриф менен сакталып турган  1227-номерлүү “Чыңгыз нааме” деген аталыштагы папкадан антисоветтик көз караштагы бирөөлөр жашыруун көчүрүп тараткан болуу керек деген шоораткаа байланыштуу Москвадан жиберилген өкүл. Ал “феодалдык доордун” кан ичери Чыңгызханды даңктоонун нак үлгүсү!” (Аблеуховдун жыйындагы сөзүнөн)  болгон көк дептердин мамлекет үчүн идеологиялык жактан канчалык зыяндуу экендигин ташкендик жергиликтүү кызматкерлерге терең түшүндүрүп, жооптуулардын сесин алып, анын кесепетин жоюу үчүн кандай иш-чараларды көрүү боюнча республикалык Борбордук Комитет, Илимдер академиясы менен макулдашуу үчүн келген. Партиялык чогулуш болуп жаткан ысык аптаптуу кундөрү бир да жел жок учурда ачык турган терезе капыстан “тарс” деп жабылды. Баары селт эте түшүштү, түшүнбөй да калышты. Бул Чыңгызхан жөнүндөгү көк дептер тууралуу узун сөз болуп, Чыңгызханды сындап жатканда эч кимге көрүнбөй келген, баарын уккан Чыңгызхандын арбагы эле: “Эмне мынча майдаланып каңгыдыңар? Карага айланып, карып кейпин киерлик тукум эмес элеңер го?” – деди армандуу. Ушинтти да үч айланып, кимдир бирөөгө наалыды, кимдир бирөөнү каргады.

15.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.