Абдылдажан Акматалиев
Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми
«Ээй!» - деди. Арасынан күң катындан туулгандарды, арам сийдиктен тарагандарды, дагы-дагы өзүнөн өзү жүдөп-кемирейип, карага каны аралашып, жөнүн табалбай арамданып кеткендерди айра тааныды. Тааныды да армандады.
- Туулбаптыр! - деди каңырыгы түтөп”.
Ошентип, Чыңгызхандын арбагы Аблеуховго мейманканага барып жолугат да, анын ата-бабасынын баскан жолун эскертип, анын Абулай балдарынын ичинен христиан динин кабыл алган, ата жолунан адашкан урпактарынан экендигин, Москванын тең жарымы анын тукумунан экендигин айтат. Романдагы Аблеуховдун образы – Чыңгызхандын тукуму Чыгыштан Кытай, Корей, Вьетнам, Тибет, Батыштан Россия, Кавказ, Армения, Польша, Венгрия, Турцияга чейин тарап, жергиликтүү калктар менен ассимиляциялашып кеткендигин, алардын көбү өз тегин билбей, билсе да барк албай, танган урпактардын жалпыланган бир көрүнүшү экендигин тастыктоо максатында алынган образ.
Экинчи жагынан, Аблеуховдун образы – өзүн советтик идеологиянын берилген коргоочусу сыяктуу сезген кызматкерлердин образы, алар партиялык ишеними боюнча кандай гана кырдаал-шарт болбосун партиянын тапшырмаларын жүз пайызга так аткарган, маселени саясатка ылайыктап чечүүгө абдан маш болушкандыгын көрсөткөн образ
Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусу жөнүндө окуп жатканда А.Койчиев кол жазмаларга байланыштуу Совет мезгилиндеги атмосфераны өтө билгичтик менен сүрөттөгөнүнө таң бердим.
Директор Рахим Абдуллаев – улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктар (советтик, советтик эмес, ар кыл доорогу) илимге, өзгөчө гуманитардык илимдерге көп кийлигишип, илимдин принциптерине каршы жыйынтыктардын жаралып калышына себепкер экендигинин көрсөтмөлүү далили болгон образ. Саясатка ылайыкташкан “илимий” жыйынтыктар, “илимий” мамиле биздин кечээги советтик турмушубузда да көп болгондугуна улуттук адабияттаанубузда К.Тыныстанов, Молдо Кылыч, ж.б. чыгармачылыгы боюнча “илимий” эмгектердеги корутундулар күбө. Аларды жазган илим адамдары көпчүлүк учурда илимий жактан туура эмес, жыйынтык чыгарып, туура эмес пикир жаратып жаткандыгын эң сонун түшүнүп туруп эле, керт башынын кызыкчылыгы жана тынчтыгы үчүн саясат талап кылгандай жазып, саятталып калгандыгын айтууга аргасыз болушкан. Ошол сыяктуу Рахим Абдуллаев дагы кол жазма боюнча өзүнө, институтка, кол жазма көк дептерге тагылып жаткан дооматтар өтө туура эмес экендигин түшүнүп эле турат. Идеологиялык чалманын сыйыртмагы мойнуна илингендигин сезген Абдулаев өзүнөн бийликтин күткөн жыйынтыгын тезирээк аткарып, тезирээк актанып алууга далалаттанат. Партбюронун тыкыр тапшырмасынан кийин Академиянын кызматкерлерине төмөндөгүдөй милдеттерди коет.
“- Ачыгын айтсам, мунуңар түк жарабай калыптыр, жолдоштор!... Аны элестеткениңде тирүү адамды көрсө эле жырткычтай ыргыштап, кандын жытын күсөгөн маньяктын сүрөтү өзүнөн өзү тартылуусу керек, жолдоштор! Түшүнүп атасыңарбы ушуну!? Чанда бир жолукчу маньяктын сүрөтү тартылуу керек! Маньяктын гана! Партиянын тапшырмасы ушундай: мейли жумушчу табынын өкүлү болсун, мейли дыйкандар табынын өкүлү болсун, аны элестеткенинде, дүнүйөгө көзү тойбогон, дүнүйөгө ач жалаңкычтын, катын-кыздан башканы ойлобогон катынпоз маньяктын, ушундай түшүнүк бар адабиятта «садист» деген, ошол садисттин сүрөтү тартылуу керек!
Албетте, Абдуллаевдин образына сыпаттама берүүдө “илимий принциби жок”, “кошоматчы”, “эки жүздүү”, “коркок” деген эпитеттерди колдонсок болор эле, бирок илимий чындыгы суу кечпесин түшүнгөн анын айласыз абалынан улам, биздин ал “эпитеттерибиз” ашыкчылык кылат го дейбиз.
Ал эми Абдуллаевдин келбетине КГБнын кызматкери Хайруллаевдин көзү аркылуу берилген сыпаттамасынан (жымшайган көздөрү, жазы маңдайы, “казак башаралы” түспөлү) автор Абдуллаевдин өзү да Чыңгызхандын урпактарынан экендигине ишара кылып жаткандыгын түшүнсөк болот. Романда “Чыңгызхан айткандай, “Москванын тең жарымы менин тукумум” дегендей, ташкенттеги навайчылар, пахтачылар, коончулар ж.б. баары анын урпактары.