Абдылдажан Акматалиев

Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Абдылдажан Акматалиев

Мурдагы политбюронун жыйынында көк дептердеги “Чыңгызнаме” деген аталыштагы теманы өзгөртүү жөнүндө Аблеуховдун “Болобу?” деген суроосуна илимий кызматкер, Абдуллаев, Хайруллаев,  партиянын секретары “Болот!” дегенде ачык турган терезелердин бири карс жабылган. Катышуучулар “Чарвактын жели” деп эч бир маани беришпеди. А бирок жыйындагы адамдардын пикирлерине каршы туруп тунук жел менен терезени тарс жапкан, Чыңгызхандын арбагы эле. “Кан ичер Чыңгызхан!”, “Каргыш ургур Чыңгызхан!”, “Зөөкүр тууралуу икеа”,  “Жырткыч тууралуу баян” деген кыйкырык үндөр бөлмөдө жаңыра баштаганда, терезенин экинчи көзү катуу карс жабылды. Бул ирээт Чыңгызхандын арбагы өтө ачууланып, жыйындагы катышуучуларга өзүнүн каршылыгын билдирди.

А.Койчиевдин автордук позициясы – Чыңгызханга болгон мамилеси оң экендиги мына ушул кичинекей көркөм деталда эле даана көрүндү.

Чыңгызхандын арбагы романда жөн гана үстүртөдөн көлөкө, байкоочу фон эмес, ал романдын жандуу, активдүү каармандарынан. Эгерде мына ушул мистикалык сүрөттөөлөрдү чыгармадан алып салсак, анда романдын структурасы толук үбөлөнүп калат. А.Койчиев Чыңгызхандын арбак, аян сыпатында эле эмес, реалдуу көрүнүш  катары каармандар менен болгон шарттуу диалогун да өтө ишенимдүү түзө алган. Мисал катары, Аблеухов менен Чыңгызхандын сүйлөшүүсүн алып көрөлү:

“­ Кечиресиң, сен адашып келдиңби?

Адашкан жокмун, балам. Сен Абулай ­ Укуп эмессиңби!

­ Абулай-Ухов!? Эч кандай Ухов, Муховду тааныбайм, жолдош... Мүмкүн, номурун алмаштырып алдың. Сен...

­ Кантип тааныбай каласың!? Абулай-Укупсуңда сен!

­ Кечиресиң,   жолдош...   Эшик   кулпулануу турса, чертип койбостон уруксатсыз кантип кирип келдиң? Бул ­ люкс номер! Мен ­ Аблеуховмун, ЦКнын бөлүм башчысы...

­ Ооба, ооба, Абулай-Укуп атанбадың беле!

­ Жолдош... Сен адашып калдың көрүнөт.

­ Адашпай-этпей эле! Келем деп сөз бербедим беле, убадама туруп келдим мына...

Бул жерде А.Койчиев арбак менен Аблеуховдун сүйлөшүүсүн бир жагынан мистикалык көрүнүш катары берип жатса, экинчи жагынан түпкүрдөгү генетикалык сезимди ойготуп, өзү менен өзүн сүйлөшүү монологун берип жатат.

Чыңгызхандын арбагы ошондой эле наавайчыга ж.б. жолугат.

 «Өнөрүм менен жумушу не? Темселеген кимиси? Кайсы кеңкелеси?» Наавайчынын итатайы тутулду:

        Анда бейтааныш башын армандуу чайкап:

        ­ Нени былжырап атасың?

        ­ Алты атаңан тарта наавайчы экенсиң. Атаңгөрү-ү! Так ошондон тарта бузулупсуң! ­ дебеспи.

Бейтааныш киши, ошентип наавайчынын ачуусуна тийет, наавайчы болсо өзүнүн хан урпактарынан экендигин кайдан билсин, наавайчылык кесиби менен мактанат. Бейтааныш каңырыгы түтөп, “Туулбаптыр! Туулбаптыр! Туулбаптыр!” – деп көздон кайым болуп кетет.

Чынында эгер Чыңгызхандын тукуму майдаланып кетпей, хандыктан-хандыкты бири-бири менен талашпай өткөрүп келсе, дүйнө кандай өнүттө кетмек, тарых кандай нукта болмок? – деген суроо автор А.Койчиевди кызыктырат. Бул суроо романда Бердибекхан, Өзбекхан жана башка каармандардан тартып Чыңгызхандын арманынан көрүнөт.

Хайруллаев – бул Ч.Айтматовдун Таңсыкбаевинен ашса ашат, кем калбайт. А.Койчиев ал аркылуу идеологияны курал кылган күч органдарынын кызматкерлеринин ташбоорлугун, кайрымсыздыгын, жөнөкөй адамдарды күнөөсү жок болсо да баса калып, көрсөтмө алууга маш болгон кызматкерлердин образын даана сыпаттаган “Антисоветтик” көрүнүштөрдүн бетин ачсам дегенде “эки көзү төрт”. Ал үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн капитан Хайруллаев оң ишти тетири кылууга, кармалгандарды азап чектирүүгө дайыма даяр. Ага көк дептердин жоголушу – кызматтан-кызматка көтөрүлүүгө, жаңы, жогорку кызматтык чин алууга шанс болчу, ошондуктан базардагы соодагерлерден баштап Бактыгерейге чейин шектенип, аларды кармап, камап сурак кылуу  ага рахат алып келет

15.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.