Абдылдажан Акматалиев
Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми
Тарыхый булактардан Тохтахандык бийлигинен кийин Өзбекхандын бийликке келиши, Алтын ордонун хандыгына негизги талапкерлерден болгон Элбасар менен Өзбектин ортосундагы кагылыш, Өзбекхан бийлигин бекемдеп алыш үчүн Элбасар менен кошо өзүнүн түбү бир кандаш Жоочу балдарынан 120 адамдын башын алдырганы тууралуу маалыматтарды анча-мынча айырмачылыктар менен кезиктирүүгө болот. Анткени ар кандай булактарда ар кандай айтылат.
Романда Элбасар ким?! Ал тарыхый адам Чыңгызхандын тукуму, Токтыхандын уулу. Чыңгызхандын урпактары так талашып, бири-бирин кырып жатканда дал ушул Элбасар Өзбекханга (ал да Чыңгызхандын тукуму) тике карап, каяша айтып, “Ушуну бил, аталардын керээзинен кечип, Йаса жолунан тайыдың! Бийик Йасаны тебелегениңди Көк Теңир кечирбейт. Теңирим куткарбайт! Эки дүйнөдө куткарбайт сени! Йасанын куту ураар сени, куту төбөңдөн урган күн да келээр, саткын Өзбек!” Бул каргыш жалпы Чыңгызхандын тукумунун атынан айтылган каргыш-наалат эле!
Өзбекхан Токтыхандын агасы Тогрулдан туулган энесинин аты Баялуун, ата-теги – Чыңгызхан – Жоочухан – Батухан – Токан – Мөңке-Темир – Тогрылчу – Өзбекхан. Токтыхан жанында алып жүргөн баласы жок болгондуктан, ал капыстан дүйнөдөн кайткандан кийин, аскер башчы Темир-Кутлуг аркылуу Өзбек хандык такка отурган. Ал айлакерлик менен хандын тактысына бекемдеш үчүн жергиликтүү элдин ниетин өзүнө бурган. Ал үчүн Өзбекхан Чыңгызхан жазып кеткен мыйзамдан четтеп, Теңирчиликтен баш тартып, мусулманчылыкка ооп кеткен. Анын үстүнө Йасанын жазуусундагы хандык атадан-балага өтөт дегенди, агадан-иниге өтөт деп өзгөртүп салышы, Чыңгызхан урпактарынан так талашуусуна, бытырап, майдаланып, жоюлуп, ыдырап башка калкка сиңип кетүүсүнө жол ачат.
Романдагы эң мыкты түзүлгөн образдардын бири – бул Сайчы уулдун образы. Ал Бактыгерей Избасаровдун беш дептерлик баянынын башкы каарманы. Сайчы уул өзүнүн атуулдук ар-намыстуулугу, эл камын ойлогон камкордугу, келечек муундун тагдырын алыстан ойлогон даанышмандыгы, кулчулукта басынган боордошторуна дем берген кайраттуулугу, руханий лидерлик сапаты менен окурмандын эсинде сакталып калат.
Сайчы уулга байланыштуу окуяны кыскача эске сала өтсөк, Өзбекхан кандаштарына кыргын салганда Сайчы уул тогуз жашта эле. Өзбекхан такты талашууга укуктуу Жоочунун урпактарынын ичинен Хан Жоочулар аталгандарынан 120 кишини бүтүндөй кырып, Каралар Жай Жоочуларды (алар да Чыңгыз тукумунан) нөкөрлөрүнө “марттык менен” кулчулукка берген (“ – Хан Жоочуга тийбегин да, Жай Жоочуну түгөл камчыга салып бөлүп алгыла. Олжо кулдукка ал! Дене кулдукка ал! – деди ызырынып”) окуяны өспүрүм Сайчы уул өз көзү менен көрөт. Улгайганча кырк жыл бою ал Жай Жоочулар менен бирге Теңиз-Буканын кол алдында көрбөгөн кордукту көрөт. Хан тукумунан кул күткөнүнө дөгүрсүгөн Теңиз-Бука Жай Жоочуларга улам бир кыйноо таап, ырахаттанат. Сайчы уул кордукта жүрсө да ата-бабанын керээзин эсине бекем түйүп, Йасанын мыйзамдарын журтташтарына айтып, эстерине салып турат. Кор болгон Жай Жоочу тукумунун кут-касиети кайтып колго тийип, кулчулуктан бошончу учурдун ыңгайын күтөт. “Алтынды чыккан жеринен каз, сууну сиңер жерге төк” деп айтылгандай, Чыңгызхандын арбагы да анын тапшырмасын өтөсүнө чыкчу адамга – Сайчы уулга өз убагында жолугат. Чынгызхандын арбагы ага кулчулуктан бошонор күн жакын калганын айтып, үмүттүн отун жандырат. Сайчы уулдун кыраакы жетекчилиги алдында Теңиз-Бука өлтүрүлүп, Чыңгызхандан жети ата өткөн урпагы Кара-Ногой такка отурат.
Окурмандын көңүл күүсүн ойготчу лиризм, курч драматизм, терең психологизм сыяктуу адабий-көркөм көрүнүштөр да дал ушул Сайчы уулунун образына байланыштуу окуялардан өзгөчө сезилет.
Ушундай учурлардын бир-экини мисалга тарта кетели.
Сайчы уул кичинесинде акыр заман тууралуу жомок угуп, акыр заман келгенде түнкүсүн жылдыздар кечигип чыгып, кулак-башты тундуруп, бири улуп, бири чыңырып чыгат: толгон жылдыздар ичинен Долоон Бурхандын жети жылдызы жети жерден улуп, Алтын Каас (Алтын казык) көк төбөдөн чыңырткы салат, ошондо жан-жаныбарлар безип кирерге жер таппай, куурулат имиш деп уккан. Кандуу-булоон түшкөн түнү, б.а. Өзбекхан 120 Хан Жоочуларды кырган түнү бала Сайчы асманды карап, жылдыздар кечикпесе деп коркот: “Ушинтип асман менен арбашкансып далайга турду. Жалбарып турду ичинен. Айланайын Алтын кадас, аман-эсен көрүнө көр! Айланайын Алтын кадас, ылайым эле түнкү асманды ээн таштабай, асман ээси боло көр! Турушунан жазбай, ушинтип жалбарды.